KELECHEK
rek

Парламентте Казакстанга ижарага берилген пансионаттар боюнча маселе көтөрүлдү

Парламентте Казакстанга ижарага берилген пансионаттар боюнча маселе көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин 19-сентябрдагы жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Самат Шатманов Казакстанга 49 жылга ижарага берилген Ысык-Көлдөгү пансионаттар жөнүндө маалымат берди.

Анын айтымында, пансионаттар ижарага алынгандан бери эч кандай оңдоп, түзөө жүргүзүлгөн эмес.

"Бүгүнкү күндө төрт пансионат Казакстандын министрликтеринин алдында болгондуктан, биз сураган 3-4 жылдыздуу мейманканаларды курууга каражаты жок экен. Казак тарап инвесторлорду тартуу боюнча өзгөртүү киргизип бергиле деп суранган", - деди Шатманов.

Депутат Улугбек Ормонов башка мамлекеттерге ижарага берилген пансионаттар жөнүндө келишимдин шарттары аткарылбай жатат деп сындады.

"Келишимге кол коюп, талаптарды айтып алып аны сураган эч ким жок. Ал ким менен кантип курат, эмне ишибиз бар? 49 жылга бердик, талаптар аткарылбаса, келишим жокко чыгарылышы керек", - деди ал.

Депутат Ормонов Азербайжанга беш жылдыздуу мейманкана куруу үчүн Ысык-Көлдүн жээгинен 17 гектардан ашык жерди 49 жылга ижарага берүү тууралуу келишимди да тыкыр кароо зарыл деген маселе көтөрдү.

Салык кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Умтулов Казакстанга 49 жылга ижарага берилген Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын экөө гана иштеп жатканын, алар 2023-жылы төрт миллионго жакын салык төккөнүн маалымдады.

Кыргыз өкмөтү көл жээгиндеги "КазГу", "Олимп", "Казакстан" жана "Самал" пансионаттарын 2006-жылы 49 жылдык мөөнөткө деп Казакстанга ижарага берген. Эки тараптуу келишимде эс алуу жайлары 6-7 жылдын аралыгында оңдоп-түзөөдөн өтүп, туризмди өнүктүрүү боюнча чоң долбоорлор ишке ашары жазылган.

Жакында эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги өзбекстандык компанияларга Ысык-Көлдөгү "Дилором", "Золотые пески", "Рохат" жана "Бустон" пансионаттары 49 жылга пайдаланууга берилгенин жарыялаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53