KELECHEK
rek

Илхам Алиев кезексиз президенттик шайлоодо башкаруучу партиянын атынан талапкер болот

Илхам Алиев кезексиз президенттик шайлоодо башкаруучу партиянын атынан талапкер болот

Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоодо бийликтеги "Жаңы Азербайжан" партиясынын атынан азыркы мамлекет башчысы Илхам Алиев талапкер болот. Бул тууралуу партия лидеринин орун басары Таир Будагов билдирди.

"2024-жылы 7-февралга белгиленген кезексиз президенттик шайлоодо "Жаңы Азербайжан" партиясынан Илхам Алиев талапкер болот. Партия мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого байланыштуу иш-чаралардын планын иштеп чыгат. Партия курултайынын убактысы жакынкы күндөрү жарыяланат", – деди Будагов.

"АПА" агенттиги маалымдагандай, Будагов ошондой эле "көптөгөн жылдардан бери Карабакты ким бошотсо ошол Азербайжандын түбөлүк президенти болот" деп айтылып келгенин белгиледи. "Илхам Алиев 20 жылдык саясаты, азери элине кылган кызматы жана оккупацияланган аймактарды бошоткону менен бул кызматка татыктуу деп ойлойм. Азербайжандын ар бир патриоту ушундай пикирде. Партиянын курултайында да ар бир адам өз пикирин айтат", – деген Будагов.

2024-жылы 7-февралда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү чечими тууралуу Илхам Алиев 7-декабрда билдирген. Мыйзамдарга ылайык, Азербайжанда кезектеги шайлоо 2025-жылы өтүшү керек болчу.

Азербайжанда президент жети жылдык мөөнөткө шайланат, бул өзгөртүү Конституцияга 2016-жылдагы референдумда киргизилген. Буга чейин президент беш жылдык мөөнөткө шайланчу.

Азербайжанда акыркы президенттик шайлоо 2018-жылдын 11-апрелинде өткөн. Адегенде ал октябрда өтүшү керек болчу, бирок Алиев добуш берүүнү бир нече айга кийинкиге жылдырган. Негизги оппозициялык партиялар шайлоого бойкот жарыялашкан. Алар Алиевди эркиндикти жок кылууга, авторитаризмге жана оппозицияны куугунтуктоого айыптап келишет.

Илхам Алиев президенттикке биринчи жолу 2003-жылы – өлкөнү 10 жыл башкарган атасы Гейдар Алиев өлөрүнө эки ай калганда шайланган. Алгач Илхам Алиев бир киши эки мөөнөт гана катары менен президент боло алат деген мыйзамды жокко чыгарган. Андан соң президенттик мөөнөттү беш жылдан жети жылга чейин көбөйттү. Саясат таануучулар ал да өз ордун уулу Гейдар Алиевге өткөрүп берүүнү көздөп жатат деп эсептешет.

2020-жылдын февралында Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөн. Анда Илхам Алиев төрагалык кылган башкаруучу "Жаңы Азербайжан" партиясы жеңген. Азери оппозициясы бийлик шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганын, жарыяланган жыйынтыктар элдин эркин чагылдырбай турганын билдиришкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган  өзгөртүүлөрдү элге...

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...

Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...

Шайлоо 2016-10-05  15:02

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...

Шайлоо 2016-10-11  16:24

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся...

Шайлоо 2016-10-18  22:01

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий...

Шайлоо 2016-10-22  22:19

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей...

Шайлоо 2016-10-26  12:09

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп...

Шайлоо 2016-11-02  03:35

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан...

Шайлоо 2016-11-12  13:24