KELECHEK
rek

Британ ханышасы Елизавета II дүйнөдөн кайтты

Британ ханышасы Елизавета II дүйнөдөн кайтты

Елизавета II

8-сентябрда британ ханышасы Елизавета II Шотландиядагы падышалык жайкы резиденциядагы Балморал сарайында каза болду.

Мунун алдында Букингем сарайынын басма сөз кызматы британ ханышасынын ден соолугу начарлап, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынганын билдирген.

Балморал сарайына британ ханышасынын тун уулу, тактынын мураскери ханзаада Чарльз жана анын жубайы Камилла, ошондой эле Чарльздын уулу ханзаада Уильям барды.

96 жашында дүйнөдөн кайткан Елизавета II Британияны 70 жыл башкарып, анын бийлиги учурунда 15 премьер-министр алмашты. Өлкөнүн мурдагы колониялары эгемендикке жетишти. Елизавета II Британиянын тарыхында тактыда эң узак отурган жетекчи болуп калды. Ал падыша тактыны 1952-жылы 6-февралда атасы Георгий VI көз жумганда ээлеген. Буга чейинки рекорд анын чоң энелери, тактыда 63 жыл 7 ай отурган ханыша Викторияга таандык.

Елизавета II 6-сентябрда эле Лиз Трассты Улуу Британиянын премьер-министри кылып дайындап, 7-сентябрда министрлер кабинетин бекиткен.

Елизавета II өлкөнүн жаңы премьер-министри менен Шотландиядагы падышалык жайкы резиденциядагы Балморал сарайында жолуккан. Адатта премьер-министрлер Букингем же Виндзор сарайында дайындалат. Бирок бул жолу дарыгерлер ханышанын ден соолугуна байланыштуу Шотландиядан кетпөөнү сунушташкан эле.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52