KELECHEK
rek

Жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмашат

Жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмашат

Жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмашат.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 13-июлда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, президенттин 12-июлдагы жарлыгына ылайык, мектеп директорлору беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Ал эми беш жылдан ашык иштеген жетекчилер кызматынан бошотулат.

"Бирок алар дагы кайрадан жетекчилик кызматка сынакка катыша алышат. Биз эртең эле Таласта алгачкы сыноону жүргүзүүнү чечтик, ал жакта эки мектептин жетекчи орундары бош. Август айында башка мектептердин жетекчилери да алмаштырылат. Тестирлөө сынактары облустардын борборлорунда жүрөт".

Жусупбекованын айтуусунда мектеп директорлоруна сынактын жадыбалы даяр.

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 12-июлда кол койду.

Жарлык билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кесипкөй адистерди тартуу, билим берүү чөйрөсүндөгү башкарууну жакшыртууга багытталганы кабарланып, сынактын шарттары президенттин сайтында толук жазылган.

Коомчулукта ири шаарлардагы мектеп жетекчилери көп жылдан бери отуруп, акча чогултуу жана башка иштерге аралашат деген сындар көп айтылат. Кыргызстанда 2162 мектеп бар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30