KELECHEK
rek

Донбасстагы жикчилдердин туткунунда 107 киши бар

Донбасстагы жикчилдердин туткунунда 107 киши бар

Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин туткунунда 107 киши калууда, алардын 64ү — аскер кызматкерлери, калгандары — жай тургундар. Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына Жогорку Раданын төрагасынын орун басары Ирина Геращенко жазды.

Анын айтымында, Донбасстагы абалды жөнгө салуу боюнча Минскте өткөн акыркы жолугушууда башта жикчилдер билдиргендей, тизмедеги 20 кишинин эмес, 45инин кайсыл жерде экенин аныктоого мүмкүн болгон. Өткөн аптада эки жылдан бери биринчи жолу туткундагыларга БУУнун миссиясынын өкүлдөрү киргизилгенин жазды Геращенко.

Ал ошондой эле Орусиянын абактарында украиналык 10 саясий туткун калып жатканын белгиледи.

Күн мурун Украина президентинин администрация имаратынын алдында Орусия менен Донбасста кармалып турган украиналык туткундардын туугандарын колдогон «Өзүңдүкүлөрдү таштаба» аттуу акция өткөн. Ага Жогорку Раданын депутаты Надежда Савченко катышкан. Ондогон демонстранттар туткундагыларды бошотуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүү талабы менен өлкө башчысы Петр Порошенкого жолдонгон кайрылууга кол коюшкан.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52