KELECHEK
rek

Блинкен Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн Астанага барды

Блинкен Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн Астанага барды

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бүгүн Астана шаарына расмий сапары менен барды. Казакстандын баш калаасында ал С5 + 1 форматында Борбор Азиядагы беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушат.

Reuters агенттиги белгилегендей, бул Блинкендин АКШ президенти Жо Байдендин администрациясынын башкы дипломаты катары аймакка жасаган алгачкы сапары болуп калды.

Мамлекеттик катчынын Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушуусу Орусиянын Украинада жүргүзүп жаткан согушуна бир жыл болгон маалда уюштурулуп жатат. Серепчилер бул согуш Борбор Азияны өзүнүн таасири алдындагы аймак катары эсептеген расмий Москва үчүн сыноо болгонун, аймактын лидерлери Орусияга каршылык көрсөтүүдөн коркпогонун белгилеп жатышат.

Блинкен бул сапарын утурлай Twitter баракчасына Борбор Азия менен өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын жазган.

C5+1 саммитинде экономика, энергетика, экология тармактарындагы кызматташтык маселелери менен катар АКШнын, Кыргызстан, Казакстан Тажикстан, Түркменстан жана Өзбекстан менен коопсуздук жаатындагы мамилелери талкууланары кабарланган.

Астанада Энтони Блинкен Казакстандын жетекчилери менен да жолугушууларды өткөрөт. Андан кийин Өзбекстанга барат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52