KELECHEK

Арстанбапта жайгашкан “Келечек” балдар лагеринде 400 бала эс алышты (ФОТО)

Арстанбапта жайгашкан “Келечек” балдар лагеринде 400 бала эс алышты (ФОТО)

Базар-Коргон районуна караштуу жаңгак токойлуу Арстанбап айылында жайгашкан «Келечек» балдардын эс алуу лагеринде 3 агым менен 400 бала эс алып, кечээ күнү үчүнчү агымдын жабылуу аземи болуп өттү.

“Келечек” эс алуу борборунун жетекчиси Ырыскан Калыгулованын айтымына караганда, бул эс алуу лагери Жалал-Абад ОИИБнын балансында турат. Балдардан сырткары лагерде 25 ардагер да эс алып, алар өздөрүнүн бай тажрыйбасы менен бөлүшүп, балдардын мекенчил болуп өсүүсү үчүн өздөрүнүн насааттарын беришти. Эс алуу борбору 120 балага ылайыкташкан. Анда милиция кызматкерлеринин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана «Ак-Жол» реабилитациялык борборунун да тарбиялануучулары эс алышты.

Үчүнчү агымдын жабылуу аземине КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев, Жалал-Абад ОИИБнын жетекчиси Жеңиш Жоробеков, УКМКнын облустагы башкармалыгынын башчысы Канжарбек Бокаев жана облустун казысы Абдулазиз Закиров катышты. Келген коноктор балдарды бош убактысын туура пайдаланууга, ар кандай жаман иштерден алыс болууга, спорт менен машыгууга чакырып кетишти.

Ал эми лагерде эс алып жаткан балдар анда келген конокторго арнап концерттик программаларын тартуулашты. Акырында КР Акыйкатчысы К.Оторбаев балдарга балмуздактарды таркатып, алар менен тамак үстүндө баарлашты.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүрдө жугуштуу илдетке байланыштуу түшүндүрүү иштери...

Таш-Көмүрдө жугуштуу илдетке байланыштуу түшүндүрүү иштери...

Таш-Көмүр шаарынын мэри Рахман Асаналиев, ШИИБдин начальниги, милициянын подполковниги Азенбек...

Аймак 2020-05-21  17:25

Ноокен базарында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суу бойлоруна...

Ноокен базарында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суу бойлоруна...

Ноокен РИИБдин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирус илдетинин...

Аймак 2020-05-21  17:36

Чек арада өрттөлгөн үй үчүн Кыргызстан төлөйт

Чек арада өрттөлгөн үй үчүн Кыргызстан төлөйт

8-май күнү кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда өрттөлгөн үйдүн чыгымы эсептелип бүтө элек. Эки...

Аймак 2020-05-12  14:02

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасындагы бир постту жабууну пландап...

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасындагы бир постту жабууну пландап...

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасындагы бир өткөрмө бекетин жабуу маселесин караштырып жатат. Бул...

Аймак 2020-05-12  14:08

Ала-Букада эки согуш ардагерине автоунаа белекке берилди

Ала-Букада эки согуш ардагерине автоунаа белекке берилди

Ала-Бука району. 9-май 2020-жыл.

Район борборундагы жеңиш монументинде өткөн чакан салтанатта...

Аймак 2020-05-09  17:15

Милиция: Чаткалда медкызматкерди муунтуп, баш ийбегендердин окуясы...

Милиция: Чаткалда медкызматкерди муунтуп, баш ийбегендердин окуясы...

Чаткал району.

Райондук ички иштер бөлүмү дарыгерлердин талабына баш ийбей, кол көтөргөндөрдүн...

Аймак 2020-05-07  13:05

Баткен жана Жалал-Абад облустарында селдин кесепетин жоюу иши...

Баткен жана Жалал-Абад облустарында селдин кесепетин жоюу иши...

Аксы району. 3-апрель, 2020-жыл.

Баткен жана Жалал-Абад облустарында 2-3-майдагы селдин кесепеттерин...

Аймак 2020-05-04  12:28