KELECHEK
rek

Пестициддердин адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири кандай?

Пестициддердин адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири кандай?

Кыргызстанда эскирген жана туруктуу органикалык булгагычтардын (ТОБ) көйгөйү бардыгыбызды ойлондурушу керек. Бул тууралуу Орхус борборунун адиси Матисаев Атабек 20-октябрь күнү Жалал-Абад шаарында журналистер үчүн өткөн семинарда билдирди.

А.Матисаевдин сөзүнө караганда, “Борбордук Азия мамлекеттеринде курамында  ДДТ бар калдыктарды термикалык эмес ыкмалары менен жоготууну көрсөтүү” долбоору учурда иштеп жатат. Эскирген ТОБ жана пестициддер боюнча Стокгольм конвенциясында баса көрсөтүлгөн. Конвенциянын негизги максаты – адамдын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү туруктуу органикалык булгагычтардан коргоо болуп саналат. 2019-жылдын 26-сентябрына карата Конвенцияга кошулган өлкөлөрдүн саны 183кө жеткен. Ал эми Кыргыз Республикасы Стокгольм конвенциясына 2002-жылдын 17-майында кол койгон. Жогорку Кеңеш 2006-жылдын май айында ратификациялаган.

Стокгольм конвенциясы Тараптардан төмөнкүлөрдү талап кылат:

  • ТОБ-пестициддерди жана өнөр жайдан чыккан химиялык заттарды өндүрүүгө жана пайдаланууга тыюу салуу;
  • Туруктуу минималдаштыруу максатында диоксиндерди жана башка атайлап эмес өндүрүлгөн ТОБ чыгындыларын азайтуу боюнча чараларды көрүү;
  • ТОБ камтыган эскирген запастарды жана жабдууну жок кылуу жана тазалоо.

- Сузак районундагы Кара-Алма токой чарбасынын аймагында жайгашкан Ак-Чабыр участкасында Союз маалында эскирген, колдонуудан алынган жана тыюу салынган уулуу химикаттарды көмүү иштери 1973-жылдан 1978-жылдарга чейин жүргүзүлгөн. Бөлүнгөн участканын аянты 0,9 ганы түзөт. Аталган уулуу химикаттар көмүлгөн жайлар ээсиз болгондуктан пестициддерди казып алуу максатында белгисиз адамдар тарабынан мыйзамсыз казуу иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 2010-2013-жылдары уулуу химикаттар көмүлгөн жайга жакын оттогон малдар, койло, жамгырдан топтолгон көлчөктөрдөн суу ичкенден кийин массалык түрдө өлгөн. Ууланган малдын этин жеген жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларынан да ууланган фактылары болгон.

Ак-Чабыр участкасында сунушталган көмүү реестрине ылайык, эскилиги жеткен, органикалык булганууга туруктуу, мындайча айтканда биринчи класстагы коркунуч келтирүүчү уулуу калдыктар-пестициддер көмүлгөн. Аларды башка жакка которуу боюнча жана кошумча чараларды көрүү зарыл экендиги эскертилген. Эскилиги жеткен жана тыюу салынган пестициддерди көмүү “Кыргызайылчарбахимиясы” тарабынан инженердик-геологиялык жана гидрологиялык изилдөөлөрсүз жүргүзүлгөн, - дейт А.Матисаев.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 «Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча КР Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 201-р буйругу менен бекитилген. Бул буйруктун №17 пункту Кажы-Сай, Миң-Куш, Шекафтар, Майлуу-Суу, Кара-Балта тоо-кен комбинатынын аймагында уран калдыктарын зянсыздандыруу жана Сузак айылынын аймагындагы ири көрүстөндөрдөгү эскирген пестициддерди жок кылуу максатында аныктайт.

Ошондой эле, КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому менен кабыл алынган Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча КР Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын № 825 пунктунда «Айлана-чөйрөгө химиялык заттардын чыгышын кыскартуу жана адамдын ден соолугуна терс таасирин азайтуу, Сузак-А ири резервуарынын аймагындагы эскирген пестициддерди сактоочу жайга экологиялык жактан коопсуз утилизациялоону жүргүзүү” жөнүндө талаптар коюлган.

Маалыматтык-коммуникациялык кампания 2023-жылдын сентябрынан 2024-жылдын январына чейин райондордун жана айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү Бостон, Орто-Азия айылдарында, Сузак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Дыйкан, Садда айылдарында, Ырыс айыл өкмөтүнүн Сасык-Булак айылында, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Мазар-Булак айылында, Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүндөгү Таш-Булак айылында, Кеӊеш айыл өкмөтүнүн Могол-Коргон айылында, Базар-Коргон шаарынын Чубак ажы конушунда жүргүзүлөт.

Жогорудагы талаптарга ылайык коомчулукка маалымат жеткирүү максатында “Туруктуу органикалык булгоочу заттардын жана эскирген пестициддердин адамдардын ден соолугуна, айлана-чөйрөгө зыяндуу таасири, пестициддерди колдонуудагы коркунучтар жана коопсуздук эрежелери” боюнча семинарлар 03.10.2023-жылы айыл башчыларга, жергиликтүү экоактивисттерге, 17.10.2023-жылы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө жана мугалимдерге өткөрүлдү. ММК өкүлдөрүнө бүгүн өткөрүлүп жатат”, - деди А. Матисаев.

Ал эми эколог Индира Жакипованын берген маалыматына караганда, туруктуу органикалык булгагычтар - бул өндүрүштүн терс көрүнүштөрүнүн айлана-чөйрөгө, адамдардын ден соолугуна тийгизген таасири. Бул негизи уникалдуу физикалык жана химиялык биргелешкен касиеттери бар органикалык булгагычтар. Бул органикалык булгагычтар “Грязная дюжина” деп  аталган: диоксиндер, фурандар, полихлордолгон бифеналдар, дихлор изомеринин аралашмасы (ДДТ) жана башка токсиндик касиетке ээ болгон, курчап турган айланадагы объектилерде топтолуучу, биологиялык жана трофикалык максаттарда билдирилген көбөйүү касиетине ээ болгон пестициддер.

Пестициддерди алгачкы  тактоо жыйынтыгында Кыргызстандын (кээ бир участкаларда) жер кыртыштарында булгануу деңгээли жогору болгондугу, концентрациялык нормаларынан ашып кеткендиги  катталган. Анын жыйынтыгында булганган жер участокторунда айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө адамдардын организиминде пестициддердин чогулушуна алып келет. Ошондуктан эне сүтүн анализдегенде пестициддердин бар экендиги аныкталган. Мындай көрүнүштөр көбүнчө республиканын  түштүк тарабындагы айрым айылдарда байкалат. Бул көрүнүштөр туруктуу органикалык булганычтар (ТОБ) – пестициддер көмүлгөн жайлар, сакталган кампалар, ошондой эле көмүлгөн жерлерди кайра ачууда кооптуулук жаралат.

Пестициддер деген эмне?

Пестициддер - өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, оорулардан жана отоо чөптөрдөн коргоо үчүн айыл чарбасында колдонулуучу химиялык заттар, Пестициддерди ашыкча өлчөмдө колдонуу жалаң гана чыгымдуу болбостон, ал адамдын ден соолугу жана айлана-чөйрө үчүн өтө коркунучтуу. Пестициддер өтө уулуу жана айлана-чөйрөдө узак убакытка кармалат - бир нече айдан 2-3 жылга, ал ЭМИ ДДТ сыяктуулары 20 жана андан ашык жылдарга чейин уулуулугун сактайт (ДДТны эл арасында “дуст” деп аташат).

Пестициддер кантип адамдын денесине кирет?

Пестициддерди туура эмес колдонууда алар топуракта сакталып калат: топурактан жашылчаларга, жемиштерге, дан өсүмдүктөрүнө жана курчап турган чөйрөнүн объекттерине өтөт. Адамдын денесине пестициддер тамак-аш азыктары аркылуу кирет:

95% - эт, дан азыктары, жашылча жана мөмө-жемиштери аркылуу; 

4,7% -  суу менен;

0,3% - дем алган аба жана тери аркылуу.

Пестициддер адамдын ден соолугуна кандай зыян келтирет

Аз өлчөмдө болсо да, адамдын организмине кирүү менен пестициддер май ткандарында, боордо, жүрөктө, мээде кооптуу деңгээлге чейин топтолот. Бул болсо жүрөк-кан тамыр, эндокриндик, онкологиялык, аллергиялык, нерв системасынын, репродуктивдүү, дем алуу органдарынын, тамак сиңирүү, тубаса өсүү аномалияларынын, майыптыктын начарлашына, өрчүшүнө жана өлүмгө алып келет.

Пестициддер айрыкча кош бойлуу, бала эмизген аялдар үчүн өтө коркунучтуу. Анткени алар түйүлдүктү, эненин организмин уулантат, сүт аркылуу берилип, баланын өсүүсүнө терс таасир тийгизет. Пестициддер менен иштөөгө кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга, 18 жашка толо элек өспүрүмдөргө, ошондой эле медициналык көрсөткүчү туура келбеген адамдарга тыюу салынат!

Өзүбүздүн жер үлүшүбүздө пестициддерди колдонуунун алдында кандай чараларды көрүү керек:

• Үй-бүлөлүк медицинанын аймактык борборунда медициналык кароодон өтүү.

• Райондук администрация да орун алган агрардык өнүктүрүүнүн райондук башкармалыгында өсүмдүктөрдү коргоо боюнча адистен консультация алуу:

  • Мамлекеттик каттоодон өткөн сапаттуу пестицидди кантип туура тандоо керек жана кайдан алууга болот;
  • Колдонуу ыкмалары, иштетүү мөөнөттөрү, пестициддин ченеми жөнүндө; - пестициддер менен иштөөдөгү коопсуздук чаралары жөнүндө.

Химиялык заттардын таасири курч же өнөкөт болушу мүмкүн



Курч таасир – чоң дозанын бир жолку таасири. Өнөкөт таасир – узак убакыт аралыгында (негизинен жылдап) кичинекей дозалар менен көп жолку таасири.

Курч таасирдин мисалдары:

  • Дене табынын көтөрүлүшү
  • Катуу чаңкоо
  • Тез-тез дем алуу
  • Кусуу
  • Булчуңдун тартышуусу
  • Каректин ичкериши
  • Калтыратма
  • Дем алууга жөндөмсүздүк
  • Унутчаактык

Өнөкөт таасирдин мисалдары:

  • Рак
  • Эсин жоготуу
  • Кооптонуу
  • Репродуктивдик системадагы жана өнүгүүдөгү бузулуулар
  • Тукумсуздук
  • Түйүлдүктүн өнүгүү аномалиясы
  • Түйүлдүктүн өлүмү
  • Органдардын бузулушу
  • Эндокриндик бузулуулар

ТААСИР:

  • пестициддерди аралаштыруу жана колдонуу
  • чаңдаштырылган участокко жакын жүрүү
  • булганган беттерге, шаймандарга, иштетилген өсүмдүктөргө же жемиштерге тийүү
  • аны кийип пестициддер колдонулган кийимди алдын ала жуубай кийүү
  • (тамактануу,чылым чегүү, идиш-аяктар, капкактар менен өлчөп колго тийүүсү, М:дуст (тайфун), оброботка, даары аз чачылган алма курт)

ТААСИР ЭТҮҮ ЖОЛДОРУ

  • Ооз аркылуу:
  • Булганган тамакты жеп алуу
  • Булганган топурак менен байланыш же кабылуу
  • Булганган сууну ичүү
  • Булганган сугат суу(Мисал келтирүү: каналдагы балыктар)

 

  • Тери аркылуу:
  • Агуу жана чачыранды(чачуучу апараттын шлангасы)
  • Пестициддер менен иштөө
  • Булганган объекттерге тийүү
  • Дем алуу:
  • Буу(шамал)
  • Чаң
  • Аэрозолдор

ДАЯРДАГАН: АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, KOGART.KG

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38