KELECHEK
rek

Жалал-Абаддагы Шор-Булак эс алуучу жана акысыз дарылануучу комплекси

Жалал-Абаддагы Шор-Булак эс алуучу жана акысыз дарылануучу комплекси

Жалал-Абад облусунда жайгашкан касиеттүү ыйык жерлердин сырлары көптөгөн чет жерден келген туристтерди кызыктырып келет. Бул ыйык жерлерге жай мезгилинде облустун жашоочулары жана чет жактан келген туристтер көп келип, алардын саны үзүлбөйт. Андай ыйык жайларды атай турган болсок: Аксы районундагы Падыша Ата, Ала-Бука районундагы Сафид-Булан кыштагындагы Шах-Фазил тарыхий-маданий комплекси, Жалал-Абад шаарындагы Шор-Булак комплекси, Чаткал районундагы Ыдырыс-Пайгамбар, Базар-Коргон районундагы Арстанбап-Ата, Дөүт пайгамбарлардын күмбөздөрү.

Шор-Булак эс алуучу жана акысыз дарылануучу комплекси

Кыргызстандын түштүгүндө өзүнүн  дарылык суулары менен далайга дайын болгон  Жалал-Абад шаарынын чыга беришинде, “Жалал-Абад курортунун” жолунда Мухтар Исакулов атындагы Шор-Булак эс алуучу жана акысыз дарылануучу комплекси жайгашкан. Бул жайды калыбына келтирүүдө, аны эс алуучу жана акысыз дарылануучу жайга айландырууга көп эмгек кылган Эркин ажы Бегимкулов менен раматылык Мухтар Исакулов жетекетеген "Арстанбап" жоопкерчилиги   чектелген  коомунун жамаатынын эмгектери чоң.
 
Уламыштарда Аюб пайгамбарыбыз алты миң жуп курт балээсине кириптер болуп, кудайдын кудурети менен Шор-Булактын суусуна жуунуп, тери оорусунан айыккан деп айтылат.

“Шор-Булак Аюп пайгамбардын денесинин жара болгон жерин айыктырып, шыпаа берген жер деп айтылып келет. Бул жерден жаз айларынан күз мезгилине чейин тери оорулар менен оругандар дарыланып келишет. Кеч күз, кыш мезгилинде бирин-серин келишет. Май, июнь, июль, август, сентябрь айларында сезон болуп, күнүнө 200-500 адам келип турат. Бул жерге келгендер бекер дарыланышат. Биз бул жерди колго алганга чейин каралбай жаткан, жапайы жер болчу. Биз 1990-жылы колго алып, элге ыңгайлуу шарт түзүп койдук. Илгери партиялык жетекчилер тарабынан куугунтуктар болгондуктан улам, коркуп көпчүлүк эл Шор-Булакка келишчү эмес”, - дейт "Арстанбап" жоопкерчилиги   чектелген   коомунун   Президенти Эркин ажы Бегимкулов.

Шор булак 

Олуя, азиздер киринген                                                           
Ооруга шыпаасы билинген, 
Он эмес ондогон булактан,                                                   
Он түрлуү тамчылар тизилген                                           
Шор- булак, Шор-Булак,
Касиет даарыган зор булак.

Кылымды карыткан миңдеген, 
Сыйкырдуу сырыңды билбеген.
Сыйынып кудайга канчалар, 
Сыркоолор өзүндөн эмделген.
Шор- булак, Шор-Булак,
Кызырлар даарыган зор булак


Азирети   Аюптун Булагы, 
Аздектеп айтылган бул дагы.
Адамзат колунан кулпуруп,
Ажары ачылган убагы, 

Шор- Булак, Шор-Булак,

Уламыш камтыган зор булак.
Бул ыр саптарын кыргыз журтчулугуна белгилүү ыраматылык акын жана жазуучу Азада Бегимкулова эжекебиз жазып кеткен экен. Ыр саптарында айтылып тургандай, Шор-Булакка көптөгөн оорулуу адамдар шыпаа издеп, анын суусу менен ылайына жуунуп кетүү үчүн келишет.

КР Курортология жана калыбына келтирүү институтунун директору Д.Алымкуловдун аныктмасына караганда, Шор-Булактын минералдык суусунун газдык курамы, физикалык, химиялык жана санитардык - бактериологиялык касиети аталган институттун гидроминералдык ресурстар бөлүмү тарабынан изилденген. Ал жердеги изилденген суунун курамы биологиялык активдүү компоненттерге өтө бай экендиги аныкталган.

Курамындагы йод, бром, күкүрт кычкылынын бальнеологиялык (шыбануу, жуунуу) касиети да баалуу. Бул булактын суусун кабыл алганда биологиялык активдүү заттарды дене өзүнө сиңирип, йод менен бром нерв жана эндокриндик системаларга, күкүрттүү суутек териге жакшы натыйжасын берет.
 
Бул булактьн суусун ичүү менен ашказан, ичеге-карын, боор, өт, бөйрөк, жүрөк кан-тамырлары, нерв системалары ооруларына шыпаа табууга болот.Шор-Булактын суусу дээрлик бардык тери оорулары үчүн негизинен жуунуу, чайкануу жолу менен (экзема, аллергия, чесотка, темиретки, ар түрдүү жаралар, бел, бут оорулары, бут тердөө) дарылыгы жагынан өтө жогорку натыйжага ээ болгон касиети бар. Мьшдан сырткары тери оорусуна шыпаа болуучу табигый дарылык касиетке ээ ылайы да дабалануучулар үчүн жакшы натыйжасын берүүдө.

Шор-Булактын суусу Бүткүл дүйнөгө белгилүү Мацест, Толга жана Сергиевский суулары менен тең тайлаша алат. Дарылык касиети кеңири бул жерден жыл сайын, айрыкча КМШ өлкөлөрүнөн келген миңдеген адамдар дарыланып кетишет. Жылдьн терт мезгилинде тең зыяратчылардын жана дабалануучулардын аягы үзүлбөйт. Негизги сезон мезгили апрелден сентябрь айларына чейинки аралыкка туура келет.

“Азыркы учурда Шор-Булак дарылануучу комплексине келген зыяратчылар үчүн ашкана, чайкана, жатакана, сөөрүлөр жана аялдар, эркектер үчүн өз-өзүнчө бөлмөлөр курулуп, ванналар коюлуп, дарылануучуларга атайьн шарттар түзүлгөн. Бирок, көпчүлүгү жапайы пляждан дарыланышат”, - дейт Эркин ажы Бегимкулов.

Анархан Жаңыбаева, "kogart.kg"

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Өткөн кылымдын эң оорчундуу окуясы болгон 1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата мекендик согушка Кыргызстандан 363 миң...

ТАРЫХ 2016-05-09  00:45

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Тойгонбай Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жана...

ТАРЫХ 2016-05-13  11:43

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы ­Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде «2016-ж­ыл – Тарых жана...

ТАРЫХ 2016-06-23  17:49

Индияда Манастын айкели орнотулат

Индияда Манастын айкели орнотулат

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен...

ТАРЫХ 2016-06-30  10:55

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия лаваш ЮНЕСКОнун...

ТАРЫХ 2016-07-11  18:07

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча...

ТАРЫХ 2016-07-15  13:50

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад Курорту - бальнеологиялык дары баткактуу жана климаттык курорт. Жалал-Абад...

ТАРЫХ 2016-08-06  00:13