KELECHEK
rek

Пакистанда суу ташкынынан улам азык-түлүк каатчылыгы болууда

Пакистанда суу ташкынынан улам азык-түлүк каатчылыгы болууда

Пакистандын өкмөтү июль айынан бери уланып жаткан суу ташкындарынан улам түрдүү жугуштуу оорулардын жайылып жатканына жана азык-түлүк тартыштыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Бийликтин маалыматына караганда, өлкө аймагынын 25% суу алдында калды. 31-августка карата көпчүлүк райондордо сел токтогону кабарланды. Жаратылыш кырсыгынан бери дегенде эле 1100 киши каза болуп, он миллиондогон адам жабыркап, дээрлик 1 миллион турак жай зыянга учурады.

БУУ донор өлкөлөрдү тез арада Пакистанга 160 миллион доллардан кем эмес жардам берүүгө чакырды. Расмий маалыматтар боюнча, суу ташкындарынан улам Пакистандагы 220 миллион кишинин 500 миңи үйлөрүн таштап, коопсуз райондордогу лагерлерде жашоого аргасыз болууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Пакистандагы өкүлчүлүгү медициналык жардам көрсөтүү, эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү жана селден зыянга учураган райондордо жугуштуу оорулардын жайылышына жол бербөө боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф бул өлкө тарыхындагы эң күчтүү сел болгонун билдирди. 31-августтагы билдирүүсүндө ал суу ташкыны 700 миң баш малды жана айдоо аянттарын жууп кеткенин айтты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52