KELECHEK
rek

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө 42,5 млн доллар керектелет

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө 42,5 млн доллар керектелет

Күзүндө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү үчүн 20 миллиард теңге (болжол менен 42,5 миллион доллар), парламенттик шайлоого 25 миллиард теңге (53,2 миллион доллар) талап кылынат.

Бул тууралуу бейшембиде Казакстандын каржы министринин орун басары Татьяна Савельева мажилис кулуарында билдирди.

“Президенттик шайлоо 2024-жылга пландалгандыктан, анын бюджети ошол жылга эсептелген болчу. Бирок өзгөрүүлөр менен жаңы тапшырмаларга байланыштуу каражат өкмөт резервинен бөлүнөт. Азыр Борбордук шайлоо комиссиясы эсептеп жатат. Мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоонун чыгымы – болжол менен 20 млрд тенге”, - деди Савельева журналисттерге.

Вице-министрдин айтымында, чыгымдын дээрлик 90% шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн маянасына кетет. Анын маалыматына караганда, өткөн шайлоолордо 65 миң киши иштесе, бул жолу шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү 70 миң кишиден ашат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрда парламентте элге кайрылуу кылып, быйыл күзүндө кезексиз президенттик шайлоо өтөрүн жана ага катышууга ниеттенип жатканын жарыялаган. Мындан тышкары ал 2023-жылдын биринчи жарымында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүүнү сунуштаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган  өзгөртүүлөрдү элге...

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...

Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...

Шайлоо 2016-10-05  15:02

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...

Шайлоо 2016-10-11  16:24

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся...

Шайлоо 2016-10-18  22:01

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий...

Шайлоо 2016-10-22  22:19

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей...

Шайлоо 2016-10-26  12:09

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп...

Шайлоо 2016-11-02  03:35

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан...

Шайлоо 2016-11-12  13:24