KELECHEK

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар жок эмес”

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар жок эмес”

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу жайларды, Жалал-Абад шаарындагы жана Кызыл-Жардагы психикалык оорукананын абалы менен  таанышып чыкты.

Акыйкатчынын айтымына караганда, Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайында – 40тан ашык, Сузак районунда 20 адам ашыкча кармалып турат. Кубат Оторбаев өзүнүн Жалал-Абад облусуна болгон эки күндүк иш сапары тууралуу кыскача төмөндөгүлөрдү айтып берди.

- Жалал-Абад облусуна келген иш сапарымдын негизги максаты – балдар үйүн жана Таш-Көмүр шаарынын жанындагы Кызыл-Жардагы психатриялык оорукананын абалы менен таанышуу үчүн келдим. Негизи 320 бейтапка эсептелген оорукана экен. Бүгүнкү күндө 297 бейтап дарыланып жатыптыр. Негизги маселе ал жерде өтө катуу шартта кармай тургандар менен психикалык жактан мандеми бар деп текшерүүгө келегендер чогуу карамлып жатыптыр. Бул өтө мыйзамга туура келбеген маселе, ошону бөлүш керек. Экинчиден, аялдар да ошол жерге психикалык жактан мандеми барбы, же жокпу деп текшерилүү үчүн келет. Ошолорду эркектер жаткан бөлмөлөргө жакын жайгаштырып жатат. Ошонун айынан эркектер ортосунда мушташ-уруш чыгып жаткан учурлар бар дешти. Ошол себептен, аялдар үчүн өзүнчө бөлүм ачыш керек. Эң негизги маселелердин бири – бул оорукананын материалдык-техникалык абалын жакшыртуу керек. Себеби, ишке берилген 1962-жылдан бери бир да жолу имараты капиталдык ремонттон өткөн эмес. Дагы бир нерсе, айлык акыларынын төмөндүгү. Орточо эмгек акы 12 миң сом, бул төмөн деп эсептейм. Анткени алардын иштөө шарты өтө оор, алар оор жумушту аткарып жатышат. Андан сырткары, келе жатып Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн акыбалы менен тааныштык. Ал жерде ЕККУнун жардамы менен ремонт иштери жүрүп жатыптыр. Он миң долларлык жаңы медициналык борбор, душ, ажааткана жаңыртылып, видео камера орнотулуптур.

Анан эми өзүнүздөр күбө болуп жатасыздар, Арстанбаптагы "Келечек" балдар эс алуу лагеринде турабыз. Бул жерде балдар эс алып жатышыптыр. Анын ичинде Жалал-Абаддагы “Ак-Жол” балдардын реаблитацииялык борборунун табиялануучулары да келиптир. Өткөн жылы мугалимдердин август кеңешмесинде семинарда айтылды, Кыргызстан боюнча 120 миң бала мектепке барбайт деп. Мына бүгүнкү күндө  ошол балдарды тактоо маселеси турат. Ар бир участокту бөлүп алып, ар бир айылда Билим берүү министрлиги менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, социалдык өнүгүү министрлиги биргеликте канча бала мектепке барбайт, канча бала кимдердин колунда тарбияланып жатат, канча бала мектепке барып жатат деген маселени, ар бир баланы тактап чыгуу керек. Антпесе, мына өзүңүздөр билесиздер өзгөндүк Айганыш  деген кыздын тарыхын. Ал Россияга бала багуу үчүн барып, бирөөлөрдүн колуна өтүп жүрүп, анан аягында каза болуп калды. Өзү болгону 12-13 жаштагы кыз болчу. Бул өтө кейиштүү нерсе. Адам сатууга дуушар болуп калышууда. Багар көрөрү жок, көчөдө калган балдар кайсы бир кишилердин колуна  өтүп, андан ары сыртка кул катары кетип жаткан учурлар жок эмес. Ошондуктан, ушуну да биз катуу карашыбыз керек.

Акыйкатчы институту өзүбүздүн өнүгүү стратегиябызды жазып, ошону ишке ашыруу боюнча пландарын иштеп чыктык. Ошонун алкагында, балдардын укугун коргоо маселесине өтө катуу көңүл буруп жатабыз. Мына бул жерде айтып коюш керек, жергилктүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында атайын балдардын масеелсин карай турган атайын комиссиялар бар. Ошол комиссиялар өтө мыкты иштеш керек. Тилекке каршы, ошол комиссиялардын иши формалдуу болуп жатат. Мына аны биздин Баткен, Ош, Жалал-Абад облусутарына жүргүзгөн мониторингибиз көрсөттү. Өзгөчө Сүлүктү шаарында, Лейлек районунда проблемалар өтө көп экенин аныктадык. Ошондуктан, биз ушуга окшогон иш-чараларды колдошубуз керек.

Мен өзгөчө ыраазычылык айтып кетким келет, мына Жалал-Абад ОИИБнын жетекчиси Жеңиш Жоробековго чоң ыраазчылык билдиришибиз керек. Анткени, ал киши өзүнүн ишинен тышкары, “Ак-Жол” балдардын реаблитациялык борборун шефтикке, камкордукка алып, ошол балдарга жардам берип келе жатыптыр. Бүгүнкү иш-чарага да өзү катышып жатат. УКМКнын облустук башкармалыгынын жетекчиси да кайдыгер карабай, жардам берип жатыптыр. Анткени, көчөдө калган ар бир бала бул эртең кылмыштуу топтордун мүчөсү болуп калышы мүмкүн. Көчөдө калган ар бир секелек кыз, эртең туура эмес иштерге барып жаткан кыздардын жолун жолдоп калышы ыктымал. Ошондуктан биз, мамлекет ар бир баланын келечегине кам көрүшүбүз керек.

Анан албетте, үй-бүлөнү пландоого көнүл бөлүш керек. Мектеп программасына да балдарга турмуш куруу маселелери боюнча бир предмет киргизүү керек деген ойдомун. Эң негизгиси Кыргызстанда үй-бүлө кургандардын саны арбын, ошол эле убакта ажырышкандардын саны да көп болуп, жыл сайын 10 миңге жакын үй-бүлө ажырашып жатат. Ошолордун арасында өз укуктарын билбей, 14-15 жашында турмушка чыккан кыздар арбын болууда. Молдолордун нике кыюу салты менен гана үйлөнүшүп, мамлекеттик каттоодон өтпөй, анан алар ажырышканда кыздарыбыз ара жолдо калып, укуктары корголбой калууда. Демек, алардын балдарына алимент төлөнбөйт, мүлккө ээ болуу укугунан айрылышат. Мына ушундай маселелерге көңүл буруп, иштеп жатабыз.

-Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдар Акыйкатчыга кайрылабы?

- Андай маселелер менен бизге көп кайрылышат. Бизде гендердик саясат  боюнча бөлүм бар. Алар үй-бүлөдөн жабыр тарткандардын арыздарын карашат. Кайрылган учурлар көп, анан алимент маселеси боюнча да кайрылышат.

- Түрмөдө жаткан аялдардын 60 пайызы үй-бүлөлүк зомбулукка чыдабай, кылмышка баргандар деп жатышат? Ушул фактыга токтолуп кетсеңиз?

- Туура айтасыз, жакында анализ жүргүзөлү деп жатабыз  Буга чейин да бир топ анализдер жүргүзүлгөн, жылдык докладыбызда да көрсөттүк. Мунун баары үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам болуп жатат. Кечээ эле бир интернет сайтка баткендик келиндин интервьюсу чыкты. Күйөөм урчу эле, кордочу деп айтып жатат. Анан ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн жеке жашоосу, турмушу бар деп коёбуз. Бирок, ошол эле убакта жанагы ичип алып, жиндилик кылып, аялдарды кордогон учурлар көп. Менимче, ички иштер органдары, жергиликтүү бийлик, айыл аксакалдары иштеш керек. Кайсы үйдө кандай проблема болуп жатса, ага кайдыгер карабашы зарыл. Биз эми жакшылап мамлекеттик бир программа иштеп чыгып, мен айткан бийлик бутактарынын күчүн мобилизациялап, маселени чечиш керек. Анан аялдардын укуктуктарын түшүндүрүү иштерин жасаш керек деп эсептейм.

Суроо салган Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Уран калдыктары көмүлгөн жерлердин учурдагы абалы кандай? (ФОТО)

Уран калдыктары көмүлгөн жерлердин учурдагы абалы кандай? (ФОТО)

Жалал-Абад облусунун аймагындагы Майлуу-Суу шаарында, Чаткал районунун Шекафтар жана Сумсар...

ИНТЕРВЬЮ 2018-07-06  16:21

Кыргызстанда кичи ГЭСтерди өнүктүрүү керек (ФОТО)

Кыргызстанда кичи ГЭСтерди өнүктүрүү керек (ФОТО)

Дүйнө жүзүндө элдин санынын өскөндүгү, өндүрүштүн көбөйгөндүгү, аба-ырайынын кескин түрдө...

ИНТЕРВЬЮ 2018-06-18  01:16

Закиров Абдулазиз кары: “Орозо бизди сабырдуулукка үйрөтөт”

Закиров Абдулазиз кары: “Орозо бизди сабырдуулукка үйрөтөт”

Кыргызстандын калкынын 90 пайызы Ислам динин карманышат. Мына ушул Ислам динин карманган мусулмандар...

ИНТЕРВЬЮ 2018-05-11  14:00

САПАР ИСАКОВДУН АЯШ АТАСЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?

САПАР ИСАКОВДУН АЯШ АТАСЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?

Айтылуу “Тапанча балбан” каймана аты бар кыргыздын белгилүү балбаны, улуттук күрөш боюнча...

ИНТЕРВЬЮ 2018-01-08  14:55

Өкүл Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ: Жалал-Абадда быйылкы жылдын алты айында 34...

Өкүл Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ: Жалал-Абадда быйылкы жылдын алты айында 34...

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыбалдиев Кыянбек...

ИНТЕРВЬЮ 2017-07-29  02:13

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01