KELECHEK
rek

“Мегаком” кайрадан сатыкка чыгарылат

“Мегаком” кайрадан сатыкка чыгарылат

“Мегаком” деген аталыш менен таанылган “Альфа Телеком” уюлдук байланыш компаниясынын 100 пайыз акциясы кайрадан сатыкка чыгарылат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун бөлүм башчысы Бакытбек Мураталиев “Азаттыкка” кабарлады.

Анын айтымында, "Мегакомдун" баштапкы наркы мурдагыдай эле 19 млрд 7 млн сом бойдон калууда. Кызыккан тараптар алгач жалпы баанын он пайызын атайын эсепке которуусу зарыл.

Буга чейин ишкананы сатып алууну каалоочулар чыкпай койгондуктан аукцион артка жылдырылган. Өкмөт түшкөн каражатка жолдор оңдолуп жана салына тургандыгын билдирген.

"Альфа Телеком" 2009-жылы түзүлгөн. Компаниянын жетекчиси Алексей Елисеев болгон. 2010-жылы Убактылуу өкмөт ишкананын 49 пайыз акциясын улутташтырган. Ал эми 2014-жылы мамлекетке компаниянын 100 пайыз акциясы толугу менен өткөн.

"Мегакомдун" абоненттеринин саны 2,5 миллионду түзөт. Оператор мобилдик байланыш менен өлкөнүн 90 пайыз аймагын камсыздайт. Таза кирешеси жылына 2 миллиард сомго жетет. Бирок Экономика министрлиги компания атаандаштыкка чыдабай банкротко учурашы мүмкүн экендигин эскертет.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38