KELECHEK
rek

Адам сатуу – бул кылмыш!

Адам сатуу – бул кылмыш!

Чет элдик серепчилердин эсептөөлөрү боюнча, жыл сайын миллиондогон адамдар эл аралык адам сатуу менен алектенген соодагерлердин курмандыгы болуп турат. Алардын 80 пайызын аялдар жана балдар түзөт. Адам сатуунун курмандыктарынын 70 пайызы башка өлкөлөргө сексуалдык кулчулук максатында сатылат.

Бириккен Улуттар уюумунун 2000-жылдагы адам сатуу, айрыкча аялдарды жана балдарды сатууга тыюу салуу, алдын алуу, ал боюнча жаза чектөө боюнча Протоколунун 3-статьясында: “Өз кызыкчылыгына пайдалануу максатында адамдарды азгырып, алып кетип, жашырып, колдон колго өткөрүп, коркутуп, күчтөп же мажбурлоонун башка түрлөрүн колдонуп: уурдап кетип, шылуундук менен алдап, үстөмдүккө салып, же кыйчалыш кырдаалда калганынан пайдаланып сатып алуу же аларды көзөмөлдөп тургандардын макулдугун алыш үчүн аларга кун төлөп берип сатып алуу дегенди билдирет”, - деп жазылган.

Адам сатуу – бул азыркы күндөгү глобалдуу масштабдагы кылмыш болуп эсептелинет. Ал белгилүү өлкөлөрдө арзан жумушчу күчүнө болгон керектөөдөн башталып, аягы сексуалдык эксплуатация, мажбурлап иштетүү, кулчулук, күнкордук жана түрдүү курмандыктарга айлануу менен бүтөт. Адам сатууга эмгек мигранттары туш болсо, алардын арасынан жаштар көп кездешет.

Ал эми эксплуатация - адамды сексуалдык жактан пайдаланууну көздөгөн сойкулукту, сексуалдык пайдалануунун дагы башка түрлөрүн, мажбурлап иштетүүнү жана кулчулук кызматтарды же кулчулукка кириптер кылуучу адаттарды, эрксиздикти жана органдарды алууну өз ичине камтыйт (Палерма Протоколунун 3-статьясы).

Кыргызстандык жарандар жумушсуздуктан, чет жакка барып акча таап келүү үчүн бирөөлөрдүн жалган убадаларына ишенип, кулчулукка сатылып кеткен учурлары көп кездешет. Кулчулукка дуушар болгондордун көпчүлүгү айыл жеринде жашаган карапайым адамдар болуп  саналат. Айрыкча жаш кыздар сойкулукка сатылса, жумушка жарамдуу адамдар эмгек кулчулугуна сатылып кетишет. Кулчулукка дуушар болгондордун айрымдары Эл аралык миграция уюмунун жардамы менен өз үйлөрүнө кайтып келишип,  алгачкы ишин баштап кетүүсү үчүн жардамдарды алышат. Акыркы 15 жыл аралыгында кулчулукка дуушар болгондордун мисалдарын окурмандарга баяндап берүүнү туура көрдүм.

КЫЗ-КЕЛИНДЕРДИ СЕКСУАЛДЫК КЫЗМАТ ҮЧҮН САТЫШАТ

Кулчулук боюнча өлкөлөрдү үчкө бөлсө болот – транзит өлкөсү, кулчулукка алып барган жана кулчулук чыккан өлкө деп. Биздин Кыргызстан транзит өлкө, кулчулукка алып кеткен өлкө болуп эсептелет. Кулчулуктун шартын дагы айтып кетсе болот. Бул маалыматтын жетишсиздигинен жана жумушсуздуктан келип чыгып жатат. Маалымат кээде жетиштүү болсо дагы, элдер ишенбей, мен башка жакка барсам эле турмушумду оңдоп алам, көйгөйлүү маселемди чечип алам деп кете беришет

Көпчүлүк кыз-келиндерди алдоо жолу менен чет өлкөгө сексуалдык зордук-зомбулукка сатышат. Чет жакка кетип бара жаткан кыз-келиндер ал жакта бакма эне, үй кызматкери же болбосо өз кесиби менен иштейбиз деген ойдо болушат. Жумушсуздуктан үйүндө олтурган кыз-келиндерге чет өлкөдөн чоң суммадагы акча таап келүү кыялдары ишке ашпай, алар алдамчылардын курмандыгына чалынышат.

Алдамчылык менен алектенген И.Э. аттуу жаран Жалал-Абад шаарынан эки кызды  Турцияга 2 миң долларга билет алып берип өзүнүн карындашы О.Э. салып жиберет.  Карындашы О.Э. аларды Турциянын аэропортунан тосуп алгандан кийин, сексуалдык кызмат көрсөтүү үчүн сатып жиберген. О.Э. буга чейин эле мыйзамсыз жол менен адамдарды Турцияга ташып, сексуалдык зордук-зомбулукка сатып,  акча таап жүргөн.

Турцияга кетип жаткан кыздар ал жакта бакма эне болуп иштейбиз деген ойдо болушкан. Бирок, алар жарым жыл боюу сексуалдык зордук-зомбулукка дуушар болушкан. Ошентип, Турцияда ар кандай кордукту көргөн кыздар И.Э.нин үстүнөн кылмыш жоопкерчилигине тартып берүүсүн суранып арыз менен укук коргоо органдарына кайрылышкан. Анын үстүнөн «Адам сатуу-алдоо» менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүп, сотко өткөрүлгөн. Сот адам саткан айыпкерге катуу жаза берүүнүн ордуна мамлекеттин эсебине 30 миң, жабырланган тарапка моралдык компенсация катары экөөнө 10 миң сомдон акча  И.Э.ден өндүрүлсүн деген өкүм чыгарган. Эл аралык миграция уюму тарабынан сексуалдык зордук-зомбулукка дуушар болгон кыздарга медициналык кароосуна, сотко катышкан адвокаттын акысына, чачтарач жана укалоочу кесипке окуусуна жардам берилген.

Ошондой эле, Р.Дильфуза аттуу аял да Жалал-Абад шаарынан  алдамчылык жол менен кыздарды Турцияга сексуальдык зордук-зомбулукка сатып жибергени боюнча кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад шаардык сотуна кылмыш иши  өткөндөн кийин судья аталган кылмыш ишин кайра тергөөгө жиберген. Убактылуу кармоо жайында жаткан Р.Д.нын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үйүнөн башка жакка кетпөө тил каты менен камактан убактылуу бошотушкан. Ал эми сексуалдык зомбулукка учураган эки кызга Эл аралык миграция уюму тарабынан тигүүчүлүк жана чачтарачтык курсун бүтүрүүгө, паспортун жаңы кайра алууга, алгачкы ишин баштоо үчүн тигүү машинасын,  чачтарачка керектүү жабдыктарды алууга жардам көрсөтүлгөн.

НАЗГҮЛ АТТУУ КЫЗ БАЗАР-КОРГОНДУК 20 ЭРКЕКТИ САТКАН

Базар-Коргон районунан төрт эркек жардам сурап «189» түз телефон байланышына кайрылышкан. Алардын жаштары 39-45де болгон. Кайрылган эркектертер 20 жаштагы Нвзгүл деген жаш кызга алданышып, чет жерде  кандай тагдырга туш болушкандыгы боюнча айтып беришкен. Түз ьайлвнышка кайрылган төрт эркектин бири биринчи партиядагы 10-15 адам менен кетип, иштеп жүргөн жеринде экинчи партия менен барган эркектер менен чогуу Россияда соттолушуп, анан өз жерине  кайтышкан.

Алдамчылык менен алектенип, бизнес жасаган Н. Базар-Коргонго барып: «Силерди Санкт-Петербург шаарына алып барып, иш таап берем, бекер жатакана болот, айлыгыңар 500 АКШ доллары менен төлөнөт. Тамак-ашыңар бекер, жол киреңерди өзүм төлөп алып барам»,- деп алдап, онго жакын эркекти алып кеткен. Алар  автоунаалар менен Бишкекке чейин барышкан. Андан ары аларды Н. Санкт-Петербургка поезд менен бекер алып кеткен. Паспортторун алып койгон. Россиянын Санкт-Петербургк  шаарына барышканда 10 эркекти Турциялык бир фирмада иштетет. Алар барган мезгилде буларга чейин барып иштеп жүргөн 10 эркекти (алар да Базар-Коргондук болгон) жолуктурушат. Барып иштегенден төрт ай өткөнгө чейин бир тыйын да бербейт. Себеби, турциялык фирма менен келишимди Н. өзү түзүп, «айлыктары мен аркылуу таркатылат»,-дейт экен. Иштеткени алып барган адамдардын айлыгын «жол киресин, тамак-ашына кеткен акчаны чыгарып алгандан кийин берем», - деп алдап койгон.

Ошентип, арадан беш ай өткөндөн кийин, алданган эркектер Н.дөн айлык акыларын талап кыла баштаганда, «бул жерде иш начар экен, башка жерге барып иштейсиңер»-деп, аларды Э. аттуу балага сатып жиберет. Ал болсо булардын беш-алтоону топтоп Мурманскиге алып барат. Ал жерде алар котельныйда иштей башташат. Шарты начар жерде жашап иштешет. Эшикке чыгайын дешсе, паспорттору жок. Айлык албай төрт ай иштегенден кийин, Э.ге нааразычылык билдирип, айлыктарын сурай башташканда ал: «болуптур, берем!»- деп кутулат. Анан Э. алардан кутулуу үчүн, милиция менен сүйлөшүп карматып коёт. Алар милициянын подвалында жети ай жатышат. Сот болуп, «каттоосу, миграциялык карточкасы жок, легалдуу эмес иштеп жатасыңар деп, ар бирине 2,5 миң рублдан штраф төлөгүлө»- деген чечим чыгарат.

Бөтөн жерден жакшы акча таап келебиз деп, бирөөнүн бал тилине алданып кеткен эркектер соттолгондон жети ай өткөндөн кийин департация болушуп, поезд менен Кыргызстанга кайтышат. Алар келгенден кийин, Н. менен Э. туугандарына жолугушуп, иштеген акчаларын кайтарып беришин талап кылышкан. Базар-Коргон райондук миграция жана жумуштуулук комитети аркылуу «189» түз байланыш телефонуна кайрылышкан. Кайрылган эркектер Н. менен Э. үстүнөн арыз жазуудан баш тартышкан. Социалдык жардам катары ар бирине Эл аралык миграция уюму аркылуу жардам берилген.

АДАМ САТКАН АЛДАМЧЫЛАР ЖАЗАЛАНБАЙ КАЛЫШАТ...

Адам саткан алдамчы соодагерлер керектүү жазаларын алышпайт. Алар жеңил гана жаза алышып, айып пул төлөө менен кутулуп кетишет. Эгерде ошол адам саткан алдамчылар оор жазага сот аркылуу кириптер болушканда, адамдарды сатуу фактысы бир аз да болсо азаймак. Тилекке каршы, тергөө бүтүп сотко өткөндөн кийин адам саткан алдамчылар оңой жол менен эле эркиндикке чыгып, кайра эле өздөрүнүн соодасын улантышат. Себеби, адам сатуу менен алектенген адам өзү эч качан жалгыз иштебейт. Бүгүн эртең менен тура калып эле, «бул адамды сатып ийип, акча табайынчы»-дебестен, бул ишке алдын-ала өтө кылдаттык менен даярданышат. Бул иш абдан түптөлүп, калыптанып калган иш. Анын ичинде бир нече адамдар иштешет.

Анткени, адам сатуу үчүн - бирөөнү табуу зарыл. Анан барып анын документтерин даярдап, керектүү жерге чейинки билеттерин алуу керек. Бул бир жалпы система болуп түзүлүп калган нерсе. Андан кийин ал адамды башка шаардагы кишиси тосуп алып, эң акыркы дарегине баргандан кийин ал сатыла турган адамды кул катары сатып ала турган адамга сатыш керек. Мунун ичинде бир нече адамдар, уюмдар, структуралар аралашып чогуу иштешет десек болот. Мисалы, паспортту жөнөкөй эле киши барып өзү жасай албайт. Буга сөзсүз түрдө паспорт стол же паспорт берүү системасында иштеген адам болушу зарыл. Аба жолдорунда, поезд каттамында да сөзсүз түрдө ишеничтүү адамдардын болуш зарылдыгы пайда болот.

Адам сатууга бир нече структуралар байланышкан. Ошол себептен, адам сатуу бизнеси өтө өнүгүп, анан кармалган адамдар анча көп жазага дуушар болбойт. Биринчиден, бул өтө көп чоң суммадагы акча менен иш жүргүзүлгөндүктөн, экинчиден болсо, чоң-чоң уюмдар бул иш менен байланышта болгондуктан, адам саткан адамдар өз жазаларын албай эркиндикте өз иштерин кайра эле уланта беришет. Качан гана соттор аларды катуу жазалап, 15-20 жылга эркинен ажыратып түрмөгө отургузса, бир аз абал өзгөрүшү мүмкүн. Адам саткан адамдарды соттор КЖКнин «Алдамчылык» беренси менен ишти бүтүрүп таштайт, же болбосо ар бирине 10 миң сом айып төлөсүн дейт. Ошону менен адам сатып соодагерлик кылгандар жазадан оңой жол менен кутулуп, арам иштерин андан ары улантышат.

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, KOGART.KG

"Аймира" жана "Благодать" коомдук фонддору өнөктөштүктө ишке ашырып жаткан "Адамдарды кулчулукка сатуу көйгөйү жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун көтөрүү" долбоорунун алкагында жарыяланган сынакка.

#pf_aymira_jalal_abad, #PF Aymira

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24