KELECHEK
rek

Немис полициясы Алишер Усмановдун Германиядагы үйлөрүн тинтүүгө алды

Немис полициясы Алишер Усмановдун Германиядагы үйлөрүн тинтүүгө алды

21-сентябрда Германиянын федералдык полициясы өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановго байланышы бар делген бир нече кыймылсыз мүлктү, анын ичинде Бавариянын Тегернз көлүндөгү вилласын тинтүүгө алды.

Жергиликтүү прокуратура тинтүү төрт федералдык аймактагы 24 объектиде жүрүп, ага 250 киши катышканын билдирди. Тергөөнүн маалыматына караганда, Усманов ага санкция киргизилгенден кийин мүлкүн кайтаруу үчүн күзөт кызматына акча төлөп, санкцияларды бузган болушу мүмкүн.

Миллиардерден тышкары бул иште коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөткөн же аларга көмөктөшкөн дагы төрт киши шектүү катары өтүүдө. Алар мыйзам бузууга жардамдашкан же шыкакчы болгон деп шектелүүдө. Der Spiegel журналы миллиардер салык кылмыштарына да айыпталышы мүмкүн экенин билдирүүдө.

69 жаштагы Алишер Усманов Орусиянын эң бай адамдарынын бири. Forbes журналы анын байлыгын 11,5 миллиард долларга баалаган. Февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин ал эл аралык, анын ичинде Европа өлкөлөрүнүн санкциялык тизмелерине киргизилген. Май айында ал өзүнө каршы санкцияларды жоюу өтүнүчү менен Европа сотуна кайрылган. Сентябрда Венгрия Европа биримдигинен Усмановду санкциялык тизмеден чыгарууну талап кылганы кабарланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...