KELECHEK
rek

БЕЙШЕНАЛЫ АДАМ: Элибиздин депозиттери кепилдикке алынып, төлөнүп берилет!

БЕЙШЕНАЛЫ АДАМ:  Элибиздин депозиттери кепилдикке алынып, төлөнүп берилет!

Депозиттерге ишенич жана кепилдик мамлекет тарабынан берилет. Ар бир жаран акчаларын банктарда сактаса болот. Сиздин аманатыңыз мамлекеттин ишенимдүү коргоосунда!

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин тобокелдик менеджери (риск менеджери) Бейшеналы Адам Эркинович  депозиттерди банктарда кантип сактоо боюнча биздин бир нече суроолорубузга жооп берди.

- Адам Эркинович, алгач сиз иштеп жаткан агентттиктин кыскача тарыхына токтолуп кетсеңиз?

- Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүндө депозиттерди коргоо системасы бар. Австралия менен Жаңы Зеландияны кошпогондо дээрлик бардык өнүккөн өлкөлөр ушундай системаларды түзгөн. Ал эми банктарда жайгаштырылган мамлекеттик каражаттардын корголушун камсыз кылуучу системаларды куруу процесси уланууда. Акыркы он жылдыкта мындай системаларды Чыгыш Европанын дээрлик бардык өлкөлөрү, анын ичинде Балтика өлкөлөрү, Албания жана Украина, Азия өлкөлөрүнөн Казакстан, Өзбекстан, Вьетнам сыяктуу өлкөлөр дагы түзгөн. Кытай, Монголия, Малайзия, Азербайжан, Тажикстан, Түштүк Африка Республикасы жана башка бир катар өлкөлөр улуттук депозиттерди камсыздандыруу системасын түзүүгө даярданып жатат. Бул калктын аманаттарын коргоону камсыз кылуучу системаларды түзүү мамлекеттердин финансылык коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуунун натыйжалуу системасынын зарыл элементи катары дүйнөдө барган сайын көбүрөөк таанылып жатканын көрсөтүп турат.

Депозиттерди камсыздандыруунун улуттук системаларын түзүү зарылчылыгы биринчи жолу 1980-жылдардын жана 1990-жылдардын аягындагы финансылык кризис учурунда пайда болгон, анда көптөгөн өлкөлөрдүн өкмөттөрү банкрот болгон банктардын көптөгөн аманатчыларынын көйгөйлөрүн чечүү зарылчылыгына туш болгон. Бүгүнкү күндө депозиттерди коргоо системаларын уюштуруунун эң артыкчылыктуу принциптери өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан банк тутумдарынын туруктуулугун камсыз кылуу жана калктын банктарга болгон ишенимин колдоо үчүн колдонулган ар кандай укуктук жана финансылык инструменттерди түзүү аркылуу камсыз кылынат.

- Эми сиз иштеп жаткан агентттиктин милдеттери, учурда аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат берип кетсеңиз?

- Кыргыз Республикасынын Депозиттерди  коргоо боюнча агенттиги 2008- жылы түзүлгөн. Агенттиктин башкаруу органдары Мамлекет башчынын жана Өкмөттүн тиешелүү чечимдери менен түзүлгөн. Агенттиктин негизги милдети - бул Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо системасынын ишин камсыздоо болуп эсептелет.   Депозиттерди коргоо системасы кепилденген учур келгенде “Кыргыз Республикасынын Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөгү” мыйзамында каралган суммада жана ыкмаларда компенсацияларды берүү жолу менен банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аманатчыларын коргоого, ошондой эле бүтүндөй каржы тутумунун туруктуулугуна көмөктөшүүгө багытталган.

Баса белгилеп кетүүчү нерсе бул - жогоруда айтылган Мыйзамга ылайык кепилденген учур келгенде депозиттер боюнча үстөк пайыздарды кошкондо, ар бир аманатчыга баарысы 1 млн. сомдон көп эмес компенсация төлөнүп берилет.

Депозиттерди коргоо боюнча агенттик – бул мамлекеттик мекеме жана анын негизги иш аракеттери төмөнкү маселелерди камтыйт: Кыргыз Республикасынын "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык кепилденген учур келгенде аманатчылардын укуктарын коргоону камсыздоо, депозиттерди коргоо фондун түзүү жана фонддун бош каражаттарын натыйжалуу башкаруу.

Агенттик ошондой эле мындан тышкары төмөнкү функцияларды аткарат:

- банк-катышуучулардын, катышуучу микрофинансылык компаниялардын, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниялардын реестрин жүргүзүү;

- аманаттар боюнча төлөөгө тийиштүү сумманы жана компенсация суммасын эсепке алуу;

- кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсациялык сумманы ыңгайлуу жолдор менен төлөө;

- аманаттарды коргоо системасынын банк-катышуучуларындагы, катышуучу микрофинансылык компанияларындагы, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компанияларындагы аманатчылардын маалымат базасынын белгиленген талаптарга жооп бергендигин аныктоо;

- депозиттерди коргоо системасы жөнүндө коомдун маалымдуулугун арттыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү жана башка функцияларды аткарат.

- Депозитерди коргоо фонду жөнүндө сөз кылдыныз, фондду каржылоо булактары жана азыркы абалы жөнүндө айтып берсеңиз?

- Депозиттерди коргоо фондусу - депозиттерди коргоо системасынын (ДКС) финансылык негизи болуп саналат жана ДКСда катталган банк-катышуучуларынын, микрофинансылык компаниялар-катышуучуларынын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар-катышуучуларынын төгүмдөрү, Агенттиктин алган пайдасы аркылуу түзүлүп, кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсация төлөп берүүгө арналган.

Фонд каржылоо булактары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

· Мыйзамда белгиленгендей ДКСнын катышуучулардын төлөөчү мүчөлүк акыларын;

· Өкмөт тарабынан салынган мүчөлүк акыларды;

· Агенттик тарабынан бош каражаттарды жайгаштыруудан алынчу  инвестициялык кирешелерди;

· ДКС нын катышуучулар төлөгөн айыптарды жана туумдарды;

· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган башка каражаттарды ж.б.

2023-жылдын 1-декабрындагы абал боюнча Депозиттерди коргоо фонду (ДКФ)  5 502,5 млн.сомду (5,5 млрд.сомду) түздү.

2023- жылдын 1-октябрына карата ДКФда Өкмөттүн төгүмдөрүнүн топтолгон үлүшү 257,7 млн. сом же АКФ активдеринин 4,7 пайызын түздү. ДКФга квартал сайын төлөнгөн Депозиттерди коргоо системасынын катышуучулардын төгүмдөрүнүн үлүшү 3 217,6 млн. сомду же ДКФ жалпы көлөмүнөн 58,5 пайызын түзөт жана Агенттиктин ДКФны башкарууда капиталдаштырылган накта кирешесинин үлүшү  2 027,2 млн сом же 36,8 пайызын түздү.

Депозиттерди коргоо фондунун структурасынын динамиги (млн. сом)

МКВ - Мамлекеттики казыналык векселдер, КРУБ – КР Улуттук банкы, МКО - Мамлекеттик казыналык облигациялар

Депозиттерди коргоо фондунун активдерин башкаруудан түшкөн кирешелердин динамикасы (млн. сом)

Ошондой эле, Агенттик инвестициялоо процессинин үзгүлтүксүздүгүнүн максаттары үчүн Фонддун каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарына жана Кыргыз банкынын кыска мөөнөттүү нотасына убактылуу жайгаштырууну өткөрүп турат.

 

- Банктардын депозиттик базасынын динамикасы жөнүндө маалымат берсениз?

- Үстүбүздөгү 2023-жылдын 1-октябрына карата, өлкөбүздө 326 филиалы бар 23 банк, 1 микрофинансалык компания  жана 1 турак жай-сактык кредиттик компания Депозиттерди коргоо системасынын (ДКС) реестиринде катталган.

2023-жылдын 30-сентябрына карата

Депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынын реестри

 

Банк-катышуучулардын реестри

1

РК «Аманбанк» ААК

2

«Кыргызкоммерцбанк» ААК

3

«Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК

4

«Оптима Банк» ААК

5

АКБ «Толубай» ЖАК

6

«РСК БАНК» ААК

7

«Демир Кыргыз Эл Аралык Банкы» ЖАК

8

«Дос-Кредобанк» ААК

9

«ЭкоИсламикБанк» ЖАК

10

«Евразиялык Сактык Банкы» ААК

11

«БАКАЙ БАНК» ААК

12

«Халык Банк Кыргызстан» ААК

13

Пакистан Улуттук банкынын Бишкектеги филиалы

14

«ФинансКредитБанк» ААК

15

«Айыл Банк» ААК

16

«Азия Банкы» ЖАК

17

«Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАК

18

«Капитал Банк» ААК

19

«Керемет Банкы» ААК

20

«Бай-Түшүм» Банкы ААК

21

«Кыргыз-Швейцариялык Банк» ЖАК

22

«Финка Банкы» ЖАК

23

«Компаньон Банкы» ЖАК

Компенсация төлөө режиминдеги банк

1

«Манас Банк» (компенсация төлөө режими) ААК

Микрофинансылык компаниялар-катышуучулардын реестри

1

 «Салым Финанс» Микрофинансылык компаниясы» ААК

Турак-жай-сактык кредиттик компаниялар-катышуучулардын реестри

1

«Элдик турак-жай компаниясы» турак жай – сактык кредиттик компаниясы» ААК

 

 2023-жылы ДКСнын катышучууларынын депозит рыногундагы кырдаал  жалпы депозиттик база 2022-жылга салыштырмалуу көбөйүшү менен  мүнөздөлгөн, бул негизинен улуттук валютадагы депозиттердин көлөмүнүн өсүшү менен шартталган.

ДКСнын катышучууларынын депозиттер базасынын көлөмү 2023-жылдын  1-октябрына карата 419,8 млрд. сомду түзүп, жылдын башынан тартып 22 пайызга  көбөйгөн.

 Депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынын депозиттик базасынын динамиги

(млн. сом)

Депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынын депозиттик базасынын динамиги

(млн. сом)

ДКСнын катышучууларынын депозиттеринин көпчүлүк бөлүгү Бишкек шаарына жайгашып, банк-катышуучулардын депозиттеринин жалпы көлөмүнүн 84,4 пайызын түзөт. Депозиттердин калган бөлүгү Кыргыз Республикасынын областтарында топтолгон: 3,1 пайызы - Ош шаарында, 3,3 пайызы - Жалал-Абад областында, 2,3 пайызы - Ысык-Көл областында, 1,2 пайызы - Баткен областында, 0,7 пайызы - Нарын областында, 3,2 пайызы - Чүй областында жана Талас областында 0,7 пайызы.

Депозиттерди коргоо системасынын (ДКС) катышучууларынын депозиттеринин жалпы көлөмү Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча 2023-жылдын 30 сентябырына карата, пайыз менен

(пайыз)

Депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынын аманатчыларынын жалпы саны 2023-жылдын 30-сентябрына карата

(пайыз)

Аманатчылардын банктагы эсептери 2023-жылдын 1-октябрына карата 6 495 454 аманатчы эсептер ачылган, бир эле аманатчынын ар кайсы банкта бир нече эсептери болушу мүмкүн.

      Бүгүнкү күндө аманатчылардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.

Депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынын аманатчыларынын жалпы саны

2023-жылдын 30-сентябрына карата(пайыз)

- Банктар же депозиттер системасына кирген микрофинансалык компаниялар, турак жай-сактык кредиттик компаниялар банкротко учураган мезгилде  төлөп берүү жол-жобосу кандайча жүргүзүлөт жана банктык-агент кандайча тандалат?

- Жогоруда айтылган Мыйзамга ылайык, быйылкы жылдын май айындагы Мыйзамга кирген өзгөрүүлөргө тиешелүү, азыркы убакта кепилденген учур келгенде депозиттер боюнча үстөк пайыздарды кошкондо, ар бир аманатчыга баарысы 1 млн. сомдон көп эмес компенсация төлөнүп берилет. Компенсацияларды төлөп берүү кепилденген учур келгенден кийин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен башталууга тийиш.

Кепилдик учурунун башталганынын негиздемеси болуп, банк лицензиясын чакырып алуусу жана банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын,  төлөмгө кудуретсиз (банкрот) деген соттун чечими саналат.

Кепилдик учуру башталган күндөн баштап, Агенттик аманатчыларга компенсацияларды төлөөнү жүргүзүү үчүн Банк-агенттин дареги, күнү, убактысы, компенсациялык төлөмдөрдүү жүргүзүү формасы, жана тартиби жөнүндө мамлекеттик жана расмий тилдеринде кулактандыруу мамлекеттик газеталарда, ошондой эле башка массалык-маалымат каражаттарына басып чыгарат. Мындан сырткары, филиалдарды жана сактам кассаларын камтуу менен, банк-агенттигин жана банк-банкроттун имараттарынын кире беришине кулактандыруу жайгаштырат.

         Аманатчы чет өлкө валютасында жайгаштырылган аманаттардын суммалары,кепилдик учуру башталган күнгө Улуттук Банктын эсептик курсу боюнча улуттук валютасында төлөнөт.

         Агенттик аманатчыларга компенсацияларды төлөөнү жүргүзүү үчүн Банк-агенттик тандоо тартиби жөнүндө Жобого ылайык Агенттиктин атынан компенсацияларды төлөөнү жүргүзө турган кепилдик учур болгондо аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агентти тандоону өткөрөт.

Компенсацияны төлөө максатында Агенттик банк-агенттерди төмөнкү жол менен тандайт. Банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аманатчыларына компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн Агенттик төмөнкү талаптарга жооп берген бир же бир нече банк-агенттерди тандап алат:

1) банк депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучусу болушу керек;

2) капиталдын адекваттуулугуна жана Улуттук банктын талаптарына жооп берген өздүк капиталынын деңгээлине ээ болушу керек;

3) кепилдик учур келип чыккан датага чейинки акыркы алты айдын ичинде ага карата "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган таасир кылуу чаралары колдонулбаган болушу керек;

4) компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн депозиттердин географиялык түзүмүнө тете филиалдык түйүнү болуусу тийиш.

Агенттик тарабынан банк-агентке которулган каражаттарга үстөк пайыздарды чегерүү жана аларды төлөөлөр жүзөгө ашырылбайт.

- Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги кайсы мамлекеттик мекеме  тарабынан көзөмөлдөнөт?

- Агенттик "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ыйгарым укуктар жана милдеттерге ээ жана пайда алуу максатын көздөбөгөн мамлекеттик мекеме болуп саналат. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Агенттиктин ишине кийлигишүүгө укугу жок.

Агенттиктин Директорлор кеңеши жана Аткаруучу директору Агенттиктин башкаруу органдары болуп саналат.

Агенттиктин Директорлор Кеңеши 7 мүчөдөн турган Агенттиктин жогорку башкаруу органы болуп саналат жана алар төмөнкү өкүлдөрдөн турат:

1) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучу Өкмөттүн 3 өкүлүнөн;

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгы тарабынан дайындалуучу Улуттук банктын (Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнүн деңгээлинен төмөн эмес) 3 өкүлүнөн;

3) Өкмөттүн жана Улуттук банктын биргелешкен чечими менен дайындалуучу банк иши жаатындагы көзкарандысыз эксперттен турат.

Директорлор кеңешинин мүчөлөрү өз ишмердиктерин акысыз негизде жүзөгө ашырышат. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү 5 жылдык мөөнөткө дайындалышат. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү кызмат ордуна удаасы менен 2 мөөнөттөн ашык дайындалышпайт.

 Агенттиктин Директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- Агенттиктин аткаруучу директорунун сунушу боюнча депозиттерди коргоо фондуна багытталган календардык жана чукул мүчөлүк акылардын өлчөмүн бекитүү;

- Агенттиктин уюштуруу түзүмүн бекитүү;

- Агенттиктин ички аудит кызматынын ишине жетекчиликти жүзөгө ашыруу;

- Агенттиктин аткаруучу директорунун сунушу боюнча кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөө жөнүндө чечимди кабыл алуу;

- Агенттиктин аткаруучу директорунун сунушу боюнча инвестициялык саясатты аныктоо, Агенттиктин контрагенттери боюнча чектөөлөрдү белгилөө;

- Агенттиктин бюджетин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү;

- Агенттиктин жылдык отчетун бекитүү жана Агенттиктин аткаруучу директорунун отчетун жыл сайын угуу;

- Агенттиктин кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча комплекстүү саясатын бекитүү;

- Тышкы аудитти жүргүзүү үчүн тендердик негизде көз карандысыз аудитордук уюмду жыл сайын аныктоо жана Агенттикте жүргүзүлгөн аудиттин натыйжаларын алуу;

- Агенттиктин депозиттерди коргоо тутуму жөнүндө коомчулуктун кабардар болуусун жогорулатуу боюнча программасын бекитүү ж.б.

- Депозиттерди коргоо системасынын ишин камсыздоо багытында кандай иш аракеттер аткарылып келди?

- Агенттик жогоруда белгилеп кеткендей 2008-жылы түзүлгөн. Ал жылдан бери кепилдик учуру башталганда компенсацияларды төлөп берүү мөөнөттөрүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартылды, мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун натыйжасында кепилдик суммасын 20 миң сомдон 1 млн сомго чейин көтөрүлдү, инвестициялык саясатты  жана корпоративдик башкаруунун принциптери өзгөрүлдү. Акыркы өзгөрүүлөр бул Депозиттерди коргоо системасына Улуттук банктын депозиттерди кабыл алууга лицензиясы бар микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар кире алышат.

Агенттиктин стратегиялык планы Депозиттерди коргоо систамасынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Агенттиктин ишмердигинин пландалган мезгилине комплекстүү чечимдерди иштеп чыгууну жана ишке ашырууну чагылдырат. Бул төмөнкүдөй максаттар:

- аманаттарды камсыздандыруу функцияларын өнүктүрүү жана ДКСны кеңейтүү;

- Агенттиктин ишмердигине корпоративдик принциптерди киргизүү жана күчөтүү;

- Агенттиктин жаңы иш-милдеттерин киргизүү;

- Дифференцирдүү/адилет кепилдик төлөө системасын концепсиясын иштеп чыгуу;

- Кепилдик сумманы төлөөгө операциондук даярдык көрүү;

- Агенттиктин иш-милдетинин инфраструктурасын чыңдоо;

- маалымат берүү жана тышкы коммуникация процессин жакшыртуу;

- адамдык ресурстарды өнүктүрүү;

- финансылык ресурстарды башкарууну өркүндөтүү ж.б..

ДКСнын мындан аркы банктын тобокелдик ишмердигин баалоонун негизинде төлөмдөрдүн адилет системасын киргизүү, корпоративдик башкарууну жакшыртуу, иштөө тартибин автоматизациялоо жана юридикалык жактардын аманаттарын камсыздоо жана башка максатта багытталган.

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги 2021-жылдын башынан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жардамы менен маалыматтарды стандартташтыруу боюнча иштердин алкагында автоматташтырылган системаны тестирлөө боюнча жумуштарды депозиттерди коргоо системасынын бардык катышуучулары менен баштагандыгын билдирет.

Агенттиктин автоматташтырылган системасын тестирлөө 2 этапта ишке ашырылып жатат: симуляциялык маалыматтардын аз көлөмүн жана чоң көлөмүн иштетүү менен. Учурда көпчүлүк катышуучулар үчүн тестирлөөнүн биринчи этабы боюнча иштер ийгиликтүү аяктап, 10 катышуучу боюнча тестирлөөнүн эки этабы тең толугу менен аяктады.

Айтып кетүүчү нерсе Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин автоматташтырылган тутумун тестирлөө боюнча маалыматтарды берүүнүн форматтарын стандартташтыруу Кыргыз Республикасынын "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык Агенттиктин иш-милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүнүн жана кайра иштетүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

- Адам Эркинович, Кыргызстанда финансалык сабаттуулукту жогорулатуу деген маселе бар, сиздердин Агенттиктин бул жагдайга кошкон салымыныз жөнүндө да айтып берсениз?

- Агенттиктин өзүнүн жыл сайын жарандардын депозиттерди коргоо системасын таанытуу жана финансалык сабаттулуктарын жогорулатуу максатында кабыл алынган программасы бар. Ошол программанын негизинде жыл сайын финансалык сабаттуулукту өркүндөтүү иш-чаралары жүрүп турат.

Мындан тышкары, быйыл 22-марттан баштап 31-мартка чейин Кыргызстанда «Өзүңө сак бол, акчага бек бол!» деген ураан менен Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы болуп өттү. 23-октябрдан баштап 3- октябрга чейин Кыргызстанда «Кыялдар канат байлаганда» деген ураан менен Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнү да белгиленди.

Бул маарекелер жыл сайын март, октябрь айларында өтүп турат. Улуттук банктын демилгеси менен өтүп жаткан жумалыкка биздин Агенттик 2015-жылдан бери башка финансылык мекемелер менен кошо активдүү катышып келе жатат.

Айтып кетүүчү нерсе -  Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы жана Дүйнөлүк жыйын топтоо күнү балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн 175тен ашык өлкөсүндө жыл сайын март, октябрь айларында өткөрүлүүчү ири кампания жана биздин Агенттик 2015- жылдан бери, жыл сайын ушул иш-чараларга активдүү катышып келе жатат.

Биздин Агенттик жана башка финансылык жана эл аралык мекеме-уюмдар менен биргеликте бул мааракелерде финансылык сабаттуулук боюнча жалпы билим берүү иш-чараларын: мектеп, жогорку окуу жайларында финансылык сабаттуулук сабактарын, лекцияларын, университеттерде көчмө лекциялар менен тренингдерди, ТВ жана радиодо финансылык маектер, Агенттикте экскурсиялар менен ачык эшик күндөрүн, ар кандай видеороликтер жана балдардын тарткан сүрөттөрү боюнча сынактарды, ж.б. иш- чараларды (аракеттерди) өткөрүп келүүдө.

Биздин Агенттиктин адистери март, октябрь айларында Кыргызстандын жогорку билим берүү окуу жайларына барышып, лекцияларды окуп, Агенттикте өткөн семинар-лекцияларда жарандарга, ишкерлерге, банк кызматкерлерине, аманатчыларга, окуучуларга жана студенттерге депозиттерди коргоо системасы жөнүндө жана финансылык каржылоо жактан сабаттуу болуу азыркы учурдун өтө маанилүү маселеси экенин айтып беришет.

Ачык эшиктер, лекциялар, семинарлар жана башка иш-чаралардын баарында Агенттик жаш муундарга жана өлкөбүздүн жалпы жарандарына финансылык билимдин өркүндөтүүсүнө өз салымын кошуп келе жатат. Депозиттерди коргоо фонду деген эмне, депозиттер боюнча кепилдикти жана коргоону ким ишке ашырат, кайсы депозиттер коргоого алынган, банктын кепилденген аманатчысы ким болуп саналат деген ж.б суроолорго толук мааалымат берип келе жатат.

Мындан тышкары, Агенттиктин адистери жыл сайын региондорго барып депозиттерди коргоо системасы жөнүнүндө кенен маалымат беришет,ТВ жана радиолорго чыгып турушат, видео жана аудио клиптерди республикалык ТВ жана радио каналдарына чыгарып турабыз. Аманатчыларга жана депозитерди коргоо системасынын катышуучуларына бекер Агенттиктин “Аманатчыга маалымдама” деген белги кагаздарын таратып турабыз ж.б.

- Акыркы суроо катары, аманатчыларга жана жалпы жараандарга эмне деп кайрылаар элеңиздер?

- Депозиттерди коргоо агенттиги бул мамлекет тарабынан түзүлгөн Агенттик жана кепилденген учур келгенде ар бир жеке жак, жана жеке ишкерге 1 млн. сомдон ашпаган компенсация төлөнүп берилет. Демек, урматтуу Кыргызстандыктар, депозиттерге ишенич жана кепилдик мамлекеттик тарабынан берилет жана акчаңарды банктарга сактасанар болот, башкача айтканда элибиздин депозиттери кепилдикке алынып, мамлекет тарабынан төлөнүп берилет.

Экинчиси, биздин Агенттик жыл сайын Дүйнөлүк акча жумалыгына, ошондой эле Дүйнөлүк  каражат топтоо күнүнө, финансалык жарманкеге жана башка финансылык сабаттуулукту күчөтүү максатындагы иш-аракеттерге катышып келе жатат. Бул чаралардын негизги багыты - калктын депозиттерди коргоо системасына жана банк системасына болгон ишенимин күчөтүү, чыңдоо жана бекемдөө болуп саналат. Биздин Агенттиктин негизги демилгеси жана милдети – бул бүтүндөй каржы  тутумунун туруктуулугуна көмөктөшүүгө багытталган.

Депозиттерди коргоо агенттиги –аманатчылардын  депозиттеринин сакталышына мамлекеттин кепилдик берген Агенттик деп ишендирип кетем жана Кыргызстанда депозиттердин кепилдигин камсыздоо – калктын банк системасына болгон ишенимин өркүндөтүү болуп эсептелет деп айткым келет.

Маегимдин аягында, баардык аманатчыларды, кесиптештеримди жана жалпы кыргызстандыктарды келе жаткан 2024-Жаңы жыл майрамыныздар менен куттуктап кетким келет!  

 Жаңы жылда ишиңиздерде албан-албан ийгиликтер жаралып, асманыбыз ачык, жерибизде тынчтык, элибизде аманчылык жана ынтымак болуп, бардык куттуу ой-тилектериниз ишке ашсын!

Биздин Депозиттерди коргоо боюнча Агенттик сиздердин аманаттарыңыздын кепилдигин мындан дагы өркүндөтүү жана жакшыртуу максатында иш-чараларды жүргүзүүгө ар дайым даяр.

- Адам Эркинович, абдан кызыктуу жана мазмундуу маегиңиз үчүн Сизге чооң ырахмат! Депозиттерди коргоо боюнча Агенттигинде эмгектенген ынтымактуу жамаатыңыздардын иштерине албан-албан ийгиликтерди, өзүңүздөргө бекем ден соолукту каалап кетмекчимин. Кыргызстанда аманатчылар көбөйүп, сиздер алардын укуктарын коргоп талбай иштей бериңиздер!

Даярдаган: АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, KOGART.KG.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Жалал-Абад шаарынын өнүгүп, өсүшүндөгү башкы салым депутаттардын колунда. Ал эми депутаттардын башында...

ИНТЕРВЬЮ 2016-05-18  13:48

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги...

ИНТЕРВЬЮ 2016-06-02  04:11

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-05  14:30

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана тоолуу Тогуз-Торо районунда үстүбүздөгү жылдын 6 айында аймактын...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-07  20:05

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38