KELECHEK
rek

Украина Орусияга каршы Адам укуктары боюнча Европа сотуна доо арыз менен кайрылды

Украина Орусияга каршы Адам укуктары боюнча Европа сотуна доо арыз менен кайрылды

Адам укуктары боюнча Европа сотунун Страсбург шаарындагы имараты

Украина Орусияны эл аралык укукту бузуу менен жарандык адамдарга максаттуу түрдө кол салууга айыптап, Адам укуктары боюнча Европа сотуна доо арыз менен кайрылды.

Маалыматка караганда, арыз 23-июнда кабыл алынып, 28-июнь күнү кечинде аны Адам укуктары боюнча Европа сотунун төрагасы Роберт Спано судьяларга берип, бул тууралуу Орусияга кабарлаган.

Доо арызда Украинанын аймагындагы согуштук аракеттердин жүрүшүндө Орусия жапырт түрдө адам укуктарын одоно бузуп жатканы жазылган. Киев орус аскерлерин жана Орусиянын көзөмөлүндөгү башка куралдуу түзүмдөрдү Адам укуктары боюнча Европа конвенциясы тарабынан ырасталган бир катар укук бузууларга айыптоодо. Алардын арасында адамдардын жашоого, эркиндикке, коопсуздукка, билим алууга жана эркин жүрүүгө болгон укуктары бар.

Доо арызда Украинадагы согушта миңдеген жарандык адам өлүп, жарадар болуп, кармалып, дайынсыз жоголуп, жүз миңдеген объект талкаланып, миллиондогон киши өз үйүн таштап кеткени белгиленген.

16-мартта Украинага кол салганы үчүн Орусия Европа Кеңешинен чыгарылган. 16-сентябрдан кийин Орусия Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын катышуучусу макамынан ажырайт.

11-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин Адам укуктары боюнча Европа сотунун 2022-жылдын 15-мартынан кийинки чечимдерин аткарбоо тууралуу мыйзамга кол койгон.

"Агора" эл аралык укук коргоо тобунун өкүлү Кирилл Коротеев бул мыйзам Адам укуктары жана негизги эркиндиктери тууралуу Европа конвенциясын буза турганын белгиледи. Документке ылайык, Орусия өзүнө тиешелүү болгон Адам укуктары боюнча Европа сотунун бардык чечимдерин аткарууга милдеттүү.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52