KELECHEK
rek

Сузактагы уулуу химикаттар көмүлгөн жерлердин учурдагы абалы кандай?

Сузактагы уулуу химикаттар көмүлгөн жерлердин учурдагы абалы кандай?

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Байрак жана Ак-Чабыр айылдарына жакын жерлерден атайын жерлер бөлүнүп, жалпы 1876,38 тонна пестицид, анын ичинде СОЗ пестицид-1033,4 тонна мындан чейрек кылым мурда көмүлгөн. 

Мындан 40 жыл мурда СССРдин Саламатыкты сактоо министрлигинин буйруктары менен ДДТны (дуст) айыл чарбада колдонууга тыюу салынган. Союз учурунда тыюу салынган жана  мөөнөтү өтүп кеткен пестициддерди жок кылуу маселесин “Көмүлгөн жерлер” деп аталган жерлерге көмүү жолу менен чечүүгө  аракет жасалган. Бул максатта 1973-1980-жылдары аталган пестициддерди көмүүгө Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылынан жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунундагы Кызыл-Байрак жана Ак-Чабыр айылдарына жакын жерлерден атайын жерлер бөлүнгөн.

Кыргыз Республикасы Эгемендүүлүк алгандан бери эл аралык жамааттардын шарттарына ылайык экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнү глобалдуу маселе катары карап, аны чечкиндүү мүнөздө кароого активдүү катышууда. Буга мисал катары Кыргыз Республикасынын Стокгольм конвенциясына кошулушун атоого болот.

Эколог Индира Жакипованын берген маалыматына караганда, туруктуу органикалык булгагычтар - бул өндүрүштүн терс көрүнүштөрүнүн айлана-чөйрөгө, адамдардын ден соолугуна тийгизген таасири. Бул негизи уникалдуу физикалык жана химиялык биргелешкен касиеттери бар органикалык булгагычтар. Бул органикалык булгагычтар “Грязная дюжина” деп  аталган: диоксиндер, фурандар, полихлордолгон бифеналдар, дихлор изомеринин аралашмасы (ДДТ) жана башка токсиндик касиетке ээ болгон, курчап турган айланадагы объектилерде топтолуучу, биологиялык жана трофикалык максаттарда билдирилген көбөйүү касиетине ээ болгон пестициддер.

Стокгольм конвенциясынын “А” тиркемесинде  жок кылынуучу  төмөнкү химиялык заттар көрсөтүлгөн:

Алар: альдрин, хлордан, дильдрин, эндрин, гептахлор, гексахлорбензол (ГХБ), мирекс, полихлорлонгон дифенилдер (ПХБ), токсафен. Ал эми “Б” тиркемесинде ДДТга байланыштуу милдеттер коюлган:

- ооруларды алып жүрүүчүлөр менен күрөшүү максатынан башка учурларда иштеп чыгуу жана колдонууга тыюу салуу;

- жалпы коомчулук үчүн айкындуу болгон ДДТ Реестрин түзүү;

- өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша илимий изилдөөлөргө жана альтернативдүү коопсуз ДДТны иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү болуп саналат”, - дейт И.Жакипова .

Пестициддерди алгачкы  тактоо жыйынтыгында Кыргызстандын (кээ бир участкаларда) жер кыртыштарында булгануу деңгээли жогору болгондугу, концентрациялык нормаларынан ашып кеткендиги  катталган. Анын жыйынтыгында булганган жер участокторунда айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө адамдардын организиминде пестициддердин чогулушуна алып келет. Ошондуктан эне сүтүн анализдегенде пестициддердин бар экендиги аныкталган. Мындай көрүнүштөр көбүнчө республиканын  түштүк тарабындагы айрым айылдарда байкалат. Бул көрүнүштөр туруктуу органикалык булганычтар (ТОБ) – пестициддер көмүлгөн жайлар, сакталган кампалар, ошондой эле көмүлгөн жерлерди кайра ачууда кооптуулук жаралат.

Уулуу агрохимикаттар көмүлгөн жерлердин тарыхы жана көйгөйү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын башчысы Савирбек Томаевдин берген маалыматына караганда, Сузак районундагы Кара-Алма токой чарбасынын аймагында жайгашкан Ак-Чабыр участкасында Союз маалында эскирген, колдонуудан алынган жана тыюу салынган уулуу химикаттардын 5 түрдөн ашыгын көмүү иштери 1973-жылдан 1978-жылдарга чейин жүргүзүлгөн. Бөлүнгөн участканын аянты 0,9 ганы түзөт. Участкада 9 бөлүк траншея казылып, 9,5 тонна  пестицид көмүлгөн. Траншеялар 3 метр кеңдикте жана 2 метр тереңдикте даярдалган, анын жан жактары жана жогорку бөлүгү бетондолуп жабылган. Аталган уулуу химикаттар көмүлгөн жайлар ээсиз болгондуктан, пестициддерди казып алуу максатында белгисиз адамдар тарабынан мыйзамсыз казуу иштери жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында 2008-2010-жылдары малдардын массалык түрдө өлгөн жана жакын айылдардын жашоочуларынын ууланган  фактылары болгон.

Сузак район-шаар аралык айлана-чөйрөнү коргоо боюнча инспекциясынын мурдагы башчысынын берген маалыматында, 2011-жылдын август айында уулуу химикаттар көмүлгөн жерди белгисиз адамдар мыйзамсыз казып, дус алышкан.

Ошондон кийин, Жалал-Абад аймактык айлана-чөйрөнү коргоо жана токой экосистемасын өнүктүрүү башкармалыгынын эсебинен 19 миң сом бөлүнүп, казылган жерди топурак менен жаптырышкан жана уулуу химикаттар көмүлгөн жер убагында тосулган.

Маалыматтарга караганда, 2000-жылдардан баштап Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундары менен Өзбекстандан келип, мыйзамсыз казып алуулар 2008-жылга чейин уланган. 2009-жылы Жалал-Абад облустук экологияны коргоо башкармалыгы тарабынан ачылган жери кайрадан жабылган. Бул жер Базар-Коргон району менен чектеш болгондуктан,

2009-жылы аталган райондун Акман айылдык округунун койлору уулуу химикат көмүлгөн жердин айланысында оттоп жүрүп, ууланып өлгөн. Анын этин союп жеген 36 адам ууланып, ооруканага жаткарылган. Ал эми 2010-жылы Сузак районунун Жаңы-Дыйкан айылынын тургундарынын 7 кара малы жамгыр жааганда ошол жердеги көлчүктөгү сууну ичип, ууланып өлгөн мал ошол жерге көмүлгөн.

“Эгерде ал жерге барып калсаң, көп убакыт турган зыян. Башың ооруйт, көңүлүң айланып, өзүңдү жаман сезесин. Муну тез арада мамлекеттик деңгээлде чечпесе болбойт. Келечекте жергиликтүү калктын ден соолугуна олуттуу зыян алып келиши мүмкүн», - деп Сузак район-шаар аралык айлана-чөйрөнү коргоо боюнча инспекциясынын башчысы Рахман Касымов 2011-жылы деп жооп берген.

Адистердин айтымында, аталган участкада сунушталган көмүү реестрине ылайык, эскилиги жеткен, органикалык булганууга туруктуу, мындайча айтканда биринчи класстагы коркунуч келтирүүчү токсин калдыктары пестициддер көмүлгөн. Аларды башка жакка которуу боюнча  жана кошумча чараларды көрүү зарыл экендиги эскертилген. Эскилиги жеткен жана тыюу салынган пестициддерди көмүү “Айылчарбахимиясы” тарабынан инженердик-геологиялык жана гидрологиялык изилдөөлөрсүз жүргүзүлгөн.

Ак-Чабырдагы уулуу химикаттар көмүлгөн жай 2013-жылы Сузак райондук мамлекеттик администрациясы жана “Гренлайт”, “Экоис-Бишкек” коомдук уюмдарынын көмөгү менен долбоор жазылган.

Долбоордун жардамы менен Европадан 500 метрден ашык атайын пленка сатып алынып, могильниктин үстү жабылып, айланасы темир тор менен тосулган. Суу сыртка кетпеши үчүн айланасы арык катары бульдозер менен казылган.

Кароолчу үчүн кардон-үйү курулган, бирок азыр ал жерде эч ким жашабайт. Ал эми  2014-жылы АКТ менен Кара-Алма токой чарбасынын балансына өткөрүлүп берилген.

Кара-Алма токой чарбасынын Сузак токой бөлүмүнүн бөлүм башчысы Абдилазов Абдинасирдин берген маалыматына караганда, учрда Ак-Чабыр участкасына № 1-кыдырманын токойчусу бир жумада эки жолу барып, айланасын көзөмөлдөп турушат.  

“Борбордук Азия өлкөлөрүндө ДДТ камтыган калдыктарды термикалык эмес кайра иштетүүнү көрсөтүү” долбоору ишин баштады

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы №77 «Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча КР Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 201-р буйругу менен бекитилген. Бул буйруктун №17 пункту Кажы-Сай, Миң-Куш, Шекафтар, Майлуу-Суу, Кара-Балта тоо-кен комбинатынын аймагында уран калдыктарын зянсыздандыруу жана Сузак айылынын аймагындагы ири көрүстөндөрдөгү эскирген пестициддерди жок кылуу максатын аныктайт.

Ошондой эле, КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому менен кабыл алынган “Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча” КР Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын № 825 пунктунда: «Айлана-чөйрөгө химиялык заттардын чыгышын кыскартуу жана адамдын ден соолугуна терс таасирин азайтуу, Сузак-А ири резервуарынын аймагындагы эскирген пестициддерди сактоочу жайга экологиялык жактан коопсуз утилизациялоону жүргүзүү” жөнүндө талаптар коюлган.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин (мындан ары ЖРЭТКМ) орун басары К.У Касейиновдун КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т.Сыргабаевге жазган катында, аталган министрлик эскирген пестициддердин көйгөйлөрү боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу жана жергиликтүү жамааттар арасында маалымат таратуу, Сузак-А пестициддер көмүлгөн жайга жакын жайгашкан калктуу конуштарда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кызыктар тараптар менен өз ара аракеттенүү, потенциалын күчөтүү боюнча маалыматтык-коммуникациялык кампанияны өткөрүүнү пландаштырып жаткандыгын билдирген.

“Жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлеринин арасында туруктуу органикалык булгоочу заттардын жана эскирген пестициддердин адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасири, пестициддерди колдонуудагы коркунучтар жана коопсуздук эрежелери боюнча окутуу жүргүзүлө тургандыгы айтылган. ЖРЭТКМ Сузак-А сактагычында эскирген пестициддерди утилдештирүү боюнча пландарды ишке ашыруу үчүн ГЭФ/ЮНЕПтин “Борбордук Азия өлкөлөрүндө ДДТ камтыган калдыктарды термикалык эмес кайра иштетүүнү көрсөтүү” аталган регионалдык долбоорун ишке ашырууда.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, ЖРЭТКМ Жалал-Абад областынын мамлекеттик администрациясынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине зарыл болгон маалыматтарды жайылтууда райондордун жана айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде иш жүргүзүүдө ЮНЕП долбоорунун жамаатына көмөк көрсөтүү, КР Президентинин жогоруда көрсөтүлгөн Указдарынын, КР Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана буйруктарынын тиешелүү пункттарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларга активдүү катышып берүүнү өтүнөт”, - деп жазылган ал катта.

Маалыматтык-коммуникациялык кампания 2023-жылдын июлунан 2024-жылдын январына чейин райондордун жана айыл өкмөттөрдүн денгээлинде жүргүзүлүп, Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү Бостон, Орто-Азия айылдарын, Сузак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Дыйкан, Садда, Мазар-Булак айылдарын, Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүндөгү Таш-Булак, Сасык-Булак, Могол-Коргон айылдарын жана Базар-Коргонду камтыйт.

Министрдин орун басары К.У. Касейиновдун катынын негизинде Өкүлчүлүк тиешелүү органдарга каттарды жиберген. Сузак районунун акиминин 1-орун басары Б.Суюнбаев тарабынан өкүлчүлүккө жооп кат келген. Ал өзүнүн катына кошуп Сузак райондук ветеринардык башкармалыктын  башчысы А.И.Сабирхановдун билдирүүсүн тиркеген. Анда А.И. Сабирханов мындан бир топ жыл мурунку маалыматты пайдаланып, “Айланасындагы тосмолор бир нече жыл мурун кароосуз калгандыктан, белгисиз адамдар тарабынан бузулуп, ташылып кеткендиктен, азыркы күндө ачык абалда турат..”, - деп жооп берген.

Тилекке каршы, Кара-Алма токой чарбасынын Сузак токой бөлүмүнүн бөлүм башчысы Абдилазов Абдинасирдин сөзүнө караганда, Ак-Чабыр участкасына № 1-кыдырманын токойчусу бир жумада эки жолу барып, айланасын көзөмөлдөп турушат. “Азыркы учурда уулуу химикаттар көмүлгөн жердин айланасы бузулуп, ташылган эмес. Ал жерде эч кандай кооптуу абал жок”, - деди А.Абдилазов.

Сузак райондук мамлекеттик администрациясында иштеген Б.Үсөнбаев,  акимдин 1-орун басары Б.Суюнбаев Сузак-А ири резервуарынын аймагындагы эскирген пестициддерди сактоочу жай кимге караштуу экендиги боюнча толук маалыматтарынын жоктугуна ушул жооп каттан улам күбө болдук.

Бул уулуу химикаттар көмулгөн жай 2014-жылы Кара-Алма токой чарбасынын карамагына өткөрүлүп берилген. Сузак райондук ветеринардык башкармалыктын бул жерге эч кандай тиешеси жоктугуна карабай, такталбаган маалыматтарды жогорку бийлик органдарына жиберип жатканы баарынан кызык болуп жатат?..

Долбоордун өнөктөштөрү кимдер?

“Борбордук Азия өлкөлөрүндө ДДТ камтыган калдыктарды термикалык эмес кайра иштетүүнү көрсөтүү” ГЭФ/ЮНЕПтин долбоорунун менеджери Ваутер Пронктун берген маалыматына караганда,  бул долбоорду Кыргызстанда ишке ашыруу боюнча шериктеш болуп улуттук “Озон борбору” эсептелет, директору Марс Аманалиев. Ал эми маалыматты коомчулукка жеткирүү үчүн  "Экоис-Бишкек" Коомдук уюмунан Индира Жакипова жана  Ош шаарындагы Орхус маалымат борбору тандалып алынган.

- Ваутер Пронк мырза, долбоордун негизги максатына токтолуп өтсөңүз?

- Долбоордун негизги максаты – Базель, Сткогольм конвенцияларынын талаптарына ылайык, коркунучтуу калдыктарды, анын ичинде ДДТ жана башка ТОБту экологиялык жактан таза башкаруу боюнча эки өлкөнүн (Кыргызстан, Тажикстан) тең улуттук жана аймактык потенциалын камсыздоо болуп саналат. Базель, Сткогольм конвенцияларынын талаптарына ылайык, эки өлкө тарабынан  улуттук жана аймактык потенциалдарын камсыздоо үчүн коркунучтуу калдыктарды экологиялык рационалдуу  башкаруу, анын ичинде ДДТ жана башка ТОБторду.

Долбоордун аякташы менен:

  • 5000 тонна ТОБ  утилдештирилет;
  • Аймактарда коркунучтуу калдыктарды жок кылуу мүмкүнчүлүгү бар ишканаларды Лицензиялоо;
  • Долбоор бар  өлкөлөрдө коркунучтуу калдыктарды  улуттук стратегиялык  башкаруу  ишке ашырылат;
  • ТОБ пестициддердин адам ден соолугуна жана курчап турган айлана-чөйрөгө келтирүүчү зыяны жөнүндө калктын кабардар болушун камсыздоо үчүн улуттук жана жергиликтүү кампанияларды өткөрүү.

Мындан сырткары, кошумча 10 приоритеттүү объектилери үчүн   тобокелдик жаратуунун  алдын алууну төмөндөтүү иш-чаралары иштелип чыккан. Долбоор 2020-  жылдын февраль айында башталган, 2025-жылы аякташы керек. Бирок COVID-19га  байланыштуу долбоордун мөөнөтү узартылган. Учурда ЮНЕПтин кеңешчиси долбоордун орто мөөнөттүү түшүнүгүн берүүдө.

- Долбоорду кайсы эл аралык уюм каржылап жатат?

- Долбоор  Глобалдуу  экологиялык фонд (ГЭФ) тарабынан каржыланат. ГЭФтин бюджети:  15,120,000 долларды түзөт. Ал эми өлкөлөрдүн натуралдык салым  түрдө каржылоосу : Кыргыз Республикасы: -  5,750,000 доллар, Таджикистан: -  5,750,000 долларды түзөт.

Жогоруда айтып өткөндөй, Сузакка жакын жерде бир улуттук жана бир жергиликтүү маалыматтык кампания  даярдалып жатат. Сузактагы иш чаралар кыска мөөнөттө башталат, - деди Ваутер Пронк мырза.

Мындан сырткары, "Экоис-Бишкек" Коомдук уюмунан добоордун координатору Индира Жакипованын сөзүнө караганда, пестициддер адам үчүн өтө уулуу болгондуктан, адамдын  ден соолугуна зыян келтирбөө үчүн сөзсүз түрдө тийиштүү эрежелерди сактоо зарыл.

- Эгерде көмүлгөн жайлардын коргоочу катмары бузулбаса, чыккан суу алыс болуп, адамдардан жана мал жандыктардан ишеничтүү корголгон болсо - ал жер адам үчүн кооптуу эмес. Бирок коопсуздук шарттары сакталбаса, уулуу химикаттар көмүлгөн жайдын ичиндеги суу жуулуп, айлана -чөйрөгө тарайт. Андан кийин, адам организмине аба, суу, жер кыртышы жана айыл-чарба азыктары аркылуу кирет (тосмолор болбосо, чаңда көмүлгөн жайларга мал жандыктар кирип, көмүлгөн жерде жаан-чачындан пайда болгон көлчүктөрдөн суу ичип, чөп жеши мүмкүн).

Арстан жырткыч айбан катары аны менен жаратылышта бетме-бет жолугушуу өтө коркунучтуу, бирок ал капаста болсо коопсуз болуп, жырткыч айбан болбой калат. Бирок бул учурда өмургө тобокелдик болбойт, анткени ал темир тордон чыгып таасир бере албайт. Арстан темир тордон чыкпаса эч кимге зыяны жок болгондой эле, пестициддер да көмүлгөн жайда бекем сакталса, эч кимге зыян келтирбейт. Эгер эч бир адам, жаныбар пестициддер көмүлгөн жайга кирбесе, ал жакка басып барбаса, анын эч кандай тобокелдиги жок. Ар кандай пестициддерден сактанууга болот. 

КР Өкмөтү БУУнун (ЮНЕП) “Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча” Программасынын алкагында, эл аралык өнөктөш уюм менен биргеликте эң  маанилүү миссияны - туруктуу органикалык булганыч заттарды жана эскирген пестициддерди жок кылууну өз мойнуна алды. Долбоордун жардамы менен эски туруктуу органикалык булганычтардын запастары жана эски пестициддер жок кылынат. Бул бир гана бизди курчап турган айлана-чөйрөнү эмес, ар бирибиздин ден соолугубуз  үчүн камкордук көрүү болуп саналат. Учурда 5 миң тонна коркунучтуу заттарды жок кылууга жардам берүү даярдыктары жүрүп жатат. Бардык иштер улуттук жана эл аралык экологиялык укуктардын талаптарын катуу сактоо менен өтө кылдат жүргүзүлөт. Бул дени сак улут үчүн эң маанилүү кадам, - дейт эколог И.Жакипова.

(Сүрөттөр Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын башчысы Савирбек Томаевден жана эколог Индира Жакиповадан алынды).

Анархан ЖАҢЫБАЕВА, KOGART.KG

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24