KELECHEK
rek

Пентагон: Орус армиясы Украинада бери дегенде 1000 танкын жана 36 учагын жоготту

Пентагон: Орус армиясы Украинада бери дегенде 1000 танкын жана 36 учагын жоготту

Украинанын Донецк облусундагы талкаланган орус танкы

Орусиянын армиясы Украинада чоң жоготууларга учураганына карабастан, "акырындык менен ийгиликтерге жетишип жатат". Бул тууралуу 26-майда АКШнын Коргоо министрлигинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген жогорку кызматтагы өкүлү билдирди.

Анын айтымында, азырынча Украина ийгиликтүү түрдө "катуу каршылык көрсөтүп" жатканы менен Орусия украин аскерлерине жана Донбасстагы шаарлар менен түрдүү объектилерге соккуларын улантууда. Ошол эле маалда азырынча андагы абалды "пат" абалына жакын деп айтууга болбойт.

Пентагондун аткаминери украин армиясы "Харьковдун айланасында акырындык менен ийгиликтерге жетишип", жыйынтыгында Орусия акыркы 90 күндөн бери өз көзөмөлүндө калтырууга аракет кылып келген бир катар аймактар бошотулганын белгиледи.

"АКШнын Коргоо министрлигинде согуш башталгандан бери орус армиясы бери дегенде эле 1000 танкын, 36 учагын жана 50дөн ашык тик учагын жоготкону тууралуу маалыматтар бар. Бирок ошентсе да техника жана адамдардын саны боюнча Украинадан кыйла артыкчылыктарга ээ. Азыр Украинада Орусиянын 110 батальонндук-тактикалык тобу бар. Алар Славянск жана Краматорск тарапты көздөй кыйла алдыга жыла алышты," – деди Пентагондун аткаминери.

Ал жакында Орусиянын Коргоо министрлиги армияга 50 жаштан ашкан эркектерди да кабыл алууга уруксат берген чечим кабыл алганын да эске салды. Буга чейин бул курактык чек 40 жашты түзгөн. "Москва фронттогу аскердик күчтөрүн толуктоонун түрдүү жолдорун табууга аракет кылып жатканына байкоо салып турабыз" – деди ал.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52