
ТАМЕКИДЕ ИШТЕП ЖҮРҮП ДЕПУТАТ БОЛУУГА ТАТЫГАН!

Жүзгө жетип жашаган,
Төшүнө медаль тагынган.
Ыйманын бекем сактаган,
Эмгегин элге арнаган.
Кочкор кызы Жумакан Жаңыбаева 1928-жылы Сузак районунун Көк-Арт өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген. Балалык чагы Үйрүнбаш тоосунда өткөн. Үй-бүлөсүндө эң улуусу болгондуктан, үй-тиричилигиндеги жумуштарды секелек кыз мезгилинен эле чыйрак аткарып, апасы Касиеттин «оорун колдон, женилин жерден алып» мээнеткеч болуп өсөт. Өзү кээде жалгыз токойдо кой кайтарып, карышкырды таш менен коркутуп, коркууну билбей, ини-сиңдилерине баш-көз болуу менен малды багуунун сырларын үйрөнөт. Малга жакын болуу аялзатына өтө эле коошпогону менен келечектеги турмуш жолуна пайдубал болуп берет.
Он алты жашында Жумакан апа Жаңыбай уулу Маматкасымга турмушка чыгат. Алар балалуу боло элек кезинде 1949-жылы 22-феврралда өмүрлүк жолдошу поезд кырсыгынан улам эки буту тизесинен кесилип, күндөлүк турмуштагы оор жүктү өзүнүн мойнуна алууга аргасыз болот. Ошентип, 10 баланы төрөп, анын сегизин тарбиялап-өстүрүшүп, орто жана жогорку билимге ээ болууларына бардык күчүн жумшашат.
Союз учурунда түштүк жергеси өзүнүн «Сары алтыны» менен көптөгөн ийгиликтерге жетише алган. Аялдар көбүнчө тамекичи болуп иштеп, балдарын да тарбиялашып, коомдун өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошушкан. Аялдар кыймылдары активдүү болгондуктан улам, коммунисттик партиянын ар беш жылдыкта өтүүчү сьездеринде кабыл алынган программаларын, алдыга койгон тапшырмаларын аткарууда алдыңкы катарда аялдар болушкан.
Ошол себептен ар кайсы тармакта социалисттик мелдештердин жеңүүчүсү болгон аялдардын эмгектери бааланып, райондук, облустук, республикалык кеңештерге депутат болуп шайланышкан. Депутаттар негизинен өз иштеринен баар таапкан, балдарын да өздөрү караган, ар кандай тармакта иштеген карапайым аялдар болушкан. Алардын арасында саанчысы, пахтачысы, комбайнда иштеген айдоочусу, малчысы, тигүүчүсү жана да башка кесипте иштеген жөнөкөй аялдар болушкан.
Биздин каарман Жумакан апа 1946- жылдан «Ленин жолу» колхозунда алгач колхозчу, кийин 1963-жылдан баштап «Дружба» совхозунда тамекичи болуп иштей баштайт. Сузак районундагы «Дружба» совхозу да Союз убагында тамекини өстүрүү менен бир топ экономикалык ийгиликтерди жаратып, алдыңкы совхоздордун катарын толуктаган. Жумакан апа тамекиде үзүрлүү эмгектенүү менен өзү теңдүү курбалдаштарынан алдыга озуп, тамекини үзүп-тизүү нормасын күнүнө бир тоннадан ашык аткарып, Социалисттик мелдештердин жеңүүчүсү болот.
Союз учурунда көпчүлүк айылдык балдардын жайкы каникулдары ушул ачуу жыттуу, ширелүү тамекиде иштөө менен өтчү. Балдар апаларына жакындан жардам беришип, тамекини жерге олтургузуу, эки-үч жолу чаап, бир нече ирет жалбырагын үзүп-тизип, аны илип жандары тынбай иштешчү. Чарчоо дегенди такыр билбей таңкы саат 7де борттуу машинага баары чогулуп чыгып, тамеки талаасына жеткиче ырдап барып, тамекини атаандашып терип, аны этектерге түйүп тракторго салып коюп, кайра түштө сарайга тизгени келишчү.
Сарайда алар бири-бири менен атаандашып тамеки тизип, жипке өткөрүп, таразага тарттырып, ал жерден текшерүүдөн өткөргөндөн кийин, анан тамактанганы үйлөрүнө кетишчү. Кайра түштөн кийин күн салкындап калганда тамеки талаага машина менен чогулуп жөнөшчү. Тамеки жүктөлгөн телешка кечинде ар үйгө үзгөн тамекилерин таштап кетчү. Аны түн бир оокумга чейин тизип, жипке өткөрүп, жарымдан көбүн бүтүргөндө гана уктаганы жатышчу. Бул иштер күндө, жылда кайталанып тураар эле.. Мээнети өтө оор болгону менен, бирок арзан бааланчу.
Чындыгында эле ал убакта ооруу аз болчу. Арыктан эле ылай сууларды ичип, тамекини терген шире колдор менен өзүң менен кошо алып барган туурам нанды кагаз менен кармап, алманы кошо бурдап жеп, каналдагы суудан ичип алышчу. Жайкы лагерге мугалимдердин, дарыгерлердин жана башка кызматта иштегендердин балдары гана барып эс алып келишчү. Чынында эч кандай микроп деле жок, вирус дегенди билишчү эмес. Үстүнөн самолёт дары чачып өтүп кетет эле, баштарын бекитип алып тамеки үзгөнүн уланта берүүчү.
Мына ошол мезгилдин балдарынын жаны темирдей бекем экен азыр эстесек. Тамеки талаага машина барбай калса, түштө же кечинде ой талаадан жөө басып ырдап келүүгө туура келчү.. Азыр эстесек, баары бир жакшы күндөр өткөн экен ал убакта! Ошентип, кыздары көп апалар соиалисттик мелдештерден утуп чыгып, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.
Ак ниет эмгегин эске алышып, «Дружба» совхозунун профсоюз уюму тарабынан 1972-1973-жылдары Ардак грамоталар ыйгарылат. 1972-жылы Кыргыз Республикасынын эл чарбасын жана маданиятын өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн жана Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына байланыштуу Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Грамотасы менен сыйланууга татыктуу болгон. «1973-жылдагы Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү», «9чу беш жылдыктын ударниги» деген медалдары, Ардак грамоталары менен сыйланууга татыган. Ошондой эле, ачкалай сыйлыктар да берилген. Ал эми 1973-жылы Сузак райондук Кеңешине депутат болуп шайланган. Талыкпай 33 жыл эмгектенгенден кийин 1979- жылы ардактуу эс алууга чыккан.
Жумакан Жаңыбаева апа сегиз баланы төрөп, татыктуу тарбиялаганын мамлекет эске алып, 15-май, 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен “БААТЫР ЭНЕ” ордени менен сыйланган. Ал эми 2019-жылы 13-июнда Россия Федерациясынын Президентинин Жарлыгы менен “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 75 жылдыгынын” маарекелик медалын алууга татыган. Жүзгө чыгып жашайм деген изги тилеги кабыл болуп, 2024-жылы 3-апрелде ыйык орозо айында Жумакан апа 96 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышып кетти. Бейиштик болуңуз!
Даярдаган: Жаңыбаева Анархан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт
Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...
АНАЛИТИКА 2016-05-18 13:03
Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...
Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...
АНАЛИТИКА 2016-05-31 14:15
Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...
Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...
АНАЛИТИКА 2016-06-05 04:30
Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...
Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...
АНАЛИТИКА 2016-06-10 16:39
Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?
Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...
АНАЛИТИКА 2016-07-05 17:58
Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...
Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...
АНАЛИТИКА 2016-07-30 16:45
Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...
Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...
АНАЛИТИКА 2016-08-21 13:24