KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин долбоору 671 млн. сом өлчөмүндө жактырылды

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин долбоору 671 млн. сом өлчөмүндө жактырылды

Кечээ, 12-июль күнү Жалал-Абад шаардык кеңештин көзектеги XIX сессиясында  шаардын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга киреше бөлүгүнүн долбоору 671 138,8 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 126 014,6 миң сом өлчөмүндө жактырылды.

Аталган сессияга шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардын мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийликтин  тиешелүү тармактарынын жетекчилери катышышты.

Сессиянын күн тартибине 12 маселе коюлду. Алгач каралуучу маселеде: “2023-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша боюнча долбоору жана 2024-2025-жылдарга божомолун жактыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад финансы башкармалыгынын башчысы Нурбек Хайткулов кеңири баяндама жасады.  

- 2023-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша боюнча долбоору жана 2024-2025-жылдарга божомолу Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин 95-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин жеткизилген календарлык планынын негизинде шаарыбыздын финансы-экономикалык ресурстарынын мүмкүнчлуктөрүнө жараша түзүлүп, шаарыбыздын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган. Долбоордун киреше бөлүгү негизинен өткөн жылдардын көрсөткүчтөрүнө таянып өсүү темпи менен Салык органдары тарабынан, муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгы, керек - жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти тарабынан эсептелген киреше булактарынын негизинде, ал эми чыгаша бөлүгү жергиликтүү бюджеттен каржыланган бюджеттик мекемелер берген эсептердин негизинде түзүлүп, Сиздерге сунуштап жатабыз.

Кирешелер

Мыйзамдарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин кирешелери төмөнкүлөрдөн турат:

Жергиликтүү салыктар жана жыйымдар; Салык эмес төлөмдөр бюджеттик мекемелерден кызмат көрсөтүүдөн түшкөн атайын каражаттар.

Жүргүзүлгөн эсептөөлөргө жараша, 2023-жылы салыктык жана салыктык эмес каражаттардын жалпы өлчөмү шаар боюнча 671 138,8 миң сомду түзүшү күтүлүүдө, 2022-жылга бекитилген планга салыштырмалуу (564 407,1 миң сом) 106 731,7 миң сомго көп пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынан 2023-2024-жылдарга жалпы мамлекеттик кирешелердин чегерүүлөрдүн ченеминин болжолуна ылайык жергиликтүү бюджетке келүүчү пайыздарынын бөлүнүшү төмөндөгүдөй:

Салык органдары тарабынан алынуучу киреше салыгы - 100 %;

Патенттин негизинде салык - 100 %;

Роялти салыктан - 50 % .

Жогорудагы салыктардын шаардык бюджетке түшө турган суммасы 409 810,0 миң сомду түзөт, ал эми жергиликтүү салыктар 58 750,0 миң сомду, муниципалдык менчикти башкаруу комитети, керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти аркылуу чогултулган жыйымдар жана төлөмдөр 76 564,2 миң сом болуп жалпы бюджеттик каражаттар 545 124,2 миң сомду түзүүдө, бюджеттик мекемелердин кызмат көрсөтүүдөн түшүүчү атайын төлөмдөр 126 014,6 миң сомду түздү.

Чыгашалар

Бюджеттин чыгашаларын аныктоодо экономикалык абалы, инфиляция процесси жана мурдагы жылдарда болгон чыгымдарды эске алуу менен эсептөөлөр жүргүзүлгөн. 2023-жылга болгон бюджеттин долбоорунун чыгаша бөлүгү (атайын төлөмдөрсүз) 545 124,2 миң сом көлөмүндө аныкталды.

Негизинен 2023-жылга түзүлгөн Жалал-Абад шаарынын бюджети курулуш тармагына көбүрөөк багытталган деп айтууга болот.

Жалпысынан 2022-жылга түзүлгөн долбоор КР Бюджеттик кодексинин 95-беренесине ылайык, Республикалык бюджет бекиткенден кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, такталган көлөмдөрдүн жана жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдерине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу орагандары тарабынан жергиликтүү бюджеттердин такталган долбоору жергиликтүү кеңештердин кароосуна сунуштайт, - деди Н.Хайткулов.

Баяндамчы Н.Хайткулов депутаттар тарбынан берилген суроолорго тиешелүү жоопторду берди.

Жыйынтыгында, “Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин” 79 жана 95-беренелерин негиз кылып,  Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 15.06.2022-жылдагы чыг.№ 01-23/73-каты шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Депутаттардын Жалал- Абад шаардык кенешинин көзектеги XIX сессиясында: Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга киреше бөлүгүнүн долбоору 671 138,8 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 126 014,6 миң сом өлчөмүндө жана 2024-2025 жылдарга божомолу жактырылды.

Анархан ЖАҢЫБАЕВА, KOGART.KG

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38