KELECHEK
rek

Президент мунапыс жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент мунапыс жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев эгемендиктин 25 жылдыгына жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата абактагыларга мунапыс берүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам 23-июнда Жогорку Кеңеште кабыл алынган.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, мунапыска төмөнкү жарандар илинет:

- бойго жете электер,

- алгач ирет беш жылга чейин камалгандар,

- 60 жаштан ашкан эркектер, 55 жаштан улуу аялдар,

- биринчи жана экинчи топтогу майыптар,

-экиден кем эмес балалуу болуп, үй-бүлөсүн жалгыз баккандар, майып баласы бар кишилер,

- бул мыйзам күчүнө кире электе жеңил кылмыштар менен камалгандар,

- жеңил кылмыш жасап алгач ирет соттолгондор.

Ошондой эле мыйзамга ылайык, айрым соттолгондордун жаза мөөнөтү да кыскартылат.

Жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирген мыйзам үч ай ичинде аткарылышы кажет.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы билдиргендей, учурда Кыргызстандагы жабык жайларда 10 миңден ашуун адам кармалууда. Айрым маалымат каражаттары 3 миңден көп киши мунапыс менен эркиндикке чыгарын жарыялаган. Бирок Жаза аткаруу кызматынын адистери азырынча канча адамдын мунапыска илинерин болжолдуу айтуу да кыйын экенин белгилешти.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53