KELECHEK
rek

Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү

Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү

Жашы жете электердин укуктарын коргоонун ыкмаларынын бири болуп,  алимент төлөө жөнүндө макулдашууну нотариус тарабынан күбөлөндүрүү нотариалдык иш-аракетти белгилесек болот. 

Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү.

Эгерде, ата-эне чогуу жашабаган учурда, ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууда, багуу тууралу макулдашуу түзүү же алимент төлөө тууралу макулдашуу түзүү аркылуу укуктарын пайдалануу жолдору аркылуу иш жүзүнө ашырууга укуктуу.

Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу жазуу жүзүндө түзүлөт жана нотариалдык жактан ырасталууга тийиш. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн алимент төлөө жөнүндө макулдашуу аткаруу баракчасынын күчүнө ээ болот.

Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу (алименттин өлчөмү, төлөө шарттары жана тартиби) алимент төлөөгө милдеттүү болгон жана аны алуучу адамдардын, ал эми алимент төлөөгө милдеттүү болгон жана (же) алимент алуучу адам аракетке жөндөмсүз болгондо ал адамдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлөт. Толук эмес аракетке жөндөмдүү адамдар алимент төлөө жөнүндө макулдашууну анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен түзөт. 

 

Алименттердин өлчөмү, ата-энелер тарабынан аныкташып, алимент төлөө жөнүндө макулдашууда көрсөтүлөт. Жашы жетпеген балдарга алимент төлөө жөнүндө макулдашуу боюнча белгиленген алименттердин өлчөмү, сот тартибинде өндүртүп ала турган  алименттердин өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш.

Макулдашууда, алимент төлөөнүн жолун жана тартибин түзүлгөн макулдашуу менен аныктаса болот. Алимент төлөө жөнүндө макулдашууда, алимент төлөөнүн ар кандай ыкмаларын айкалыштыруу жагы дагы каралышы мүмкүн. Эгерде, тараптар алимент төлөө макулдашууга келише албаса, анда соттук тартипте алименттин өндүрүлүүсү аныкталат.

Мындай алимент төлөө жөнүндө макулдашуу нотариалдык күбөлөндүрүү жашы жете элек баланын укуктарын коргоону камсыздайт. 

Демек, нотариалдык иш-аракет жүргүзүүдө, нотариус жашы жете элек балдардын укуктарын коргоодо квалификациялык юридикалык жардам көрсөтөт жана алардын укуктарынын корголушун камсыздайт.

А.А.Аманбаев, Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын башкы адиси.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....

УКУК 2016-05-04  16:03

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...

УКУК 2016-05-04  16:16

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстанда сот  бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...

УКУК 2016-05-04  16:20