KELECHEK
rek

Бишкекте ооруган балдар көбөйүп, ординаторлор жардамга чакырылды

Бишкекте ооруган балдар көбөйүп, ординаторлор жардамга чакырылды

Суук түшкөнү Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна курч респиратордук вирустук инфекциялар, бронхит жана пневмония менен ооруган балдар көп кайрылып жатат.

Бул тууралуу аталган оорукананын директору Шайырбек Сулаймановго шилтеме жасап, Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 13-декабрда кабарлады.

Маалыматка караганда, борборго күн сайын 750дөй бала кайрылып жатат. Буга байланыштуу кошумча 90 керебет коюлду.

Шаршембиде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган бейтапканага барып, абал менен таанышты.

Буга чейин аталган ооруканада кезек күткөндөр көбөйгөнү, дарыгерлер жетишпей жатканы тууралуу социалдык түйүндөргө сүрөт жана видеолор чыккан. Мындан улам кошумча дарыгерлер тартылып, ординаторлор жардамга чакырылганы айтылат министрлик тараткан кабарда. Лор дарыгери, хирург, травматолог, реаниматолог, анестезиолог, педиатр жана башка адистер өзүнчө нөөмөттө турушат.

Мекеме декабрдын башында дээрлик алты миңдей адам сасык тумоого чалдыкканын, алардын 67% 14 жашка чейинки балдар экенин билдирген. Жалпысынан өлкө аймагындагы эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38