KELECHEK
rek

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп жатышат (ФОТО)

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп жатышат (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн өстүрүүнүн технологиясы боюнча облустун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун фермерлеринин катышуусунда “Агро Горизонт – Жүгөрүнүн кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү долбоорунун” алкагында талаа күнү өткөрүлдү.

Жалал-Абад Айылдык Консультациялык Кызматынын директору Сыргабек Жойболотовдун берген маалыматына караганда, талаа күнүн өткөрүүнүн негизги максаты – катышуучулар жүгөрүдөн жогорку түшүм алуунун жаңы технологияларын үйрөнүшөт, аны практика жүзүндө көрүшөт.

“Быйыл Агро Горизонт долбоору аркылуу 3 райондо 600 гектар жерге 1200 фермер жүгөрү эгишти. Бул биринчиден сапаттуу үрөн, экинчиден жогорку түшүм алышат. Техника жагынан жардам бердик. Кантип отоо чөптөргө каршы күрөшүү боюнча дары-дармектер берилди. Кыскасы, азыркы күндөгү жүгөрүдөн түшүм алуунун акыркы технологиясын дыйкандарга сунуш кылып жатабыз. Уюштуруу өтө кыйын болду. Себеби, биздин жерлер өтө эле майдаланып кеткен. Бир техника келсе, ал талаага кире албай кыйналат. Ошол себептен, ар бир айылда кеминде 10 гектардан кем эмес жер, 20дан дыйкан болсун деп тандаганбыз. Тандоо да өтө кыйын болду. Ошого карабастан, аракет кылып 1200 фермердин жүгөрүсү жакшы өсүп жатат. Фермерлерге үрөн, дары-дармектен 75 пайыздык жеңилдик берилген. Жүгөрүнүн түшүмүн сатып берүү жагы да каралууда. Кийинки жылы да долбоорду алып кетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө”, - дейт С.Жойболотов.

Жогоруда аталган долбоордун менеджери Каныкей Турсунбаеванын айтымында, “Жалал-Абад облусунда жүгөрүнүн кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү долбоорунун” алкагында 600 гектарга жүгөрү эгилди. Ноокен районунда 400 дыйкан 200 гектарга, Базар-Коргондо 340 дыйкан 170 гектарга, Сузак районунда 460 фермер 230 гектар жерге гибрид жүгөрүсүн долбоордун алкагында эгишкен.

- Бул жерде 1200 фермер камтылган. Ар бир фермер 50 сотых жерге жүгөрү эккен. Бул долбоордун негизги эле максаты – сыртка экспортко чыгуу болуп саналат. Экспортко чыгуу үчүн тонна болуш керек. Сырттан сураганда тонналап сурайт. Ошого фермерлерге бир сорттогу урук менен бирдей технологияда эгилди. Талаадан баштап, айдоо, уругу, жер семирткич баары бир чынжырчага байланып, баары жакшы иштесе, натыйжасы жакшы болот. Ошолордун баарын бир жипке байлоо болгон. Анализдеп көрсөк, бир гектардан 13-15 тоннадан түшүм алууну көздөп жатабыз. Мурун дыйкандар 3-5 тоннадан түшүм алып келишкен. Кол күчүн азайтууну да максат кылганбыз. Быйыл биринчи жолу жүгөрүдөн баштадык, кийинки жылы башка культурага өтөбүз деген максатыбыз бар, - дейт К.Турсунбаева.

Ноокен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Алимбек Эгембердиевдин  талаа күнүндө сүйлөгөн сөзүнө караганда, семинар бекер жеринен болгон жок. Агро Горизонттун долбоору менен районго 200 гектар жерге жүгөрү эгилген.

“Заман күндөн-күнгө өзгөрүп жаткандыктан, мурдагы эгүү ыкмасы азыр өзүн актабай калды. Барган сайын эски ыкма менен иштөөгө болбойт. Мурда 10 сотых жерге жүгөрү эгип, анын уругунан үч, беш, он жылдап үрөнүн алмаштырбай эгет элек. Бир гектардан 2-3 тоннадан түшүм алып келишкен. Ал өзүн актабай калды. Азыр 10 тоннадан жогору түшүм ала турган болуп жатышат. Ошондо дыйкандардын чөнтөгүнө акча түшөт, автоунаа сатып алабыз. Быйылкы эгилген Турциянын жүгөрүсүнүн уругу бир килограммы 500 сомдон жогору экен. Дыйкандарга жардам болсун деп, ошол үрөндү эгишти. Агро Горизонт өзү жерди айдады, тегиздеп, үрөндү эгип, отоо чөпкө каршы гербицитти чачты, керектүү жер семирткич (удобрениени) берди. Жүгөрүнүн түшүмүн да комбайн менен жыйнап алабыз”, - деди А.Эгембердиев.

Ал эми ЮСАИДтин Агро Горизонт долбоорунун координатору Алинур Ниязовдун маалыматына караганда, бул ишке ашырылган 4 жылдык долбоор. Долбоор Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Нарын облустарына басым жасоо менен чакан жана орто дыйкандарга багытталган.

- Максатыбыз – Кыргыз Респубикасындагы көп тармактуу агрардык секторду өнүктүрүү, дыйкандардын кирешесин жогорулатуу, өндүрүүчүлөрдү рыноктор менен байланышын жөнгө салууда көмөк көрсөтүү, ошондой эле үй-бүлөлөрдүн толук кандуу тамактанууга жетүүсүн кеңейтүү болуп саналат. Быйыл долбоор 5 кошумча нарк чынжырларына багыттады. Ага: малина, жүгөрү, картошка, питомник чынжырчалары кирет. Дыйкандардын кирешелерин көбөйтүү үчүн жемиштер жана жашылчалар, канаттууларды өстүрүү (жумуртка өндүрүү) сүт жана эт азыктары үчүн Американын элинен жардам катары 22 миллион АКШ доллары бөлүнгөн. Биздин күтүлгөн жыйынтыктарыбыз ички рыноктогу жана экспорттук рыноктордогу айыл-чарба ишканалардын үлүшүн жогорулатуу. Эл аралык рыннокторго чыгууга байланышкан тоскоолдуктарды азайтуу, агробизнесте жумуштуулукту өзгөчө аялдар менен жаштарды ишке орношуусун жогорулатуу. Бүгүнкү чогулганыбыздын максаты – жаңы дыйкандарга гибрид жүгөрүнү эгүү, өстүрүү жана кароо жолдорун үйрөтүү. Гибрид жүгөрүсүн өстүрүү технологиясы боюнча бүгүнкү талаа күнүндөгү семинардан толук маалымат алсаңыздар болот, - деди А.Ниязов.

Ошондой эле, Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Маматаевдин айтымында, ЮСАИДдин каржылоосу менен жаз башында ушундай жакшы иштерди баштап, айыл аймагындагы көп дыйкандар үчүн жүгөрү эгүү өтө пайдалуу болду.

“Азыр биз Абдымомун Разакулов аванын чарбасында турабыз. Бул киши талаачылыкта да, мал чарбачылыкта, асыл тукум букаларды, койлорду өстүрүү боюнча да жакшы иштерди жасап келе жатат. Айыл аймактагы жашоочулардын 90 пайызы дыйканчылык менен тирикчилигин өткөрүшөт. Бүргөндү айыл аймагын келечекте жашылча-жемиштин борбору кылалы деп жатабыз. Быйыл помидор, болгар калемпири эгилди. Айыл аймагы оңолсо, мамлекет оңолот деген ойдобуз. Суу ассоциациясы да жакшы иштеп жатат”, - дейт Э.Маматалиев.

Ал эми Германиядан келген Каролина Вегнер Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматынын эл аралык кеңешчиси болуп иштейт. Анын сөзүнө караганда, быйылкы жылы жаз айларында жолугушуу болуп, кымбат баалуу жүгөрүнүн үрөнүн бергенде айрым фермерлер жыйынтыгынан күмөн санап, өздөрүнө ишенишкен эмес.

“Үрөн сапаттуу жана кымбат болчу. Мына талаага келип көрүп жатабыз, жыйынтыгы жакшы болуптур. Эмне себептен жугөрү? Бул мал чарбачылыгына өтө керек. Кыргызстанда мал чарбачылыгы өнүккөн. Малдын продукциясын өстүрсөк, анын сапаты да жогорулайт”, - деген оюн К.Вегнер билдирди.

Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ай айылынын тургуну Калипа Жайчиева да талаа күнүнө келген. Анын сөзүнө караганда, долбоорго ар бир мүчө 50 сотых жер менен 20 мүчө кирген. Жалпы 10 гектар жерге жүгөрү эгишкен.  

- Өзүм да 50 сотых жер менен кирдим. Жесир аялдарга да жеңилдиктер бар экен. Болгондо да, биз жер айдоодо, үрөн себүүдө кыйналган жокпуз. Натыйжасы аябай жакшы. Азыр жүгөрүлөрүбүз бышып, 10-15 күндө орууга даяр болуп калды. Үрөндү алып келгенде акчаңарды даярдап тургула дешти. Биз кыйналбай үрөнгө эки жолу акчаны төгүп, анан эгип алдык. Биринчи жерди амофос менен жумшартты. Андан кийин, жер-семирткичтерин  өз убагында барып чачышты. Чөпкө, кумайга дары беришти. Ар бир мүчөнүкүн бирдей карап, тракторлор ошол талаага барып жатып иштеп жатышты. Бир мүчөгө кеткен каражаты 8 миң сом болсо, мен жалгыз бой болгонума байланыштуу 4 миң сом төлөдүм. Үрөндүн акчасы 6 мин сом болот экен. Ошол себептен, мага баары бекердей эле болуп калды. Жүгөрүнүн түшүмүн өзүмдүн балдарыма берем. Калганын кармап турам, - дейт фермер К.Жайчиева.

Долбоордун менеджери Каныкей Турсунбаеванын айтымында, дыйкандарга 50 пайыздык жеңилдик берилсе, ал эми жалгыз бойлуу аялдарга 75 пайыздык жеңилдиктер каралган. Алгач фермерлер ишенбөөчүлүк менен мамиле жасашкан. Кийин жүгөрү эгилгенден кийин гана аларда долбоорго болгон ишеним пайда болгон.

Семинардын катышуучулары 5 топко бөлүнүшүп, аларга адистер тарабынан жүгөрү өстүрүүдө техникаларды колдонуу, өстүрүүнүн технологиясы, илдеттери, отоо чөптөрү жана аларга каршы күрөшүү, жүгөрүнүн илдеттери жана оорулары менен биологиялык күрөшүү жолдору, түшүмдү жыйноо, экономикалык анализин эсептөө, сактоо жана сатуу деген темалар боюнча лекциялар окулуп, практикалык жардамдар берилди.

Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24

Бекболот Миңбаев: “Таш-Көмүр шаарынын бюджети үч эсеге көбөйдү ”

Бекболот Миңбаев: “Таш-Көмүр шаарынын бюджети үч эсеге көбөйдү ”

Таш-Көмүр шаарынын бюджети үч жыл аралыгында 3 эсе көбөйүп, 2016-жылы 88,5 млн. сомду түздү. Бул тууралуу...

АНАЛИТИКА 2016-08-26  15:35