KELECHEK
rek

"Дост-Курулуш" компаниясынын жетекчиилиги кардарларын жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат!

Бүгүн, 19-август күнү Жалал-Абад шаарындагы "Көк-АртИнфо" маалымат борборунда «Дост-Курулуш» компаниясынын башкы директору Түгөлбай Сейдалиев жана компаниянын юристи Бакыт Борошов массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн маалымат жыйын өткөрүштү.

- Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунун Молодежная көчөсүндө жайгашкан "Чыңгыз Айтматов" көп кабаттуу үйү боюнча Жалал-Абад шаардык прокуратурасы шаардык сотко 2019-жылдын 22-майында доо-арыз менен кайрылган. Ал эми шаардык сот колубузда турган тийиштүү документтерибизге карабай мыйзамсыз чечим чыгарган. Бул чечим  коомчулукта кызуу талкууга алына баштады. Мына ошондуктан, компаниянын негиздөөчүсү катары бул тууралуу пикиримди колубуздагы далилдерге таянып, элге кеңири маалымат берип коюуну чечтим.

"Чыңгыз Айтматов" атындагы көп кабаттуу үйү үчүн 2019-жылдын 22- март айында АПШ жана ИТШ алынып, 2019-жылдын 16-декабрында Мамлекеттик экспертизадан өтүп келип, курулуш иши башталган. Ал эми 2020-жылдын май айларында аяктап кардарларыбызга тапшырганбыз. Жарандык авиациянын макулдугун 2021-жылдын 4-ноябрында Президенттин Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкулу Абсаттар Токтогуловичтин жана шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун ишкерлерди колдоо багытында ишкерлер менен биргеликте жүргүзгөн иш-аракеттеринин негизинде  2 (эки) миң метр радиус кыскартылган.

Биздин биринчи курулушубуз “Дост-Үйүн” курганыбызда Жарандык авиациядан өтүү деген жок эле. Аьталган көп кабаттуу үйдү да ошондой эле көрүп, курулуш ишин баштаганыбыз чын. Бирок, документ маанилүү болгондуктан, аракет кылып, аны да алдык.

Туура, курулуш башталганда Жарандык авиациядан уруксат ала албай бир топ эле убара чеккенбиз, мындай абалга кептелген бир эле биздин компания эмес. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарындагы көптөгөн курулуш компаниялар Жарандык авиациянын “Аэропорттун учуп-конуу тилкесинен 2 миң метр аралыктагы радиуста 14 метрден бийик имараттарды курууга болбойт”, - деген талабынан жабыркап келишет. Себеби бул радиус менен эсептеше турган болсок, анда калаага таптакыр көп кабаттуу үй курууга мүмкүн эмес. Шаардын өнугүүсү боюнча сөз да болушу мүмкүн эмес.

Бул “радиус” кайдан чыкты?-дегендерге. Эсиңиздерде болсо, 2017-жылдын 16-январында Манас аэропортуна жакын жайгашкан Дача-Су участогуна самолет кулап, канчалаган мекендештерибизден айрылганбыз. Мына ошондон кийин ошол учурдагы Өкмөт Бишкек шаарын гана эске алып, калган аймактардын территориясын эске албай, ушундай чечимди кабыл алган. Мисалы жер аянты боюнча Бишкек менен Жалал-Абадды салыштырып болбойт. Аны баарыңыздар жакшы эле билесиздер. Ошондо биз курулушчулар эмне кылышыбыз керек?. Эми шаардык сот боюнча келсек, биринчиден Жогорку сот биздин келтирген өтүнүчтү гана канааттандырбай, шаардык соттун чечими боюнча караган жок. Бул дегени Жогорку сот акыркы чечимин чыгарды дегени эмес. Мына ошондуктан да, урматтуулар “Уй бузулат экен, Жогорку сот чечим кабыл алыптыр!”-деген сөздөрдү сүйлөөдөн алыс болсок!

Арам аралаштырбай, бешене тер, адал эмгек менен курулган үй буйруса бузулбайт!!!

Биз буйруса Жогорку сотко жакынкы күндөрдө даттануу жолдойбуз. Биздин колубузда Жарандык авиациянын уруксатынан баштап, башка тийиштүү документтердин баары бар.

Мен учурда “ишкерлердин укугу корголгон, мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабыз”- дегенге  чын дилден ишенгим келет. Биздин колубузда мыйзамдуулукту далилдеген бардык документтер болгон соң, буйруса баары жакшылык менен жыйынтыкталат, - дейт “Дост-Курулуш” компаниясынын башкы директору Түгөлбай Сейдалиев.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24