KELECHEK
rek

Украин дан азыктарын деңиз аркылуу экспорттоо маселеси кийинки аптада чечилиши мүмкүн

Украин дан азыктарын деңиз аркылуу экспорттоо маселеси кийинки аптада чечилиши мүмкүн

Украин дан азыктарын деңиз аркылуу экспорттоо маселеси талкууланган Стамбулдагы жолугушуу

Стамбулда украин дан азыктарын деңиз аркылуу экспорттоо маселесин талкуулаган Түркиянын, Орусиянын жана Украинанын делегациялары, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрү "географиялык чек аралардын чегинде" ок атууну токтотуу режими жөнүндө макулдашууга жетишти.

Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, мындан тышкары тараптар каттамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн деңиз жээктерин жарым-жартылай минадан тазалоону макулдашты.

Басылма буудай Украинанын үч портунан жүктөлүп, украин кемелеринин коштоосунда чыгарыларын маалымдады. Мындан тышкары дан азыктарын алып кетүү үчүн украин портторуна келип жаткан кемелерди Түркия тарап текшерип өткөрмөй болду. Буга чейин Орусия ал кемелер Украинага батыш курал-жарактарын жеткирүү үчүн колдонулушу мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирген.

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар украин буудайын Кара деңиз аркылуу чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдө алгачкы маанилүү кадам жасалганын билдирди. Анын айтымында, бул боюнча макулдашууга келерки жумада Стамбулда өтө турган кийинки жолугушууда кол коюлушу мүмкүн.

Бирок "Би-Би-Си" өз булактарына таянып, бул боюнча акыркы чечим 19-июлда Орусия менен Түркия президенттеринин Тегерандагы жолугушуусуна чейин кабыл алынбай турганын билдирүүдө. Маалыматка караганда, Эрдоган дүйшөмбү күнү Путин менен телефондо сүйлөшүп, аны украин буудайын деңиз аркылуу чыгарып кетүүгө макул кылууга үмүттөнгөн, бирок орус президенти бул чечимди жеке жолугушууда кабыл алып, ал тууралуу өзү билдирүүнү каалап жатат.

Расмий Киев менен Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет деп баалап келген. Украин аскерлери 31-июнда Змеиный аралынан орус күчтөрүн сүрүп чыккандан кийин Киев кара деңиздеги кырдаалды көзөмөлдөп калды. Натыйжада Орусия Украинага кол салгандан бери чет элдик кемелер дан азыктарын жүктөп кетүү үчүн июлдун башында украин портторуна биринчи жолу келди.

Украина мындан сырткары Орусияны украин дандарын уурдоого жана сатууга айыптап келет. Бул маселеде эки тарапка Түркия ортомчу түшүп жатат.

Украина дан азыктарын экспорттоодо дүйнөдө төртүнчү орунда турат. 2021-жылы бул өлкө дээрлик 45 миллион тонна дан жана буурчак азыктарын башкаларга саткан.

Учурда Украинада 22 миллион тоннадай дан азыктары Орусия Кара деңизди бөгөп турганы үчүн сыртка чыгарылбай турат. БУУнун өкүлү Маурицио Мартина мурдараак Орусиянын Украинага кол салуусунан улам ачарчылыкка тушуккандардын саны мурдагыдан 18 миллионго көбөйүп, 218 миллионго жетерин эскерткен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52