KELECHEK
rek

Казакстанда Улуттук гвардиянын эки кызматкери асынган абалда табылды

Казакстанда Улуттук гвардиянын эки кызматкери асынган абалда табылды

Казакстанда бир нече сааттын аралыгында Улуттук гвардиянын эки кызматкери асынып алган абалда табылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, алгач Акмоло облусунун Степногорск шаарындагы аскер бөлүгүндө 1995-жылы төрөлгөн жоокердин сөөгү табылган.

"29-июлда кечки саат тогуздарда автопаркта нөөмөтчүгө жардамчы болуп турган катардагы жоокер Уразбай Н.А. ажаатканага суранып кеткен. Бир нече убакыттан кийин ал автопарктын кампасында асынып турган абалда табылган", – деп жазылган Улуттук гвардиянын билдирүүсүндө.

Уразбай Улуттук гвардияда 2021-жылдын күз айларынан бери кызмат өтөп келген.

Бир нече сааттан кийин Маңгыстау облусунун Мунайлы районундагы Баскудук айылында Улуттук гвардиянын сержанты өз үйүндө асынып алган жеринен табылган.

"30-июлда таңкы саат 5.15терде аскер бөлүгүнө сержант Абылай Мергалиев асынып алганы тууралуу кабар келип түшкөн. Териштирүүнүн жүрүшүндө түнкү 3:30дарда жубайы күйөөсүн үйдүн ажаатканасында асынып турган абалда тапканы белгилүү болду", – деп билдиришти Улуттук гвардиядан.

Атайын комендатуранын күзөт башчысы, 1990-жылы төрөлгөн Абылай Мергалиев Улуттук гвардияда 2015-жылдан бери кызмат өтөп келген. Анын артында жубайы жана кызы калды.

Көп өтпөй Акмоло облусунун Щучинск шаарындагы Аскердик колледждин түнкү нөөмөттөгү кадети жаракат алганы кабарланды. Бул маалыматты өлкөнүн Коргоо министрлиги ырастап, тергөө иштери башталганын билдирди.

Акыркы айларда Казакстандын аскер бөлүктөрүндө бир нече жоокер каза болду. Апрелде милдеттүү аскердик милдетин өтөп жаткан 18 жаштагы Алибек Калбай Жамбыл облусундагы аскердик госпиталда көз жумган. Анда Коргоо министрлиги жоокер "эртең мененки тизилүү учурунда эс-учун жоготконун", ага жардам көрсөтүлгөнү менен өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбогонун билдирген.

Июнь айында Чек ара кызматынын Маңгыстау облусундагы аскер бөлүгүндө 19 жаштагы Едиль Тешебаев каза тапкан. Анда ал асынып алганы кабарланган. Бирок жоокердин жакындары ал өз өмүрүнө кол салганына ишенбей тургандыктарын айтышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...