KELECHEK
rek

Президент Жапаров Жетим-Тоого байланыштуу пикирин билдирди

Президент Жапаров Жетим-Тоого байланыштуу пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоонун айланасындагы талаш-талкууга байланыштуу элге кайрылуу жолдоп, ал жердеги кенди колдонууга каршы чыккандарды сындады.

Мамлекет башчысы жарандарды "Жетим-Тоону берип атышат деп калп сүйлөбөөгө" чакырып, тийиштүү органдарды жалган маалымат тараткандар менен иштөөгө үндөдү.

Мамлекет башчынын текст түрүндөгү кайрылуусу 14-августта Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

"Эсиңиздерде болсо, президенттик шайлоодо "Эгер Жетим-Тоону 100 пайыз өзүбүз иштете турган болсок, сырткы карызыбызды Жетим-Тоо эле жаап коет" деп айткан сөзүм бар. Бирок азыр Жетим-Тоону иштетели деген эч ким жок", - деп белгилеген Жапаров "бүгүн эле Жетим-Тоону иштетип жиберүүгө даярдык жоктугун, геологиялык иштер жүргүзүлүп, запасын тактоо буйругу берилгенин" кошумчалады. Ал кенди Кыргызстан өзү иштете турганын, башкаларга үлүш берилбестигин айтты.

Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү - 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет. Кийин жарандык активисттер "Жетим-Тоо темир кенин коргоо" кыймылын түзгөн.

Садыр Жапаров 2020-жылы премьер-министрдин милдетин аткарып турганда Жетим-Тоодо 50 миллиард тоннадай темир кени бар экенин, аны иштетүү ниетин билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12