KELECHEK
rek

Москвада кыргызстандыктарга кол салган кылмыштуу топ кармалды

Москвада кыргызстандыктарга кол салган кылмыштуу топ кармалды

Москвадагы метро вагондорунун биринде кыргызстандыктарга кол салган төрт орусиялык кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Москва метросундагы ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Алексей Мишляев билдирген. Анын айтуусунда, окуя 18-апрелде кечинде болгон.

Ур-токмокко алгандар 5-майда кармалып, жандарынан аңчылык бычагы, электрошокер табылган. Сурак учурунда алар кылмышын мойнуна алышкан.

-Жабыркагандардын экөө тең Кыргызстанда төрөлгөн. Кыргыз улутундагылар. Ыкчам иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери аларды ур-токмокко алган деген шек менен төрт кишини кармады. Алгач 213-берененин 2-бөлүгү менен “адамдар тобунун бейбаштыгы” деген негизде кылмыш иши козголгон. Алардын үчөө жашы жетелектер болгондуктан мындан аркы иш Тергөө комитетине өткөрүлүп берилди, – деди Мишляев.

Бир топ орусиялык маалымат каражаттары полициядагы булактарына таянып, такырбаштар мигранттарга улутчул негизде кол салганын, телефондорунан улутчулдук белгисинде колун көтөрүп түшкөн сүрөттөрү табылганын жазышкан. Бирок, Мишляев муну четке кагып, аларды футбол фанаттары гана деп атап, кылмышка түрткөн себептер тергөөдө аныкталарын кошумчалады.

Булак: "Азаттык".

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...