KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кызматкерлери кан тапшырышты

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кызматкерлери кан тапшырышты

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кызматкерлери бүгүн жалпы жамааты менен донордук кандын камтыгын түзүү максатында кан тапшырышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин ыктыярдуу донордук кан тапшыруу боюнча шаар бийлигинин атайын буйругу чыгып, мекеме-ишканалар боюнча кан тапшыруу графиги түзүлгөн. Бардык мекеме-ишканаларда атайын түшүндүрүү иштери жүрүп, ошол түзүлгөн график боюнча кызматкерлер өз ыктыяры менен кан тапшыруу башталды.

- Биз да өз кезегинде башкаларга үлгү бололу деп, жамаатыбыз менен областтык кан бооруна барып, кан тапшырдык. Ал жерде кызматкерлердин канын текшерүүдөн өткөрүшкөн соң, көпчүлүк кызматкерлер кан тапшырууга мүмкүндүк алышты. Эми бизден башка да шаардык мекеме-ишканалар биздин демилген улап, кан тапшырууга активдүү катышат деп ойлойбуз. Анткени, бул нерсе көптөгөн энелер, балдарды өлүмдөн сактап калууга, саламаттыктарын чыңдоого реалдуу шарт түзөт, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында жыл сайын мекеме-ишканалар арасында жамааттык ыктярдуу кан тапшыруу демилгеси уланып келет.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38