KELECHEK
rek

Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна кантип жетише алат?

Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна кантип жетише алат?

Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна - кайра жаралуучу энергия булактары, биринчи кезекте гидроэнергетиканы өнүктүрүү аркылуу жетише ала тургандыгын Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конференциясындагы кайрылуусунда айткан.

Дүйнө жүзүндө болуп жаткан климаттын өзгөрүүсүнөн улам, Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна кантип жетише алат? – деген суроонун тегерегинде экспеттердин ой-пикирлерин жана жергиликтүү бийлик тарабынан аткарылып жаткан иштер боюнча окурмандарга маалыматтарды жеткирүүнү туура көрдүм.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2021-жылы 2-ноябрда, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасап, анда 2050-жылга чейин Кыргызстан өнүгүүнүн жашыл платформасында көмүртексиз жетишүүгө аракет кыла тургандыгын билдирген.

- Кайра жаралуучу энергия булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика — көмүртексиз саясаттын локомотиви болуп калмакчы.

Биз табиятка зыян келтирбестен, өнөр жай тармагын жана турак жай коммуналдык секторун көмүртектик энергия булактарынан, биринчи кезекте көмүр жана мазутту колдонуудан арылтып, аны электр энергиясына толук өткөрүү үчүн кичи жана орто гидроэлектр станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну баштадык.

Бүгүнкү күндө онго чукул кичи жана орто гидроэлектростанциялар курулуп жатат. Айрымдары жакында эле ишке берилди. Жарым жартылайы келерки жылдын акырына барып ишке киргизилет.

Париж келишиминин духуна ылайык, мен өнүккөн өлкөлөрдүн инвесторлорун гидроэнергетикалык тармакта, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде өз ара пайдалуу кызматташууга чакырам.

Прогрессивдүү технологиялар, инновациялар жана ноу-хау болбосо, Кыргызстан үчүн пландаштырылган мөөнөттө „жашыл“ экономикалык өсүшкө жана көмүртексиз жашоого жетүү кыйын болот, - деп сүйлөгөн С. Жапаров.

Көмүртек нейтралдуулугу үчүн көптү убада кылган кыймыл климаттын өзгөрүүсү жөнүндө тарыхый Париж келишиминин кабыл алынышынын беш жылдыгын белгилеп жатканда түзүлгөндүгү боюнча БУУнун Баш катчысы Антониу Гутериш 2020-жылы 12-декабрда өзүнүн кайрылуусунда билдирген. Ал өз сөзүндө, “2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетүү – кечиктирилгис жалпы милдет” – деп айткан. Ошондой эле,  Баш катчы биринчиден, 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугу үчүн чыныгы жалпы коалицияны түзүү зарыл экендигин баса белгилеген.

- Чындыгында, акыркы он жылдыкта адамзат тарыхында эң жылуу мезгил болду. Мөңгүлөр эрип, катастрофалык өрттөр, суу каптоолор, кургакчылыктар жана бороондор барган сайын кадимки көрүнүш катары саналып калды. Биологиялык көп түрдүүлүк азаюуда, чөлдөр кеңейип, океандар ысып, пластмасса таштандыларга муунууда. Эгер биз азыркы күндөн баштап жана 2030-эылга чейин жыл сайын күйүүчү май түрүн казып алууну 6 пайызга азайтууга кам көрбөсөк, абал андан дагы начарлайт. Мунун ордуна божомолдор мындай казып алуунун жыл сайын 2 пайызга өсүп жатканын көрсөтүп турат, - деп Антониу Гутериш өз кайрылуусунда билдирген.

Эксперттер “Энергетика”  жана “Суу ресурстары”  секторлорун  адаптациялоо боюнча  УДАСты Планын ишке ашырууну талкуулашты.

Дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүүсүнө түрткү болгон тобокелчиликтердин өсүүсү менен Париж келишимине катышкан өлкөлөр тарабынан чараларды көрүү маанилүүлүгү өсүүдө.  Кыргызстан климатттык кризистерге кабылуучу өлкөлөрдүн бири болгондуктан, климаттык өзгөрүүлөрдү  адаптациялоо  жана жумшартуу өтө маанилүү.

2023-жылдын 29-июнунда  энергетика жана суу ресурстары тармагындагы эксперттер жана адистер, академиктер, окумуштуулар, жарандык коом, экологдор тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү  КР улуттук илимдер академиясынын суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунда “Энергетика”  жана “Суу ресурстары”  секторлорун  адаптациялоо боюнча улуттук деңгээлдеги ар тараптуу салымдар (УДАС) Планын ишке ашырууну” талкуулашты.

КР Улуттук илимдер академиясынын суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору г.и.д. Чонтоев Догдурбек Токтосартович өзүнүн сөзүндө сууну жетектөө жана көзөмөлдөө боюнча бирдиктүү борбордун жоктугу, суу боюнча актуалдуу көйгөйлөрдү улуттук жана регионалдык баскычта сапаттуу чечим кабыл алууга  таасир бере тургандыгын айткан.

Ал эми ПРООНдун программалык координатору Ысабекова Бактыгуль климаттык сөз берүүнүнүн экинчи фазасы жөнүндө маалымат берип, улуттук деңгээлдеги ар тараптуу салымдарды (УДАС) жана углероддук көз карандысыздык боюнча узак мөөнөтүү стратегияны аныктоо өтө маанилүү экендигине токтолгон. Ошондой эле, ПРООН  уулуттук деңгээлде аныкталуучу салымдарды ишке ашырып жаткан өлкөлөргө, колдоо көрсөтүүнү кеңейтип жатканын, аны менен Кыргыз Республикасына да колдоо көрсөтүү каралганын баса белгилеген.

Кыргызстандагы “Кайра жаралуучу энергия булактары (ВИЭ)” Ассоцияциясынын Президенти Элеонора Казакова өзүнүн сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолгон:

 - Биздин мамлекетте  840,2 млн. жылына бааланган кайра жаралуучу энергия булактарынын (ВИЭ) чоң потенциалы бар. Кыргызстанда ВИЭнин негизги түрлөрү бар жана бул кичи дарыялар жана суу агымдары, күн энергиясы, шамал энергиясы, биомасса жана геотерминалдык  энергиялар. Ал эми Кыргыз Республикасындагы кичи гидроэнергетика потенциалы жылына 5-8 млрд. кВт саат (13% жалпы потенциал) түзөт.  Учурда  88  200 МВт кубаттуулуктагы кичи ГЭСтердин жана суу сактагычтарда  75 МВт кубаттуулуктагы 7 ГЭСтер  курулушу мүмкүн.

Секторлордо  адаптациялык чаралар боюнча  УДАСтын жаңыланган Планы өзүнө биринчиден мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу жана улуттук  программаларды ишке ашыруу максатында  илимий изилдөөлөрдү өткөрүүнү камтыйт. Учурда климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин окуп үйрөнүү боюнча өлкөнүн илимий потенциалын өстүрүү жана илимий –практикалык парктарды жана инновациялык платформаларды түзүү зарыл экендиги айтылган.

"Жашыл Альянс" коомдук бирикмесинин (КБ) аткаруучу директору Ильгиз Камбаровдун берген маалыматына караганда, Улуттук деңгээлдеги ар тараптуу салымдардын жаңыланган планы өтө зарыл.

- Себеби, азыр бардык өлкөлөр климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепетине байланыштуу ар түрдүү технолгияларды, инновацияларды киргизүүгө аракет  кылып турушат. Бизде Кыргызстанда жашыл экономиканы климаттын көйгөйлөрүн түшүнө бербейт. Эми бара-бара түшүнүк пайда болуп жатат. КР Улуттук илимдер Академиясына, илимий чөйрөгө көп кайрылыш керек. Аларды каржылап жана сапаттуу изилдөөлөрдү жүргүзүш керек. Албетте, ошол изилдөөлөрдүн негизинде мамлекет өзүнүн программасына киргизип, ошол изилдөөлөрдү, программаларды көңүлгө алып, ага каражаттарды бөлүш керек. Илим менен мамлекет тыгыз байланышта иштеш керек. Климаттык өзгөрүүлөргө илимий далилденген так маалыматтар берилиши зарыл. Ошонун негизинде программалар, саясаттар жүргүзүлүшү керек. Айрыкча Эл аралык уюмдардан каржы сураганда, “илимий изилдөөлөрдүн негизинде келишим болуп жатат”, - деп мамлекет өзүнүн программасына киргизиши керек.

Суу - бул энергия булагы болсо, ал эми энергетика – экономикалык  жыргалчылыктын булагы. Өзгөчө Кыргыстанда суу жана энергетика бири-бири менен тыгыз чырмалышкан. Себеби 90 пайыз электр энергиясы гидроресурстардын эсебинен иштелип чыгат. Ошондуктан бардык ишкердик баскычтагы чарбалык ишмердүүлүктүн  негизги булагы болгон сууну туура пайдалануу өтө маанилүү энергетика үчүн, ирригациялык керектөөлөр үчүн да. Бул азык-түлүк коопсуздугуна да таасир этет,- дейт Ильгиз Камбаров.

Кыргызстандын экологиясын чакан суу энергиясынын жардамы менен сактоо

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Жалал-Абад шаарындагы «Энергоресурстары жана Геоэкология» институтунун жашыл энергетика лабороториясынын башчысы Абдисатар Досбаевди кепке тартып, бир нече суроолорду бердик.

- Абдисатар Жолдошалиевич, Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна кантип жетише алат?

- Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна чакан ГЭСтерди куруу, күн жана шамал энергиясын, биогазды пайдалануу менен жетишсе болот. Кыргыз республикасынын аймагында шар аккан дарыялар жана алардын куймалары аябай эле көп. Ал суулардын азыркы мезгилде колдонулганы 10 пайызын гана түзөт. Азыркы суу электр станцияларынын кубаттуулугу 10,23 млиард кВт/саатка барабар, калган  колдонулбаган суулардын кубаттуулугу 1 триллион 13 миллиард кВт/саатка барабар.

Эгер азыр колдонулбаган суулардын кубаттуулугун, мындан ары колдонсо, Кыргыз элин эле эмес, башка коңшу өлкөлөргө да арзан баадагы электр энергиясын экспортко берсе болот.

Жогорудагы айтылгандарды ишке ашырыш үчүн көп деле чыгым кетпейт. Маселен: Жалал-Абад областынын, Сузак районундагы Көк-Арт дарыясына каскад кылып 4 жерге чакан суу электр станцияларын (ЭС) курса болот. Ал дарыядагы суунун көлөмү эң аз болгон мезгилде 3,5 м3/секундасына суу агат. Ал эми Таран-Базар айылынын жанындагы эки суунун кошулушуна чакан дамбасы менен (1 км2 жерди суу басат) 3.5 МВт/саат электр энергиясын бере турган чакан электр станциясын курса болот. Кеткен акча каражаты 2.5 млн. АКШ долларын түзөт, ал эми өзүн өзү актоо убактысы эгерде 0,5 сомдон 1 кВт. энергияны саткан учурда 10 жыл (налог жана башка чыгымдарды төлөгөндөн кийин).ЭС – дын иштөө мөнөтү 40 жылдан кем эмес. Элге тийген пайдасы, ошол жердеги айыл өкүмөттүн чоң жер аянтын насос менен, сугат үчүн, бекер суу айдап берүүгө мүмүкүнчүлүк пайда болмок. Бул өз учурунда элдердин жашоо турмушунун оңолушуна, экономиканын өсүшүнө алып келмек. 

- Кандай жол менен экономикага таасирин тийгизет?

- Сыртта миграцияда жүргөн жаштардын саны азаймак, жана көптөгөн жарандарыбыз кайра өз элине кайтып келмек.  Өзүн-өзү иш менен камсыздоо көбөймөк. Кыргызстандын ичиндеги айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү (арзан энергиянын жардамы менен) жолго коюлат.

Дамбанын жардамы менен балык өстүрүүнү жолго койсо болот, бул деген сөз, жок дегенде ошол аймакта жашаган адамдардын тамак–аш рационуна, организимге керектүү болгон балык тамактары кошулат. 

Ошол электр энергияны элге арзан баада берсе, адамдар токойду кесип отун кылгандын токтотушат. Ошондой эле экономикалык муктаждыктан,  чоң жаңгак дарактарын кесип (каптарды) сатканды токтотот эле.

Андан башка ушул мезгилге чейин электр энергиясы жок жашап жаткан Жаз-Кечүү айылына,  Суулук деген жерге каскад кылып гидро электр станциясын курса болот.

Ал жерде 300 метрге жакын узундуктагы шаркыратма бар. Ал шаркыратмадан эң аз болгон мезгилде 3 м3/сек. суу агат. Ошол шаркыратмага сууну бөгөбөстөн туруп 4 чакан электр станциясын биринин артынан экинчисин (каскад) курса болот. Алардын ар бири 3 МВт/саат энергия бере алат. Ал каскадтын жалпы кубаттулугу 12 МВт/саатка жетет.

Бул айылдын 74 түтүн эли, үйдү жылытыш үчүн, тамак-аш даярдаш үчүн, токойду кесип отун катары пайдаланышат.

Бул ЭСнын экологияга эч кандай зыяны тийбейт, себеби эч кандай чоң курулуш иштери жүргүзүлбөйт.

Эгер ал жерге электр кубаты барып калса, анда ошол жердеги кызыл мраморду иштетип курулуштарга колдонууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Ошондой эле, ал жерден алыс эмес жерде жайгашкан көмүр кенин казып алууга да шарт түзүлмөк.

- Мындан башка да чакан ГЭСтерди курууга боло турган жерлер барбы?

- Ооба, ошондой айылдардын дагы бир бири 500 адам жашаган Сузак районунун Кара-Алма  айылын атоого болот. Айрыкча ал жерде кышкысын электр энергиясы аз болот, жана көмүр, табигий газ жаккандар аябай эле аз. Көпчүлүгү токойду кыркып отунга айландырышат. Элдин башка аргалары деле жок. Эгер ошол айылда 100 түтүн эли, бир жылда 5 эле м3 отун жакса, бир жылда 500 м3 отун жагылат. Ал эми бир түп дарак 0,5 м3 отун берсе, бир жылда 1000 түп дарак кыйылат. Бул деген бери дегенде 5 га. жер ар жылы дараксыз калды дегенди билдирет.

Эми андай экологиялык кризистен чыгуу үчүн, ошол жерде агып жаткан агымы тез сууга каскад кылып чакан электр станциялары куруу керек. Ал жердеги агып жаткан  шаркыратмадан кийинки эңкейиш жерлерге, ар бир чекитинен 0,5 МВт/саат энергия алса болот турган ЭСларды курса болот. Эгер каскад кылып чакан ЭСларды курса, 2,5 МВт/саат энергия алып, ошол айылды толук камсыз кылса болот. Азыр ал жердин кээ бир тургундары өз алдынча микро ЭСларды курууну ойлонуп жатышат. Бирок ал ЭСлар бир эки үйдү гана камсыз кыла алат.

Ошентип бир эле чакан дайрадан 17,5 МВТ/саат энергия алууга болот. Эгер бул энергияны жыгач отунга айлантырсак:

1 кг. отун= 0,75 кВт-ка тең.

Анда 17,5МВт/0,75 кВт=2333333 кг/саат. отунга тең болот, же болбосо бир күндө 3 кг. отун жагылса.

Анда 3*36666=109998 кг. ар күнү.

Бир жылда 109998 кг.*365 = 40149270 кг.  

Мындан башка изилдөөлөрдүн негизинде кийинкилерди аныктадык: Чаткал районуна эки ЭС курса болот, Бири Ак-Таш айылында 80 МВТ/сааттык. экинчиси Чандалашта 40 МВт/сааттык. Базар-Коргон районунда Таш-Көпүрө деген жерге 8 мВт/сааттык, Кара-Кулжа районунда, Сары-Бээ аыйлына жакын жерге 10 МВт/сааттык, Кара-Суу районунда, Учкун айылында 10 МВТ/сааттык, Папан айылынын жогору жагында 11 МВт/сааттык, Баткен районунда, Кыш-Тут айылында 20 МВт/сааттык, Ноокат районунда, Үч-Коргон айылында 10 МВТ/сааттык электр стансияларын курса болот.

Ошондой эле мүмкүнчүлүктөр Алай районунда да бар. Гүлчө суусу, Жошолу, Жарык-Жер, жана Торпу тоосундагы шаркыратма суулары. Бул менин изилдөөлөрүм толук эмес, ал изилдөөлөр улантылып жатат.

Күн энергиясы

Шамал энергиясы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Мамасалы Акматовдун берген маалыматына караганда, Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетүүсү үчүн облус аймагында чакан ГЭСтерди куруу, күн жана шамал энергиясын пайдалануу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Жакында Кытай мамлекетинин ишкерлери менен жолугуп, облуста күн жана шамал энергияларын орнотуу багытында сүйлөшүүлөр жүргөн.

Электромобил автоунаалары үчүн электро кубатуулук алуучу пункттар облустун 14 туристтик борборлоруна орнотулат. Ал эми Жалал-Абад шаарына жаңы жылга чейин 6 электро мобил автобустары бюджеттин эсебинен сатылып алынат.

Анархан ЖАҢЫБАЕВА, KOGART.KG

Экспеттердин ой-пикирлери: Эксперты обсудили “План реализации ОНУВ по адаптации в секторах «Энергетика» и «Водные ресурсы» — Green Alliance KG (green-alliance.kg) макаласынан кыскартылып кыргызчаланды.

Эксперттердин сүрттөрү: https://green-alliance.kg/ Интернет сайтынан алынды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24