Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыкты
Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы адамдар бийликти өз максатына колдонууга аракет кылууда.
Текебаев Кыргызстан референдум өткөрүү менен 2010-жылга чейинки кырдаалга туш болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү” фракциялары Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоорун өз ара макулдашкан. Референдум өткөрүү күзгө мерчемделген. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууда. Ал аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтип, сот реформасын тездетүү үчүн жасалып жатканы айтылган.
Бирок бир катар оппозициячыл саясатчылар, жарандык активисттер жана депутаттар Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы экенин билдирүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53