KELECHEK
rek

УКМК Токтогул шаарынын мэри уулу менен кармалганын билдирди

УКМК Токтогул шаарынын мэри уулу менен кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Токтогул шаарынын мэри Эркин Тойгонбаев кен байлыктарды басып алууну жана аны мыйзамсыз иштетүүнү уюштурган, уюшкан кылмыштуу топ менен байланышта болгон деген шек менен кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кварц кенин рейдерлик жол менен басып алууну уюштурганы аныкталган.

2022-жылы Эркин Тойгонбаев кен жайгашкан жердин айыл өкмөт башчысы болуп турганда, кендин ээсине кварцты чогуу иштетүүнү сунуштаган. Бирок ал баш тартканда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, маркум Чыңгыз Жумагуловдун Токтогул шаарындагы өкүлү болом деген дагы бир адам менен ишкерди коркутуп, компаниянын 50% үлүшүн уулуна каттатып коюшкан.

Кварц мыйзамсыз казылганы, Токтогул шаарынын мэри түшкөн кирешени уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен бирге алып турганы такталган. Өндүрүш экологиялык жана техникалык талаптарды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, анын кесепетинен мамлекетке 74 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Токтогул шаарынын мэри, анын уулу (Э.у.А.), ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү (И.Б.А.) кармалып УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалган шектүүлөрдүн жакындары жана адвокаттары окуя тууралуу комментарий бере элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...