KELECHEK
rek

ИИМ убактылуу кармоочу жайларда кыйноо жоюлганын билдирди

ИИМ убактылуу кармоочу жайларда кыйноо жоюлганын билдирди

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешмеде камакта же убактылуу кармоочу жайларда кыйноолорго кабылган көрүнүштөр жоюлганын билдирди.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматында милициянын нөөмөт бөлүмдөрүндө жана убактылуу кармоочу жайларда көзөмөлдөөчү камералар орнотулуп, коопсуздук системасы түзүлгөнү жазылган.

"Камакта отурган же убактылуу кармалып турган адамдар арасында жанын кыюу, өз ара мушташуу же кыйноолорго дуушар болуу сыяктуу терс көрүнүштөр жоюлду", - деп айтылат билдирүүдө.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун буга чейин берген маалыматына караганда, 2022-жылы 82 жарандан кыйноо боюнча арыз түшкөн. Булардын ичинен 51 адам күч органдары кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартканын айтып даттанган. Эки арыз боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши дайындалса, сегиз иште кыйноо фактысы далилденбегени маалымдалган.

2022-жылы "Кыйноо" беренеси менен 12 адамга каршы козголгон төрт кылмыш ишинин экөө сотто каралууда.

Борбор билдиргендей, соңку беш жылда кыйноого кабылганын айтып кайрылгандар 1,5 эсе азайды. 2018-жылы бул көрсөткүч 34,2% болсо, 2022-жылы 20,6% болгон.

Кылмыш кодексинин 137-беренеси ("Кыйноолор"), 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") менен айыпталып, соттолгон адамдар үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

2014-жылдан 2022-жылга чейинки аралыкта Кыргызстанда бир да адам "Кыйноо" беренеси менен соттолгон эмес. Өлкөдө 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. Жаза аткаруу кызматынын соңку маалыматына караганда, Кыргызстанда соттолгондордун жалпы саны 7402 адам, алардын 6495и абакта отурат.

Кыргызстанда кыйноого кабылгандардын көбү милициядан запкы жегенин айтса, калганы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн колунан азап чеккенин билдирген.

Быйылкы жылдагы кыйноо боюнча статистикалык маалыматтар чыга элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53