KELECHEK
rek

Ошто мекендештердин үчүнчү форуму өтүп жатат(ФОТО)

Ошто мекендештердин үчүнчү форуму өтүп жатат(ФОТО)

Бүгүн, 1-августта Ош шаарында үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан «Мекендештер-2016» форуму башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, аталган форумга экс-президент Роза Отунбаева, вице-премьер министр Гулмира Кудайбердиева, Жогорку Кеңештин депуттаттары, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын вице-мэри Шухрат Сабиров, акимдер, айыл өкмөттүн башчылары, чет өлкөдө иштеп жүргөн ишкерлер, кыргызстандык өндүрүшчүлөр,  көл өнөрчүлөр, дыйкандар, шаар тургундары катышууда.

«Мекендештер – 2016» III форумунун максаты   -  Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭске, ШККУга  мүчө экендигин,  Кыргызстандын аймактарынын  географиялык жайгашуусунун уникалдуулугун, тарыхый жана табыгий байлыктарын   эске алуу менен ишкерлик демилгелерди активдештирүү менен чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын ичинен кубаттуу инвесторлордун көңүлүн буруу болуп саналат.

Ош шаарынын вице-мэри Шухрат Сабиров форумдун катышуучуларына ийгилик каалап, бул иш чара инвестор тартуу жаатына чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат деп белгиледи.

- Мекендештер форуму ишкерлер үчүн инвестор тартуу, өндүрүштү көбөйтүү, бизнести өнүктүрүү багытына жардам берет. Андыктан эки күндүк форум жыйынтыктуу кадамдар менен аяктайт деп ишенем. Ош шаарында чет жактагы жарандарга жардам берүү, ишкерлерди колдоо багытында да иштер жүрүп жатат,- деди Ш.Сабиров.

Форумдун жүрүшүндө экономикалык өнүгүүдөгү жаңы чакырыктар, күчтүү аймактар – күчтүү өлкө, өлкөдөгү чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары, бизнес жана инвестициялар, Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн күч-кубаты жана мүмкүнчүлүктөрү, мамлекет жана  диаспора – өз ара аракеттешүүнүн натыйжалуу механизмдери тууралуу докладдар окулду. Ошондой эле “Түштүктүн берекеси” аттуу көргөзмө уюштурулду.

Белгилей кетсек, «Мекендештер Форуму» 2012-жылы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан негизделген жана бул долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Миграция боюнча эл аралык уюму, Швейцариянын Өкмөтү, БУУнун Өнүгүү программасынын колдоосу менен жүргүзүлөт.

Форум эртең, 2-августта да уланат.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18