KELECHEK
rek

Астананын 2035-жылга чейинки Башкы планынын долбоору коомдук талкууга коюлду

Астананын 2035-жылга чейинки Башкы планынын долбоору коомдук талкууга коюлду

Астана шаарын 2035-жылга чейин өнүктүрүүнүн Башкы планынын долбоору коомдук талкуу үчүн "Ачык нормативдик-укуктук актылар" порталына жарыяланды.

Ага ылайык, 2025-жылы шаар калкынын саны 1 миллион 480 миңге, 2035-жылы 2 миллион 275 миңге жетиши мүмкүн. 2035-жылга карата калаа жашоочуларынын 66% ишке жарамдуу курактагы адамдар түзөт.

Башкы пландын негизги максаттарынын бири катары "шаардагы жашоонун ыңгайлуулугу, анын ичинде турак жай менен камсыз болуу көрсөткүчү боюнча диспропорцияны жоюу" көрсөтүлгөн.

Башкы планга ылайык, 2021-2035-жылдардын аралыгында жаңы турак жай куруунун жалпы көлөмү 43 580,8 миң чарчы метрди түзүшү керек. Мындан тышкары 2035-жылга чейин калаадагы мектептердин санын көбөйтүп, азыркы 100 мектепке дагы 164 жаңы мектеп кошуу пландалууда.

2025-жылга карата шаарда 27 саламаттык сактоо объектисин куруу каралууда. Анын ичинен 13ү амбулатордук бейтапкана, үчөө 904 адам бата турган реабилитациялык борбор жана дагы үч башка саламаттык сактоо объектиси болот. Андан кийинки он жылдыкта (2035-жылга чейин) жалпысынан 62 саламаттык сактоо объектисин, анын ичинде үч оорукана, 53 бейтапкана, беш реабилитациялык борбор, дары-дармектерди экспертизадан өткөрүү борборун жана медициналык каражаттардын лабораториясын куруу пландалууда.

Башкы пландын долбоорун талкуулоо 24-ноябрдан 8-декабрга чейин уланат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...