KELECHEK
rek

Оппозициялык кыймыл Болот Темировго күч органдары кысым көрсөтүп жатканын билдирди

Оппозициялык кыймыл Болот Темировго күч органдары кысым көрсөтүп жатканын билдирди

Болот Темиров

Оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймыл" иликтөөчү журналист Болот Темиров жана Темиров LIVE YouTube каналынын кызматкерлерине укук коргоо органдары кысымын күчөтүп жатканы тууралуу билдирүү таратты.

Оппозициялык кыймыл Болот Темиров негизинен Улуттук коопсуздук комитетинин кысымына кабылганын билдирген.

Ютубдагы Temirov Live каналы январь айында милициянын иликтөөчү журналист Болот Темировду маңзатка байланыштуу кармоо операциясы тууралуу видеосун жарыялады. Анда Темиров анын чөнтөгүнөн табылган баңгизатты "күч кызматкерлери өздөрү салып койгонун" айтып, милициянын өздүгү такталганын билдирди. Temirov Live каналы ал - милициянын атайын бөлүктөгү кызматкери Данияр Байгазиев болгон деп эсептешет.

Ички иштер министрлиги Temirov Live каналынын видеосу боюнча жооп бере элек.

Буга чейин Ютубдагы Temirov Live каналы Болот Темировду маңзатка байланыштуу кармоо операциясы тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда атайын операциянын калпыстыктары, журналисттин чөнтөгүнө маңзат салынды делген учур көрсөтүлгөн жана Темировду кармоо операциясын милициянын тергөөчүлөрү эмес, беткап кийген бейтааныш эки адам башкарганы айтылган.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-майда иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон иштери тууралуу соттук угуу болуп, кийинки жараян 25-майга белгиленген. Анын алдында милициянын чечими менен журналисттин кыргыз паспорту жараксыз деп табылган.

Быйыл январь айында Бишкек шаардык милициясы Темировго карата Жазык кодексинин “Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Мунун алдында Болот Темировдун Temirov LIVE деп аталган YouTube каналы “Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөө жарыялаган.

20-апрелде Болот Темировго карата Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Журналистке баш-аягы төрт иш ачылып, бир өндүрүшкө бириктирилген. Болот Темиров муну кесиптик ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөп келет. Күч органдары болсо мындай дооматтарды четке кагышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканын четке каккан. Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53