KELECHEK
rek

Кыргызстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун алдын ала маршуртун белгиледи

Кыргызстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун алдын ала маршуртун белгиледи

Бүгүн, 28-июнда Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев темир жолдун курулушу боюнча маалымат берди.

Ал Торугарт – Макмал – Жалал-Абад каттамы боюнча жайгаша турган жолдун курулушунун алдын ала маршрутун белгилеп, долбоордун тиешелүү техникалык-экономикалык негиздемеси ушул жылдын соңунда даяр болорун билдирген.

Өткөн айда Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун 2022-жылдын күзүндө баштоо пландалып жатканын билдирген. Ал муну "Кыргызстандын тарыхындагы эң чоң долбоор" деп атап, аны колдоого чакырган.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында айтылып, бирок андан бери ал ишке ашпай келет.

2017-жылы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолун куруу боюнча үч тараптуу жумушчу топ түзүлүп, долбоорду ишке ашыруунун үч түрдүү варианты каралып жатканы маалымдалган. Орусия бул долбоор боюнча позициясын расмий эч жерде жарыялаган эмес.

Май айынын соңунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо жөнүндө Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен сүйлөшкөнүн “Кабар” маалымат агентигине курган маегинде айткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38