KELECHEK
rek

ИИМ аймактар аралык кастыкты козуткандарга чара көрүлөрүн эскертти

ИИМ аймактар аралык кастыкты козуткандарга чара көрүлөрүн эскертти

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ош облусундагы Төлөйкөн ат майданындагы көкбөрү оюнунун соңунда чыккан жаңжалга байланыштуу билдирүү таратты.

Анда бул окуя ички иштер органдарында катталып, териштирүү башталганын билдирди.

Милиция бул чырдан улам социалдык тармактарда аймактар аралык кастыкты козуткан билдирүүлөр жарыяланып жатканын, аны тараткандар мыйзамга ылайык жазаланарын эскертти.

"Оюнчулар арасында чатактан жабыркагандар жок. Териштирүү ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө жана коомдук тартипти бузуп, чагымчыл аракеттерди жасагандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Учурда социалдык тармактарда аймактар аралык кастыкты козуткан билдирүүлөр жарыяланып жатат. ИИМ андай материалдарды тараткандар мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет. Азыр чагымчыларды аныктоо чаралары көрүлүп жатат",-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында көкбөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалга байланыштуу 25 адам Ош облустук милицияда сурак берип жатканы белгилүү болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги чырда жети адам жараат алганын, алардын бири күч органдарынын кызматкери болгонунун, ал "мээси чайкалган" деген диагноз менен ооруканага жаткырылганын билдирген.

Оштогу Төлөйкөн ат майданында 31-августта, өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты ур-токмокко алган.

Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев чырды иликтөө башталганын, күнөөлүүлөр жазаланарын эскерткен.

"Достук" жана "Ынтымак" командалары чечүүчү беттешүүгө чыгып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин "Ынтымак" 2:1 эсебинде жеңип алган.

Улуттук оюндан чыккан чууга байланыштуу социалдык тармакта талаш-талкуу болуп жатат.

Эгемендик күнүнө арналган негизги салтанаттар быйыл Ош шаарында өткөрүлдү.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53