KELECHEK
rek

Казакстанда бир суткада 1104 кишиден коронавирус аныкталды

Казакстанда бир суткада 1104 кишиден коронавирус аныкталды

Казакстанда акыркы бир сутканын ичинде коронавирус жуктурган 1104 жаңы учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19га кабылгандардын жалпы саны 1,3 миллионго жетти.

Жаңы учурлардын эң көбү Алматы (350), Нур-Султан (328) жана Чымкент (102) шаарларында катталды. Калган аймактарда коронавирус жуктургандардын саны 100дөн ашпайт.

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын 14-июлдагы маалыматына ылайык, учурда 503 бейтап стационардык, 3 974 киши амбулатордук даарылануудан өтүүдө. Алардын ичинен 14 бейтаптын абалы оор экени айтылууда.

Бүгүнкү күндө коронавирустун жайылуу темпи боюнча Алматы шаары "сары", калган шаарлар менен аймактар "жашыл" зонада жайгашкан.

Алматы бийлиги коронавирус жуктургандардын көбөйгөнүнө байланыштуу олуттуу чектөөлөрдү киргизбестен, жарандарга адамдар көп топтолгон жерлерде жана коомдук транспорттордо беткап тагынып жүрүүнү сунуштады. Чектөөлөрдү киргизүүгө бизнес-коомчулук да каршы болууда. Алар ишкерлер "эми гана пандемияга чейинки деңгээлге кайтып келгенин", чектөөлөр кирсе ишканалардын көбү жабылып каларын билдирүүдө.

13-июлга карата Казакстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи компонентин 9,5 миллион, экинчисин 9,3 млн. киши алды. Маалыматка караганда, азыр ооруп жаткан бейтаптардын 80% эмдөөдөн өткөн эмес же жарым жылдан кийин ревакцинация алган эмес.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38