KELECHEK
rek

"Чет элдик өкүл" мыйзамы кворум жоктугунан каралбай калды

"Чет өлкөлүк өкүл" мыйзамы бүгүн 19-сентябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде каралбай калды. Мыйзам долбоору бүгүн биринчи окууда каралат деп расмий түрдө күн тартибине кирген, бирок кворум болбой калды.

Мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышкан.

Долбоор аталган комитетке келип, жайкы каникул алдында каралат деп жатып, ошо бойдон каралбай калган.

Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын "чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын белгилешкен.

Жакында 120 уюм аталган комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковго кайрылуу жолдоп, бул мыйзам "чет элдик агенттер" мыйзамынан айырмасы жоктугун, агент деген сөздү өкүл деп гана алмаштырып коюшканын, эгер ал кабыл алынса эркиндик укуктарына гана эмес, социалдык тармакка жана экономикага залакасы тиерин белгилешкен.

Кайрылууда мыйзам долбоорунда демократия принциптерине карама-каршы келүүчү бир катар басмырлоочу нормалар бар экени, алар өлкөнүн Баш мыйзамына да туура келбей турганы, мамлекеттик органдарга өзүнө жакпаган бейөкмөт уюмду каалагандай жол менен жаап коюга мүмкүнчүлүк берери, калктын орчундуу социалдык муктаждыктарын чечүүгө салымын кошуп келе жаткан уюмдарга да бөгөт коюлары айтылган.

Негизги автор депутат Надира Нарматова документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет.

Бейөкмөт уюмдар мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын бардык талаптарын аткарып, ачык иштеп келишерин, отчеттун бардык түрүн убагында тапшырып турушарын, башынан эле ошондой экенин айтууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13