KELECHEK
rek

Мобилизация жарыялангандан кийин Москвадан Стамбулга, Минскиге жана Ереванга авиабилеттер тез эле сатылып кетти

Мобилизация жарыялангандан кийин Москвадан Стамбулга, Минскиге жана Ереванга авиабилеттер тез эле сатылып кетти

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин кыска убакыттын ичинде эле орус жарандары визасыз бара ала турган өлкөлөргө авиабилеттер сатылып кетти.

"Верстка" басылмасы 21-сентябрга Москва–Стамбул жана Москва–Ереван түз каттамдарына билеттер бир нече сааттын ичинде эле толук сатылып кеткенин жазды.

"Аэрофлоттун" сайтында 21-сентябрга Москва-Минск каттамына билеттер жок калып, 22-сентябрга эконом-класска 43 106 рублден (адаттагы баасынан дээрлик 10 эсе кымбат), бизнес-класска 106 631 рублден сатылууда. Жарандар аларды да тездик менен сатып алып жатышат.

Азырынча Беларус Орусиянын жарандары үчүн "ачык терезе" бойдон калууда – алар бул өлкөгө ички паспорттору менен кирсе болот. Мындан тышкары орусиялыктар Беларуска автобус же жеке автоунаа менен барган учурда алар үчүн чек ара көзөмөлү жок. Орус жарандарынын документтери алар учуп барганда гана транспорттук компаниялардын кызматкерлери тарабынан текшерилет.

Орусиядан Беларуска азырынча поезд же автобус каттамдарына билет сатып алса болот.

21-сентябрь күнү эртең менен Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жарым-жартылай мобилизация жарыяланганын билдирген. Путиндин артынан эле мамлекеттик медиаларга маек курган Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизациянын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтты. Министр армияга негизинен запастагылар жана аскердик кызматтан өткөндөр чакырыларын, алар кошумча даярдыктан өткөрүлөрүн кошумчалады.

20-сентябрда Мамлекеттик дума өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексин "мобилизация", "аскердик абал", "аскердик мезгил" деген түшүнүктөр менен толуктап, дезертирлердин жазасын катуулата турган, өз ыктыяры менен туткунга түшкөндөргө, талап-тоноочулукка баргандарга жана коргонуу тармагындагы мамлекеттик буйрукту аткаруудан баш тарткандарга жаза мөөнөттөрүн аныктаган. Анда бул мобилизацияга даярдык катары сыпатталган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...