KELECHEK
rek

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад Курорту - бальнеологиялык дары баткактуу жана климаттык курорт. Жалал-Абад шаарынан 5 км. Чыгыш тарапта Көк-Арт өрөөнүндөгү Айып тоонун батыш капталындагы деңиз деңгээлинен 975 м. бийиктикте жайгашкан. Бишкек шаарынан 565 км. аралыкта (аба, темир жол жана автомобиль жолдору аркылуу катташат). Курорт аймагына арча, мисте, кара жыгач, туя, ак акация жана башка дарактар отургузулган. Климаты континенттик. Кышы жумшак, кар жылына 80 күндөн ашык жатат; январдын орточо температурасы – 20 Cге жакын. Жаз эрте келет; жылуу, кар марттын 2 – жарымында кетет.

Жайы ысык, кургакчыл, июлдун орточо температурасы – 27 градус С. Жылдык жаан – чачыны 500 ммдей; негизинен күз-кыш мезгилдеринде жаайт. Жылдык орточо салыштырмалуу нымдуулугу 52%тей. Күн тийүү узактыгы жылына 2787 саат. Гелиотерапия үчүн метеорологиялык шарттар ыңгайлуу. Дарылоодо негизинен минералдуу суулар жана баткак пайдаланылат. Жалал-Абадтын дарылык касиети бир минералдык булактары жергиликтүү элге 10-кылымдан бери эле белгилүү. Суунун химиялык анализи алгачкы жолу 1877-жылы алынган. Ошол эле мезгилде округдун аскердик медицина инспекторунун талабы менен ванна жана лазарет салынган.

Курорт 1900-жылы курула баштаган. 1912-жылы жергиликтүү бай Мурзакул тарабынан Айып булакка имарат салынган. 1918-жылы Советтик эл комиссариатынын курамына өтүп, элдик курорт статусу берилген. 1926 – 35-жылыдары 150 орундуу чакан үйлөр, курорттун №1 корпусу курулган. Согуш мезгилинде курорттун корпустары аскердик госпиталь катары пайдаланылган. Курорттун дарылоочу негизги жайлары 1954-68-жылдары курулган. 1972 – жылы  Жалал-Абад курорту - Бүткүл союздук курорт деген статуска ээ болот. 1984 – жылы дарылоо корпусунун жаңы имараты, ири мейманкана комплекси курулган. Курорт аймагында 75-130 метр тереңдиктен бургуланып чыгарылган минералдуу суулары жана дары баткагы пайдаланылат.

Курорттун минералдык дары суусу

Курортту курчаган 7 булак бар. №1 булак “Кыз булак” деп аталып, суусунун темпуратурасы 440 Сге жетет; минералдык составы туздуу, 1литр сууда 3 грамм туз болот. №5 булак “Айып булак” деп аталып газдуу, суусунун температурасы 410. №4 булак – “Ак булак” суусунун температурасы 210 гана болгондуктан муну көбүнчө жайкысын ванналарга сууну муздатуу үчүн бир аз кошуп пайдаланат. №27 булак ичүү үчүн пайдаланылат, бөтөлкөгө куюп сатылат. Жылуу суусу аз минералдашкан, азоттуу хлорид-гидрокарбонат-сульфаттуу, магний-кальций-натрийлүү. Жегичи аз, составында кремний кислотасы көбүрөөк (30-35 мг/л). Минералдуу суусу составында микроэлементтердин көптүгү менен айырмаланат.

Курорттун 2-дарылоо фактору – баткак. Бул жердин ылайлуу талаасы 2 га аянтты ээлейт, тереңдиги 12 метрге жетет. Составы боюнча дүйнөдө сейрек кездешүүчү баткак болуп саналат. Ооруларды дарылоодо климаттын да мааниси зор, мында аэросолярий жана климаттык сере бар. Курортто суу жана баткак менен дарылоочу 20 ванна жана 24 кушетка бар. Оорулар ванна, душ, баткак алып дарыланышат. Жыл бою дарылоо бассейни иштейт, дарылоо-диагностика кабинеттери, лабораториялары бар.

Суу жана баткак менен дарылоо, дарылоо физкультурасы, укалоо, климат менен дарылоо тамакты мүнөздөп ичүү менен коштолот. Курортто муун, нерв системасынын дарттарынан, карын, боор, өт баштыкчасынын сезгенүүсүнүн, тери, бөйрөк, гинекологиялык оорулардан жапа чеккендер дарыланат.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Өткөн кылымдын эң оорчундуу окуясы болгон 1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата мекендик согушка Кыргызстандан 363 миң...

ТАРЫХ 2016-05-09  00:45

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Тойгонбай Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жана...

ТАРЫХ 2016-05-13  11:43

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы ­Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде «2016-ж­ыл – Тарых жана...

ТАРЫХ 2016-06-23  17:49

Индияда Манастын айкели орнотулат

Индияда Манастын айкели орнотулат

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен...

ТАРЫХ 2016-06-30  10:55

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия лаваш ЮНЕСКОнун...

ТАРЫХ 2016-07-11  18:07

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча...

ТАРЫХ 2016-07-15  13:50

Жалал-Абаддагы Шор-Булак эс алуучу жана акысыз дарылануучу комплекси

Жалал-Абаддагы Шор-Булак эс алуучу жана акысыз дарылануучу комплекси

Жалал-Абад облусунда жайгашкан касиеттүү ыйык жерлердин сырлары көптөгөн чет жерден келген туристтерди...

ТАРЫХ 2016-08-06  00:28