KELECHEK
rek

Ноокен районунда гибрид жүгөрүсүн өстүрүү технологиясы боюнча талаа күнү өткөрүлдү

Ноокен районунда гибрид жүгөрүсүн өстүрүү технологиясы боюнча талаа күнү өткөрүлдү

Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн өстүрүүнүн технологиясы боюнча облустун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун фермерлеринин катышуусунда “Агро Горизонт – Жүгөрүнүн кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү долбоорунун” алкагында талаа күнү өткөрүлдү.

Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматынын директору Сыргабек Жойболотовдун берген маалыматына караганда, талаа күнүн өткөрүүнүн негизги максаты – катышуучулар жүгөрүдөн жогорку түшүм алуунун жаңы технологияларын үйрөнүшөт, аны практика жүзүндө көрүшөт.

“Быйыл Агро Горизонт долбоору аркылуу 3 райондо 600 гектар жерге 1200 фермер жүгөрү эгишти. Бул биринчиден сапаттуу үрөн, экинчиден жогорку түшүм алышат. Техника жагынан жардам бердик. Кантип отоо чөптөргө каршы күрөшүү боюнча дары-дармектер берилди. Кыскасы, азыркы күндөгү жүгөрүдөн түшүм алуунун акыркы технологиясын дыйкандарга сунуш кылып жатабыз. Уюштуруу өтө кыйын болду. Себеби, биздин жерлер өтө эле майдаланып кеткен. Бир техника келсе, ал талаага кире албай кыйналат. Ошол себептен, ар бир айылда кеминде 10 гектардан кем эмес жер, 20дан дыйкан болсун деп тандаганбыз. Тандоо да өтө кыйын болду. Ошого карабастан, аракет кылып 1200 фермердин жүгөрүсү жакшы өсүп жатат. Фермерлерге үрөн, дары-дармектен 75 пайыздык жеңилдик берилген. Жүгөрүнүн түшүмүн сатып берүү жагы да каралууда. Кийинки жылы да долбоорду алып кетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө”, - дейт С.Жойболотов.

Талаа күнүнө келген 150 фермер-дыйкандар алгач каттоодон өтүшүп, андан кийин “Агро Горизонт – Жүгөрүнүн кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү долбоорунун” координаторлору жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда долбоордун жүргүзүп жаткан иштери боюнча кеңири маалымат берилди.

Жогоруда аталган долбоордун менеджери Каныкей Турсунбаеванын айтымында, “Жалал-Абад облусунда жүгөрүнүн кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү долбоорунун” алкагында 600 гектарга жүгөрү эгилди. Ноокен районунда 400 дыйкан 200 гектарга, Базар-Коргондо 340 дыйкан 170 гектарга, Сузак районунда 460 фермер 230 гектар жерге гибрид жүгөрүсүн эгишкен.

- Бул жерде 1200 фермер камтылган. Ар бир фермер 50 сотых жерге жүгөрү эккен. Бул долбоордун негизги эле максаты – сыртка экспортко чыгуу болуп саналат. Экспортко чыгуу үчүн тонна болуш керек. Сырттан кардарлар тонналап сурайт. Ошого фермерлерге бир сорттогу урук берилип, бирдей технологияда эгилди. Талаадан баштап, айдоо, уругу, жер семирткич баары бир чынжырчага байланып, баары жакшы иштесе, натыйжасы жакшы болот. Ошолордун баарын бир жипке байлоо болгон. Анализдеп көрсөк, бир гектардан 13-15 тоннадан түшүм алууну көздөп жатабыз. Мурун дыйкандар 3-5 тоннадан түшүм алып келишкен. Кол күчүн азайтууну да максат кылганбыз. Быйыл биринчи жолу жүгөрүдөн баштадык, кийинки жылы башка культурага өтөбүз деген максатыбыз бар, - дейт К.Турсунбаева.

Талаа күнүнө келгендер 5 топко бөлүнүп алышып, адистердин катышуусунда практикалык окуулардан өтүштү.

Анархан Жаңыбаева, "kogart.kg"

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41