KELECHEK
rek

Жалал-Абад облусунун аймагында диний кастыкты козутуу багытында 58 факты аныкталган

Жалал-Абад облусунун аймагында диний кастыкты козутуу багытында 58 факты аныкталган

Жалпысынан 2016-жылдын 6 айында Жалал-Абад ОИИБнын 10-бөлүмү тарабынан, облустун аймагында баардыгы болуп 140 факты  аныкталган. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, диний экстремизмге каршы күрөшүү багыты боюнча үстүбүздөгү жылдын 6 айында диний экстремизмге каршы күрөшүү максатында облусубуздун аймагында диний кастыкты козутуу багытында 58 факты аныкталган. Алардын ичинен 34 факты боюнча кылмыш иштери козголгон.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун аймагында диний экстремизмге, улуттар аралык араздашууга каршы күрөшүү, чек-ара келишпестиктерин болтурбоо максатында жергиликтүү бийлик жана күч кызматкерлери менен биргеликте  жер-жерлерде 328 жолу семинар-кеңешмелер уюштурулуп өткөрүлгөн.

Анын натыйжасында 2015-жыл ичинде 3 атуул “Хизбут-Тахир” диний экстремисттик уюмунан өз эрки менен чыкса, быйылкы жылдын жарым жылында “Хизбут-Тахир” диний экстремисттик уюмунун активдүү 13 атуулу ”Хизбут-Тахир” ДЭУнун катарынан өз эрки менен чыгарылган жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдирген.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53