KELECHEK
rek

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда туулган россиялык космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда туулган россиялык космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту

 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде - Эл аралык космонавтика күнүндө россиялык сыноочу-космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту.

Сергей Корсаков 1984-жылы Фрунзе шаарында туулган, борбор калаадагы №24 А.Токомбаев атындагы мектепте окуган. Ал убагында «Союз МС-21» космос кораблинин бортунан кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен, бишкектиктерди Шаар күнү менен куттуктаган.

Мамлекет башчысы Сергей Корсаковду жылуу тосуп алып, кесиптик майрамы - Эл аралык космонавтика күнү менен куттуктады.

Ал атактуу мекендештерин алар үчүн жакын болгон, туулуп-өскөн кичи мекенинде - Кыргызстанда дайыма кубануу менен тосуп аларын белгиледи.

Садыр Жапаров Мамлекет башчысы катары мекендештерди ар тараптан колдоого жана аларга дем берүүгө даяр экенин баса белгиледи.

«Албетте, азыр кандай экенин билбейм, бирок биздин учурда ар бир экинчи бала космонавт болууну кыялданчу. Менимче, сиз да ошолордун арасында болгонсуз. Бактыга жараша, Сиздин кыялыңыз орундалды. Ааламдын бардык кооздуктарына суктануу жана космос мейкиндигин изилдөө мүмкүнчүлүгүңүздүн узак мөөнөттүү жана оңтойлуу болушун каалайм», - деп кошумчалады Мамлекет башчысы.

Өз кезегинде космонавт Сергей Корсаков Президентке жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ал үчүн дагы бир жолу туулуп-өскөн Бишкек шаарында болуу чоң сыймык жана кубаныч экенин белгиледи.

«Кыргызстан менин жүрөгүмдө өзгөчө орунду ээлейт, анткени менин балалыгым, өспүрүм чагым ушул жерде өттү. Кыргызстанда мен билим алдым, менин мүнөзүм ушул жерде калыптанган, тагыраак айтканда, менин карьерама өжөрлүгүм жана тырышчаактыгым таасирин тийгизди», - деди космонавт.                                         

Эл аралык космос станциясынын бортунда жеке буюмдарга чектөөлөргө карабастан, ал өзү менен кошо Кыргызстандын жана туулуп-өскөн Бишкек шаарынын желектерин ала кеткенин айтып берди.

Сергей Корсаков Мамлекет башчысына 2022-жылдын 18-мартында «Союз МС-21» космостук кемеси тарабынан алынып келинген жана 2022-жылдын 29-сентябрына чейин экспедицияны коштоп жүргөн, анын тумары болгондугун тастыктаган, Эл аралык космос станциясынын штампы басылган Кыргызстандын желегин тартуу кылды. Мындан тышкары, космонавт космостон тартылган, анын ичинде Ысык-Көлдүн сүрөттөрүн тапшырды.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Сергей Корсаковду жана анын кесиптештерин Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга, Юрий Гагарин учкандан кийин ден соолугун калыбына келтирген жерлерге барууга чакырды. Ал ошондой эле космонавтка мындан аркы ийгиликтерди каалап, эстеликке белектерди тапшырды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13