KELECHEK
rek

Kloop порталынын иши боюнча дагы экспертиза жүргүзүлөт

Kloop порталынын иши боюнча дагы экспертиза жүргүзүлөт

Бишкектин Октябрь райондук соту "Клооп Медиа" коомдук фондун (Kloop.kg сайты) жабуу боюнча ишти токтотту. Бул тууралуу аталган басылма маалымдады.

12-декабрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Kloop порталын жабуу боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын арызына байланыштуу кайрадан лингво-психологиялык экспертиза жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Сайттын адвокаты Акмат Алагушев билдиргендей, прокурор “Клооптун” материалдары боюнча кайра бир нече экспертиза өткөрүүнү өтүнүп, судья аны канаттандырды. Мамлекеттик айыптоо тарап буга чейинки экспертиза тергөөдө болгонун, сотто эми жаңысын өткөрүү керек экенин негиз кылган.

Башта ишти судья Элмира Барыктабасова карай баштаган. Иш кийин Тимурлан Карабековго өткөрүлгөн.

Бишкек шаардык прокуратурасы Kloop сайтын жабуу боюнча сотко кайрылганы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө аргасыз кылып жатканын” жүйө келтирген.

“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сентябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) арызынын негизинде “Клооптун” сайтындагы “Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де кыйноого кабылганын билдирди” деген жаңылыкты жалган деген негизде өчүрүүнү талап кылган.

8-сентябрда мекеме маалыматты сайттан алып салуу чечимин “Клоопко” тапшырган жана “Клооптун” юристтери бул чечимди жокко чыгаруу үчүн арыз берген. 11-сентябрда Маданият министрлигинин комиссиясы бул арызды канааттандырган эмес.

Министрлик 9-октябрда Kloop.kg сайтынын орусча тилиндеги версиясын бөгөттөгөн. Кийин кыргыз тилиндеги версиясын да жапкан.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинин “Клооп Медиа” мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануусун билдиришкен. Kloop 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53