KELECHEK
rek

Москвадагы өрттөн каза тапкандардын арасында эки өзбек жараны болгон

Москвадагы өрттөн каза тапкандардын арасында эки өзбек жараны болгон

Москвадагы хостелде чыккан өрттөн каза тапкандардын арасында эки өзбек жараны болгон. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы миграция боюнча агенттиги билдирди.

"Москвада хостелдеги өрттөн эки өзбекстандык каза болгон. Алар 2003-жылы жана 1986-жылы төрөлгөн Өзбекстандын жарандары. Агенттик маркумдардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн бардык зарыл чараларды көрөт", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

"Интерфакс" агенттиги өз булактарына таянып, өлгөндөрдүн арасында Орусиянын, Беларустун, Өзбекстандын жана Азербайжандын жарандары болгонун жазды.

Москва шаардык прокуратурасы өрттөн каза болгон сегиз кишинин тек жайы аныкталганын кабарлады.

"Алар 19, 33, 35, экөө 60 жана дагы экөө 38 жаштагы эркектер болгон. Азыр дагы бир кишинин жаш курагы аныкталып жатат", – деп билдирди мекеме.

Буга чейин 29-июлга караган түнү Москва шаарынын Алматы көчөсүндөгү хостелде чыккан өрттөн 8 адам каза болгону, алардын баары эмгек мигранттары экени кабарланган. Маалыматка караганда, өрт саат 23:47де жатакананын биринчи кабатындагы бөлмөдөн чыгып, 150 чарчы метрдей аянтка жайылган. Өрт өчүрүүчүлөр онго жакын кишини куткарып, дагы эки жүздөй адам имараттан тышка чыгарылган.

Кырсык боюнча Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгогон. Мекеменин божомолу боюнча өрт электр зымдарындагы мүчүлүштүктөрдөн улам чыккан болушу мүмкүн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...