KELECHEK
rek

Кыргызстан кышында 2,7 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттоону пландоодо

Кыргызстан кышында 2,7 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттоону пландоодо

Кыргызстан быйыл кышында 2,7 миллиард кВт/саат электр энергиясын импорттоону пландап жатат. Бул тууралуу 27-июлда энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычында 12 миллиард 802 куб метр суу топтолду.

"Күз-кыш мезгилине карата 13,5 миллиард куб метр суу топтойбуз деп ойлойм – бул өтө пессимисттик божомол. Импорттоло турган 2,7 милллиард кВт/саат электр энергиясын эске алып эсептесек кыштан чыгабыз. Жабдуулардын эскиргенине байланыштуу авариялык учурлар катталышы мүмкүн, бирок маал-маалы менен өчүрүү болбойт", – деди министр.

Кыргызстан жылына 15 миллиард кВт/саатка жакын электр энергиясын керектейт. Бул көрсөткүч ар жыл сайын 4-5% көбөйүп турат. Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө үчүн өлкө бийлиги 2021-жылы алмашуу жолу менен 2 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттогон.

Макулдашууга ылайык, 2021-жылдын март айынан ноябрына чейин Казакстан Кыргызстанга 900 млн кВт/саат, Өзбекстан 2021-жылдын мартынан 2022-жылдын апрелине чейин 750 миллион кВт/саат электр энергиясын бериши керек болчу. Кыргызстан жалпысынан коңшуларынан 1 миллиард 650 млн кВт/саат электр кубатын алууну макулдашып, аны 2023-жылга чейин жайкысын кайтарып берүү милдеттенмесин алган.

Мындан тышкары Кыргызстан Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан да электр энергиясын импорттогон. Жалпысынан бул өлкөдөн август айынан декабрга чейин 501 кВт/саат сатып алуу пландалган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38